Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-августу № 01-5/28
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 20-августундагы №01-36/890 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы, 2021-жылдын 28-августунда “Кыргызнефтегаз” ААКнун стадионунда өткөрүлүүчү “МИСТЕLAND” эл аралык фестивалын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 20-августундагы №01-36/890 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. 2021-жылдын 28-августунда “Кыргызнефтегаз” ААКнун стадионунда өткөрүлүүчү “МИСТЕLAND” эл аралык фестивалын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |