Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/32
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы №01-36/1002 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы №01-36/1002 сандуу кайрылуусунда, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн шаар аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) мүчөлөрүн резервге киргизип бекитип берүү боюнча шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Динара Адылбек кызынын баяндамасын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы №01-36/1002 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн шаар аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) мүчөлөрү резервге киргизилип, тизмеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Динара Адылбек кызына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |