Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/34
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Садовая көчөсүнүн №2 үйүнүн тургуну Исмаилова Бактыгүлдүн Пролетарская көчөсүндөгү №1а-б турак жайынын профилин балдар бакчасы багытына өзгөртүү боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Садовая көчөсүнүн №2 үйүнүн тургуну Исмаилова Бактыгүлдүн арызы канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын Садовая көчөсүнүн №2 үйүнүн тургуну Исмаилова Бактыгүлдүн Пролетарская көчөсүндөгү №1а-б турак жайынын профилин балдар бакчасы багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4. Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |