Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-сентябры № 01-5/39
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 22-сентябрындагы №01-36/1025 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 22-сентябрындагы №01-36/1025 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 22-сентябрындагы №01-36/1025 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын жогорку тарабында жайгашкан жашоочулардын турак жайынын документтери жок болгондуктан жана чарба китептери электрондук “Санарип аймак” автоматташтырылган тутумуна улангандыгына байланыштуу, жеринде кожолуктарды тактап чыгуу үчүн убактылуу комиссия түзүлсүн.
3. Убактылуу комиссия курамына Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарынан:
-Мадылова Ханикей;
-Ажибаева Калыскан;
-Муталипов Нурбек;
-Сатыбалдиев Кудайберди;
-Таштемиров Адылбек;
-Кутбидинов Уларбек;
-Маматкулов Санжарбек;
-Каныбеков Канатбек;
-жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, шаардын Эл башы жана мэриясынын тиешелүү адистери камтылсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Динара Адылбек кызына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |