Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 01-5/11
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/504 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Г.Осмонованын баяндамасын угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/504 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Г.Осмонованын баяндамасы эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсүндө курулуп жаткан Ноокен райондук улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин административдик имаратына кошумча имараттарды курууга “АрхстройМир” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жасалган 5 060 285 (беш миллион алтымыш миң эки жүз сексен беш) сомдук долбоору приоритеттүү деп табылып, Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |