Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/49
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 16-ноябрындагы №01-36/1322 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин (ММБД) жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип кайра каттоодон өткөрүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 16-ноябрындагы №01-36/1322 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. ММБ Департаментинин Жобосунун 4-главасынын 4.7 пункттунда “өткөрүлгөн конкурстун” деген сөздөрдүн ордуна “келишимдин” деген сөзү менен өзгөртүлүүлөр жана толуктоолор киргизилип, Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгы тарабынан кайрадан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |