Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/48
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 16-ноябрындагы №01-36/1320 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын “Жаштык” жана “Келечек” жаңы конуштарынын жашоочуларынын талабына ыйлайык, шаар мэринин эл менен болгон жолугушуусунда айтылган сын-пикирлерди аткарууга алуу максатында, “Жаштык” жана “Келечек” жаңы конуштарына электр мамыларын орнотуу маселеси боюнча шаардык Кеңештин “Бюжет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын “Жаштык” жана “Келечек” жаңы конуштарынын жашоочуларынын талабы канааттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин “Бюжет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын “Жаштык” жана “Келечек” жаңы конуштарынын жашоочуларынын талабына ыйлайык, керектелүүчү электр мамылары жана электр чубалгылары сатып алынып, орнотулсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюжет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |