Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-октябры № 01-5/43
Кочкор-Ата шаарынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин (ММБД) башчысынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №05-11/90 сандуу кайрылуусунун негизинде, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2015-жылындагы Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасын угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ММБДнын башчысынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №05-11/90 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2015-жылындагы Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасы бекитилсин.
3. Жогоруда бекитилген программанын аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |