Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/30
Кочкор-Ата шаардык китепканасынын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Кочкор-Ата шаардык китепканасынын башчысы менен китепканачыга айлык маяналарына кошумча төлөнүүчү акча каражат бөлүп берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 08-апрелиндеги № 135 токтомун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык китепканасынын башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык китепканасынын башчысына жана китепканачыга айлык маяналарына кошумча жалпы эсеп менен 50508 (элүү миң беш жүз сегиз)сом соцфондко төлөнүчү 8712 (сегиз миӊ жети жзү он эки)сом жалпы 59220 (элү тогуз миӊ эки жүз жыйырма) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |