Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/31
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 08-сентябрындагы №01-36/949 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 08-сентябрындагы №01-36/949 сандуу кайрылуусунда, №45-“Наристем” ясли муниципалдык балдар бакчасынын директору Э.Ш.Тердикбаеваны 2021-жылдын 22-26 сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарында болуп өтүүчү “Заманбап мектепке чейинки билим берүү мейкиндигиндеги билим берүү технологиясы” аттуу XXI-Эл аралык тажрыйба алмашууга барып катышып келүүсү үчүн, сапар чыгымына акча каражат бөлүп берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 08-сентябрындагы №01-36/949 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин “Бюджет, каржы-экономиака, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. №45-“Наристем” ясли муниципалдык балдар бакчасынын директору Э.Ш.Тердикбаева 2021-жылдын 22-26-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарына барып келүүсү үчүн, сапар чыгымына факт жүзүндө чыгымдалган акча каражат бөлүнүп берилсин.
4. №45-“Наристем” ясли муниципалдык балдар бакчасынын директору Э.Ш.Тердикбаевага тажрыйба алмашуунун мейкиндигинде, Россия Федерациясынын Москва шаарындагы тийиштүү адистер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кочкор-Ата шаарындагы жаштарга “тарбиячы” кесиптиги боюнча билим алуу үчүн көмөк көрсөтүү жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |