Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/37
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Тургенев көчөсүнүн №46-18 үйүнүн тургуну Базаркулова Акберметтин Токтогул көчөсүндө жайгашкан офис катары алынган 800 м2 жер тилкесинин профилин коммерциялык багытка өзгөртүү боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Тургенев көчөсүнүн №46-18 үйүнүн тургуну Базаркулова Акберметтин арызы канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын Тургенев көчөсүнүн №46-18 үйүнүн тургуну Базаркулова Акберметтин Токтогул көчөсүндө жайгашкан офис катары алынган 800 м2 жер тилкесинин профилин коммерциялык багытка спирттик ичимдиктерин сатпоо шарты менен өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4. Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |