Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-ноябры № 01-5/44
Шаар мэриясынын 2021-жылдын 9 (тогуз) айда аткарылган жумуштарынын жана салыктардын түрү боюнча маалыматын угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы, шаар мэриясынын 2021-жылдын 9 (тогуз) айда аткарылган жумуштарынын жана салыктардын түрү боюнча маалыматына, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар мэриясынын 2021-жылдын 9 (тогуз) айда аткарылган жумуштарынын жана салыктардын түрү боюнча маалыматы жактырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |