Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-октябры № 01-5/40
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 04-октябрындагы №01-36/1111сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы, Кочкор-Ата шаарындагы Н.Исанов атындагы жатак гимназиясынын спортзалы пайдаланууга жараксыз абалга келип, ӨКМдин корутундусуна негиз, жаңы спортзалдын долбоорун приоритеттүү деп табып, Областтык региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 04-октябрындагы №01-36/1111 сандуу кайрылуусун, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ”Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 04-октябрындагы №01-36/1111 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын Н.Исанов атындагы жатак гимназиясынын спортзалын куруу боюнча жалпы сметалык баасы 23 022 251 (жыйырма үч миллион жыйырма эки миң эки жүз элүү бир) сомдук долбоору приоритеттүү деп табылып, Областтык региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
4. Кочкор-Ата шаарынын Н.Исанов атындагы жатак гимназиясынын спортзалын куруу долбоорунун сметалык баасынын 30%ын, тактап айтканда 6 906 675 (алты миллион тогуз жүз алты миң алты жүз жетимиш беш) сом өздүк салым катары кошууга уруксат берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |