КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 444 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын статусу жөнүндө "Бишкек шаарын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун администрациялыкборбору катары аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 3-августундагы № 146
Мыйзамына ылайык облустун администрациялык борборунТокмок шаарынан Бишкек шаарына которууга байланыштуу Кыргыз Республика-сынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургундарынын көп сандаган кайры-лууларын эске алып, ошондой эле Чүй облусунун курамында өзалдынча өнүгүү жылдарында жетишкен Токмок шаарынын социалдык экономикалык көрсөткүчтө-рүнүн андан аркы динамизмин колдоо максатында жана Кыргыз Республика-сынын
Конституциясынын 42-статьясынын жетекчиликке алып, токтом кылам: 1. Мыйзамдуу түрдө жөнгө салынганга чейин Токмок шаарына облустукмаанидеги шаардын статусу сакталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токмок шаарына облустук маанидегишаардын статусун сактоону караган мыйзам долбоорун бир айлык мөөнөттөиштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешине киргизсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамле-кеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев