Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/36
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну Капаров Анарбайдын Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Ширин” кафесинин 1213,3 м2 жер тилкесинин профилин турак жайга өзгөртүү боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну Капаров Анарбайдын арызы канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну Капаров Анарбайдын Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Ширин” кафесинин 1213,3 м2 жер тилкесинин профилин турак жайга өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4. Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |