Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-августу № 01-5/27
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 03-августундагы №01-5/20 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 17-августундагы №01-36/867 сандуу кайрылуусу боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 17-августундагы №01-36/867 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 03-августундагы №01-5/20 сандуу токтомунун 3-пунктундагы “жалпы суммасы 693 158 (алты жүз токсон үч миң бир жүз элүү сегиз)” деген сөздөрдүн ордуна “айлык маянасына 419 996 (төрт жүз он тогуз миң тогуз жүз токсон алты) сом, кошумча компенсацияларына 173600 (бир жүз жетимиш үч миң алты жүз) сом, сыйлоо маяналарына 165 672 (бир жүз алтымыш беш миң алты жүз жетимиш эки) сом, социалдык фондко 121 225 (бир жүз жыйырма бир миң эки жүз жыйырма беш) сом, жалпы суммасы 880 493 (сегиз жүз сексен миң төрт жүз токсон үч) сом” деп өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |