Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/35
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Момбеков айыл өкмөтүнүн тургуну Долоталиева Замиранын Садовая көчөсүндө сатып алынган 0,03 га жер тилкесинин профилин коммерциялык багытка өзгөртүү боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Момбеков айыл өкмөтүнүн тургуну Долоталиева Замиранын арызы канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Момбеков айыл өкмөтүнүн тургуну Долоталиева Замиранын Садовая көчөсүндө жайгашкан 0,03 га жер тилкесинин профилин коммерциялык багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4.Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |