Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/38
Муниципалдык балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын ата-энелеринен түшкөн төлөмдөрүнүн суммасын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 23-сентябрындагы №01-36/1032 сандуу кайрылуусунда №15-“Жомок”, №45-“Наристем” ясли жана №47-“Ландыш” муниципалдык балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын ата-энелеринен түшкөн төлөмдөрүнүн суммасын бекитүү боюнча шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 23-сентябрындагы №01-36/1032 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. №15-“Жомок”, №45-“Наристем” ясли жана №47-“Ландыш” муниципалдык балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринен түшкөн төлөмдөрүнүн суммасы бир айга 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленип, бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен ажыратылган жана ата-энелерден түшүүчү төлөмдөн тышкары башка фонддорду ачууга тыюу салынсын.
4. Ушул токтомдун үчүнчү пунктун аткарбаган балдар бакчаларынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чара колдонулушу белгиленсин.
5. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын №01-5/158 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана муниципалдык балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |