Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-ноябры № 01-5/45
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2021-жылдын токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы, шаардык Кеңештин 2021-жылга бекитилген иш-планына негиз, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2021-жылдын токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо боюнча шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2021-жылдын токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аткаруучулук тартиби “канааттандырарлык” деп табылсын.
3. Шаардык Кеңештин токтомдорун мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде каттоого алып, жооптуу кызматкерлерден талап кылууну мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |