Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 01-5/08
Шаар аймагында жайгашкан Аймактык оорукананын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөө абалдарын текшерүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы, шаардык Кеңештин иш-мерчеминин негизиде, шаар аймагында жайгашкан Аймактык оорукананын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөө абалдарын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин иш-мерчемине ылайык, Аймактык оорукананын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөө абалдарын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарында жайгашкан Аймактык оорукананын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштөө абалдары талаптарга жооп бергендигине байланыштуу, “канааттандырарлык” деп табылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |