Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 92 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июну № 42
Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү маселелерин жөнгө салууну жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынае ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте, үч айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешине жогоруда бекитилген жобо боюнча сунуш киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу, курулуш жана архитектура маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | Ж. А. Абдраимов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июну № 42 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө
жобо
1-глава.
Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Бишкек шаарынын аймагында жер укук мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык иштелип чыкты.
2. Берилүүчү объект болуп Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жана жеке менчикке берүүгө мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет.
3. Ушул Жобонун талаптары Бишкек шаарынын аймагында жеке турак жай курулушуна катышуучу шаар куруу-архитектуралык иш-аракеттердин бардык субъекттерине жайылтылат жана Бишкек шаарынын аймагында бош жер болгон учурда жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун акысыз негизде менчикке берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын белгилейт.
4. Ушул Жободо төмөндөгү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
шаар куруу регламенти - шаар куруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда шаар куруу документтери, курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштагы пайдаланууга уруксат берилген жер участокторунун жана башка кыймылсыз объекттердин параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;
шаар куруу документи – Бишкек шаарынын башкы планы, деталдуу пландоо долбоорлору, чек салуулар, кварталдардын, кичи райондордун, шаар куруу түйүндөрүнүн жана калктуу конуштардагы пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин курулуштары;
сары сызыктар - кыйратуучу жер титирөөлөрдүн, башка жаратылыш же технотектүү кырсыктардын жыйынтыгында имараттардын (курулмалардын, курулуштардын) урандыларынын (кыйроолорунун) таралыш мүмкүндүгүнүн максималдуу жол берилген чөлкөмдөрүнүн чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттардын жана курулмалардын ортосундагы ажырыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
кызыл сызыктар - бул көчөлөрдүн жана жолдордун туурасын аныктаган, көчөлөрдү жана жолдорду пландаштырылган түзүмдүн башка элементтеринен бөлүп турган чектер болуп саналган сызыктар;
курулуш жана жер пайдалануу эрежелери - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз объекттерди пайдаланууну жана курулуштук өзгөртүүлөрүн жөнгө салуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары;
жер участокко менчик укук - жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзам актылары тарабынан таанылган жана корголгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
жер участокту уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелери тарабынан белгиленген шаар куруу регламентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле сервитут тарабынан белгиленген чектөөлөргө ылайык жер участокторун пайдалануу;
Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы - жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү жөнүндө чечимдерди киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген тийиштүү администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрациялар;
комиссиянын катчылыгы - Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү иштерин уюштуруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу Бишкек шаарынын мэиясынын түзүмдүк бөлүмү.
2-глава.
Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия
5. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна менчик укуктарды берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары – комисся) түзүлөт.
6. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен бекитилет. Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, инженердик-техникалык кызматтардын, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Жер-укуктук мамилелер маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Бишкек шаарынын тийиштүү администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы комиссиянын төрагасынын орун басары болуп саналат.
7. Комиссиянын иш-аракеттерин уюштуруучулук камсыздоо туруктуу негизде катчылык жүзөгө ашырат, ал протоколду түзүүнүн тууралыгы жана комиссиянын кабыл алынган чечимдерине протоколдун шайкеш келиши үчүн жоопкерчилик тартат.
8. Комиссия төмөндөгү функцияларды жүзөгө ашырат:
жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна менчик укуктарды берүү маселелерин карайт;
жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна менчик укуктарды берүү менен байланышкан талаш-тартыш маселелерди карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда бирдей маанидеги башка жер участогун берүү маселелерин карайт.
9. Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
Бишкек шаары боюнча жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторуна укуктарды акысыз берүү менен байланышкан жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга;
мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыгы боюнча аларды күчүндө калтыруу/же жокко чыгаруу, жаңы чечим кабыл алуу жөнүндө башка чечим кабыл алууга;
каралып жаткан жер участогуна карата сот органдарында жарандык, кылмыш-жаза, административдик иштер каралып жаткан учурда, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна менчик укуктарды берүү боюнча иштерди токтотууга.
10. Мурда кабыл алынган чечимдерди кайра караган учурда комиссиянын катчылыгына арыз менен кошо төмөндөгү документтер берилет:
а) эгерде мурда кабыл алынган токтомдордо жер участогунун номери жана/же аянты бөлүгүндө жаңылыш жазуу, ката, ачык арифметикалык ката кетирилген учурда:
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин архивдик көчүрмөсү;
архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шаар куруу корутундусу;
кыймылсыз мүлккө укуктары каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
б) эгерде мурда кабыл алынган токтомдордо жер участогу берилген жактын аты-жөнүн жазууда жаңылыш жазуу, ката кетирилген учурда:
паспорттун көчүрмөсү;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин архивдик көчүрмөсү;
жашаган жеринен маалымкат.
11. Комиссиянын жыйынын комиссиянын төрагасы, ал жокто – комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.
Комиссиянын жыйынын өткөргөн учурда Интернет тармагында (социалдык тармактын расмий барагында) түз видео көрсөтүү аркылуу онлайн режиминде видео жазуу жүргүзүлөт.
12. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес кворум болгондо, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Комиссия тарабынан чечим кабыл алууда комиссия мүчөлөрүнүн «макул» жана «каршы» деп берилген добуштары тең санда болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын (жыйында төрагалык кылуучунун) добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссия чечим кабыл алган учурда добуш берүүдөн калыс болууга жол берилбейт.
Ар бир арыз боюнча комиссиянын чечими өзүнчө протокол менен үч нускада таризделет, алар комиссиянын катчысы, төрагасы жана жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлат. Протоколдун ар бир барагынын арткы бетине жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү парафирлөөгө (кол тамга коюуга) тийиш.
Протоколдун бир нускасы катчылыктын архивинде, экинчи нускасы Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органында сакталат, үчүнчү нускасы комиссиянын жыйыны өткөн күндөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
13. Комиссия өз иш-аракетин мезгилдик негизде, бирок бир айда эки жолудан көп эмес өткөрөт. Ошону менен бирге, катчылык тарабынан комиссиянын мүчөлөрүнө таанышуу үчүн материалдар комиссиянын жыйынына чейин үч күн мурда берилет.
Материалдар басма жана электрондук түрүндө берилсе болот.
Комиссия иш-аракетине байланыштуу материалдар (анын ичинде протоколдун бир нускасы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте катчылыктын архивинде сакталат.
14. Комиссиянын мүчөсү түз кызыкчылыгы болгон, же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болгон учурда, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
3-глава.
Ченемдик аянт жана жеке турак жай куруу үчүн жер участогун алууга укугу бар жарандар
15. Бишкек шаарында бир жеке турак үй куруу үчүн берилүүчү жер участогунун ченемдик аянты шаар куруу документтерине ылайык белгиленет, бирок 0,08 га дан ашпоосу керек.
Жер участогунун аянтынын белгиленген ченемин колдонуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Жеке турак жай куруу үчүн менчикке берилүүчү жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болууга жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо үчүн чектөөлөрү жок болууга тийиш.
Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук талкуулоонун өтүү датасын жана ордун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жеке турак үй куруу үчүн бериле турган жер участогу жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат.
17. Бишкек шаарында жеке турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкү жараны ээ боло алат:
Бишкек шаарынын аймагында үч жылдан кем эмес жашаган;
Бишкек шаарынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын башка региондорунда жеке турак жай куруу үчүн мурда ага берилген жер участогу менчигинде болбогон;
белгиленген санитардык ченемдерге жана талаптарга жооп бербеген турак аянты бар жарандардан тышкары, турак жай (үй, батир) менчигинде болбогон;
акыркы беш жылдын ичинде үчүнчү жактарга сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо, күрөөгө коюу жана башка бүтүмдөрдү түзүү жолу менен менчигинде болгон турак жайларды ажыратууда көрсөтүлгөн өзүнүн турак жай шарттарынын начарлашына багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган.
18. Кыргыз Республикасынын жеке турак үй куруу үчүн жер участогун алуу үчүн документтерди берген жарандары, ошондой эле көрсөтүлгөн документтерди берген органдар, алардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган жоопкерчиликке тартылышат.
19. Жеке турак жай куруу үчүн берилген жер участогун жеринде анын чектерин белгилегенге жана бекитип бергенге, бул жер участогуна укугун ырастаган документти алганга, ошондой эле жеке менчик турак үйүнүн макулдашылган долбоору болгонго чейин өздөштүрүүгө киришүүгө тыюу салынат.
20. Менчик жер ээлеринин өздөрүнүн укуктарын жана аларды коргоо кепилдигин жүзөгө ашыруу чектери жана тартиби мыйзам тарабынан аныкталат.
4-глава.
Бош жер участокторду түзүү жана берүү тартиби
21. Жеке турак жай куруу үчүн бош жер участокторун берүү шаар куруу документтине ылайык жүзөгө ашырылат.
22. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна менчик укугу түзүлгөн жер участокторуна берилет.
Жер участогу төмөнкү учурларда түзүлдү болуп эсептелинет:
1) жер участогу үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгондо (сервитуттар аркылуу бекитилген укуктардан тышкары);
2) жер участогу белгиленген чектерге ээ болсо;
3) жер участогу уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрүнө жана башка зарыл шаар куруу регламенттери болсо;
4) бул жер участогу боюнча максималдуу уруксат берилген кубаттуулуктагы инженердик коммуникациялардын бар же жок экендиги, инженердик коммуникацияларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы, ал эми инженердик коммуникациялар жок болгон учурда - бул райондогу инженердик коммуникациялардын пландаштырылган өнүгүүсү, пландалуучу инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы жөнүндө маалыматтар берилгенде;
5) бул жер участогунда турган бак-дарактарды (алар бар болсо) пайдалануу, көчүрүү, которуу тийиштүү кызматтар тарабынан макулдашылганда.
23. Суралган жер участогу боюнча архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумуш күндүн ичинде топографиялык негизде аткарылган, төмөнкүлөр түшүрүлгөн 1:500 масштабда жер участогунун чиймесин даярдайт:
1) кыймылсыз мүлктүн азыркы объекттерине же геодезиялык белгилерге карата участоктун бурчтук чекиттеринин координаттарын көрсөтүү же чектеринин байланыштары менен жер участогунун чектери;
2) жер участогу аркылуу өтүүчү инженердик-техникалык тармактын азыркы трассалары.
24. Жер участокторун түзүү боюнча иштердин баскычында архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инженердик-техникалык коммуникацияларга кошулуунун алдын ала техникалык шарттарын аныктоо максатында инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка тийиштүү документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүү камсыздайт.
Архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогунун чиймеси даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирбестен ушул жобонун 23-пунктуна ылайык бир убакта жер участогунун чиймесинин көчүрмөсү менен суроо- талапты төмөнкүлөргө жөнөтөт:
1) Кыргыз Республикасынын жер жана башка мыйзамдарына ылайык жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду алуу, жер участогунун чектерин, бул жер участогуна үчүнчү жактардын укугунун, тоскоолдуктардын жана чектөөлөрдүн бар болгондугун тактоо жана жер участогунун чиймесин макулдашуу үчүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
2) алдын ала техникалык шарттарды алуу үчүн электр менен жабдууну, суу менен жабдууну жана канализацияны, жылуулук менен жабдууну жана газ менен жабдууну камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга;
3) тийиштүү корутунду алуу үчүн экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу органдарга;
4) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттарын аныктоо үчүн (жер участогу эстеликтерди коргоо зонасында жайгашкан учурда) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;
5) бак-дарактарды пайдалануу шарттары, анын ичинде аларды алып салуу жана которуу жөнүндө маселелерди чечүү үчүн (жер участогунда муниципалдык менчикте турган бак-дарактар бар болсо) бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга.
25. Ушул жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар 5 жумуш күндүн ичинде архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алдын ала техникалык шарттарды жана тийиштүү корутундуну жөнөтүүгө милдеттүү.
Алдын-ала техникалык шарттарда максималдуу уруксат берилген кубаттуулуктагы инженердик коммуникациялардын бар же жок экендиги, инженердик коммуникацияларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы, ал эми инженердик коммуникация жок болгон учурда - бул райондогу инженердик коммуникацияларды өнүктүрүүнү пландаштыруу, пландалуучу инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошулуунун мөөнөтү жана наркы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында жер участогун берүү жана куруу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда - тийиштүү мыйзамдарды сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Инженердик тармактарга кошулуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жер участогуна менчик укугун берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ошондой эле ушул жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр болгон учурда ыйгарым укуктуу органдар арыз катталган учурдан тартып 5 жумуш күнү ичинде архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга негиздемесин көрсөтүү менен баш тарткандык жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Бул учурда архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогун түзүү боюнча иштерин токтотот. Жер участогун түзүүнү токтоткондук жөнүндө кабар арыз ээсине 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
26. Архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган алынган материалдардын негизинде 7 жумуш күндүн ичинде белгиленген формада Жер участогунун планын 2 нускада даярдайт.
Жер участогунун планы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) топографиялык негизде, 1:500 масштабында аткарылган төмөнкүлөр түшүрүлгөн жер участогунун схемасы түрүндөгү графикалык материал:
бурчтук чекиттердин координаттарын же кыймылсыз объекттерге же геодезиялык белгилерге участоктун чектеринин байланмасын көрсөтүү менен жер участогунун чектери;
жер участогу боюнча өткөн инженердик-техникалык тармактардын азыркы трассалары;
инженердик-техникалык тармактар жана аларга кошуу түйүндөрү өткөн долбоордук трассалар, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникацияларды алып чыгуу трассалары;
курулуш сызыктары, кызыл, сары сызыктар;
суу коргоочу зоналардын, санитардык коргоо жана санитардык сактоо зоналарынын чектери;
участокко өтмөлөрдүн чиймелери;
санын көрсөтүү менен токтотмо орундарын мүмкүн болуу жайгашуусу (эгер талап кылынса);
Кыргыз Республикасынын жер жана башка мыйзамдарына ылайык жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну, жер титирөөгө туруктуулук жана инженердик-геологиялык, технотектүү коркунучтуу көрүнүштөрдүн бар болушу жөнүндө маалыматты кошуу менен жер участогунун параметрин (мүнөздөмөсүн) камтыган тексттик материалды.
2) участок тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда Жер участогунун планында төмөнкү кошумча шаар куруу регламентинин бар экендиги көрсөтүлөт:
курулуш жана жерди пайдалануунун санитардык, суу коргоочу жана башка экологиялык шарттары боюнча;
тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча.
Жер участогунун планына архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кол тамга коюлат.
Жер участогунун планын даярдоодо жеринде чектерди белгилөө камсыздалат, ал жөнүндө планга тийиштүү жазуу жүргүзүлөт.
27. Жер участогунун планын даярдоонун жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын өтүнүч каты келип түшкөн күндөн тартып 28 жумуш күндү түзөт.
28. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жана ушул жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 24 жана 25-пункттарында каралган маалыматты көрсөтүү менен тийиштүү корутундуну архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө милдеттүү.
Архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жана ушул Жобонун 24 жана 25-пункттарында көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар берилген маалыматтын аныктыгы жана корутундуларды, көрсөтүлгөн документтерди даярдоодо алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул жобонун ченемдерине шайкеш келиши үчүн жоопкерчилик тартышат.
Зарыл болгон учурда архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1 жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын келип түшкөн материалдарынын негизинде Жер участогунун планын тактайт.
29. Архитектуралык-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 27-пунктунда каралган мөөнөт аяктаган күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирбестен Жер участогунун планын ага тиркелген бардык материалдары менен катчылыкка өткөрүп берет.
30. Катчылык жеке турак үй курууга берүү үчүн болжолдонгон ар бир жер участогу боюнча маалымат топтомун түзөт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
жер участогунун жайгашкан орду (дареги) жөнүндө маалымат, жер участогунун кадастрдык номери (бар болсо);
жер участогунун планынын көчүрмөсү, тиркелген бардык материалдары менен.
31. Ар бир жер участогу боюнча түзүлгөн маалыматтык топтом белгиленген тартипте комиссиянын ар бир мүчөсүнө анын жыйынына чейин үч күн мурда берилет.
32. Комиссиянын мүчөлөрү үч жумуш күндүн ичинде жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө келип түшкөн материалдарды изилдеп чыгышат, андан соң жыйын өткөрүлөт, анда жер участокторун берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Комиссия эгер берилген документтер ушул Жобонун 16-пунктунун талаптарына ылайык келбесе, жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер участогун берүүдөн баш тартууга укуктуу.
33. Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участоктору Кыргыз Республикасынын жарандарына берген арыздардын датасына ылайык түзүлгөн, Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жобонун 2.5-пунктуна ылайык таризделген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга кезекте туруучулардын тизмеси менен белгиленген кезектүүлүк тартибинде берилет.
Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдары Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгү жөнүндө толук маалыматты комиссияга берүүгө милдеттүү. Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчыларына жүктөлөт.
34. Комиссиянын жыйынынын протоколу бош жер участоктору болгон учурда Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жеке турак жай куруу үчүн акысыз негизде жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимин (токтомун) даярдоо жана андан кийин жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны тариздөө үчүн негиз болуп саналат.
35. Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын токтому жана Жер участогунун планынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү чечим кабыл алынган күндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде тийиштүү арыз ээсине тапшырылат.
5-глава.
Жеке турак үй куруу үчүн жеке менчикке берилген жер участогуна менчик укугун кайра жол-жоболоштуруу
36. Арыз ээси жеке турак үй куруу үчүн ага менчикке берилген жер участогуна менчик укугунан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пайдасына баш тарткан учурда, бошотулган жер участогу комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жарандарына бекитилген кезектүүлүк тартибинде берилет.
Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн жер участогуна жеке менчик укугунан баш тартуу жөнүндө арыз Бишкек шаарынын мэринин же Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысынын атына жөнөтүлөт.
6-глава.
Корутунду жоболор
37. Ыйгарым укуктуу органдын Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүгө тийиштүү чечими, Кыргыз Республикасынын администрациялык иш-аракеттердин жана администрациялык жол-жоболордун негиздери жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |