Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/47
2021-2022-жылдарда кышка даярдык көрүүдө шаар мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, шаардык Кеңештин иш-мерчеминин негизинде, шаар аймагындагы социалдык объектилердин 2021-2022-жылдын күз–кыш мезгилине даярдыгы боюнча шаар мэриясынын вице-мэри Я.Т.Абдурахмановдун берген маалыматын жана шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. 2021-2022-жылдарга кышка даярдык көрүүдө шаар мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
3. 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата, от-казандардын иштөө даярдыгын камсыздоо жана отундун керек болгон запасын камдоо, жылуулук ишканасынын директоруна тапшырылсын.
3. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин бардык жылуулук жабдуу системаларын толук даярдоо мекеме жетекчилерине жана вице-мэрге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |