Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/50
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 19-ноябрындагы №01-36/1340 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, республикалык түрткү берүүчү грантка Н.Исанов атындагы жатак-гимназиясынын эскилиги жеткен эшиктерин жаңылоо жана Ломоносов окуу имаратынынын терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сомдук долбоорун приоритеттүү деп табып, өздүк салымга жалпы сметалык баанын 33% тактап айтканда 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом бөлүп берүү боюнча кайрылуусун жана шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 19-ноябрындагы №01-36/1340 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, республикалык түрткү берүүчү грантка Н.Исанов атындагы жатак-гимназиясынын эскилиги жеткен эшиктерин жаңылоо жана Ломоносов окуу имаратынынын терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сомдук долбоору приоритеттүү деп табылып, өздүк салымга жалпы сметалык баанын 33%, тактап айтканда 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |