Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-августу № 01-5/26
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 18-августундагы №01-36/879 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Жалал-Абад облусу-Эгемендүүлүктүн арымы менен” аттуу чыгарылып жаткан китепке шаарыбыздын тарыхын, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин эмгек жамаатынын өмүр таржымалын чагылдырып, жогоруда аталган китепти чыгарууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 12-августундагы №01-36/879 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2021-жылдын 22-февралындагы №С-169 жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги №84-б буйруктары эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
4. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Жалал-Абад облусу-Эгемендүүлүктүн арымы менен” аттуу чыгарылып жаткан китебине шаарыбыздын тарыхын, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин эмгек жамаатынын өмүр таржымалын чагылдырып, жогоруда аталган китепти чыгарууга 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |