Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-октябры № 01-5/41
Муниципалдык балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын ата-энелеринен тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдөрүн 50%га жеңилдетүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы, Муниципалдык балдар бакчаларына ата-энелерден тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдөрүн 50%га жеңилдетүү боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 07-октябрындагы №01-36/1134 сандуу кайрылуусун, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 07-октябрындагы №01-36/1034 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Муниципалдык балдар бакчаларына, балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдөрү төмөндөгү шаарда жашаган туруктуу ата-энелерге 50% жеңилдетүү берилсин:
-Аз камсыз болгон өтө жакыр үй-бүлөлөр (шаардык мэриянын социалдык бөлүмүндө жакырчылык боюнча каттоодо катталган жарандар);
-Көп балалуу энелер (беш бала жана беш баладан жогору);
-Жарым жетим балдар;
-Тоголок жетим балдарга 100% төлөмсүз жана кезексиз кабыл алынсын;
-Үй-бүлөдөгү эгиз балдар;
-Майып жарандардын балдары;
-Бала-бакчада эмгектенген бардык кызматкерлердин балдары (неберелери эмес);
-Муниципалдык кызматчылардын, шаардык Кеңештин жана шаар мэриясынын кызматкерлеринин балдары (неберелери эмес).
4. Ушул токтомдун үчүнчү пунктун аткарбаган балдар бакчаларынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чара колдонулушу белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана муниципалдык балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |