Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 01-5/10
Кочкор-Ата шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштөө абалын текшерүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы, шаардык Кеңештин иш-мерчеминин негизиде, шаар аймагында жайгашкан жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштөө абалын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин иш-мерчемине ылайык, шаар аймагында жайгашкан жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштөө абалын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштөө абалы “канааттандырарлык” деп табылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |