Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 01-5/09
Шаар аймагында жайгашкан балдар бакчаларынын менчигинин түрүнө карабастан иштөө абалдарын текшерүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы, шаардык Кеңештин иш-мерчеминин негизинде, шаар аймагында жайгашкан балдар бакчаларынын менчигинин түрүнө карабастан иштөө абалдарын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин иш-мерчемине ылайык, шаар аймагында жайгашкан балдар бакчаларынын менчигинин түрүнө карабастан иштөө абалдарын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. №45 «Наристем» жана «Сыргак» жеке менчик балдар бакчаларынын иштөө абалдары талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу, “канааттандырарлык эмес” деп табылып, жетекчилерине эскертүү берилсин.
3. №15 «Жомок» жана «Уркуя», «Мээрим», «Кайниса» жеке менчик балдар бакчаларынын иштөө абалдары талаптарга жооп бергендигине байланыштуу, “канааттандырарлык” деп табылсын.
4. «Наристе балам» жеке менчик балдар бакчасы талаптарга толугу менен жооп бергендигине байланыштуу, “мыкты” деп табылсын.
5. Иштөө абалдары талаптарга жооп бербеген балдар бакчаларынын кемчиликтерин жоюу максатында, “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча”, “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиялары менен шаар мэриясынын Социалдык бөлүмү биргеликте убактылуу комиссиясын түзүп, токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |