Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-октябры № 01-5/42
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин (ММБД) башчысынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №05-11/90 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин (ММБД) башчысынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №05-11/90 сандуу кайрылуусунун негизинде, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2010-жылдын 14-августундагы №5 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, күчүндө калтыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ММБДнын башчысынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №05-11/90 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2010-жылдын 14-августундагы №5 сандуу токтому күчүндө калып, 1-2 пункттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) Тоскол-Ата токой чарбасынын токой фондунун жайыт жеринен 180,0 гектар жер аянтын калктуу конуштар жеринин категориясына которулсун (трансформациялансын);
2) Тоскол-Ата токой чарбасынын токой фондунун жайыт жеринен 180,0 гектар жер аянтын калктуу конуштар жеринин категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |