Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/46
Билим берүү мекемелеринин иштөө абалын (тарбиялык иштерин, тазалыгын, тамактануусун) текшерүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, шаардык Кеңештин иш-мерчиминин негезинде, шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин иштөө абалын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин иштөө абалы “канааттандырарлык” деп табылсын.
3.Шаар аймагындагы билим берүү мекемелерине керектелүүчү жабдыктар (столдор, отургучтар ж.б.у.с.) менен камсыз кылуу жагы, 2022-жылдын бюджетине сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |