Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/29
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №01-36/972 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №01-36/972 сандуу кайрылуусунда, Кочкор-Ата шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын Кз 1.2 зоналдык коэффицентин бекитип берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 339-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №01-36/972 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кочкор-Ата шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, жер салыгын Кз 1.2 зоналдык коэффициенти бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана салык бөлүмүнүн башчысы Д.Т.Биймурзаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |