Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/52
Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовдун шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомунун 2,3 пункттарынын “фондунун” деген сөздөн кийин “жайыт” деген сөз менен жана “өнөр жайдын” деген сөздөрдөн кийин “транспорттун, байланыштын жана башка” деген сөздөрү менен толукталсын.
3. Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтому төмөндөгү пункт менен толукталсын:
1) Которулуучу (транформациялануучу) токой фондунун жайыт жер аянттары төмөндөгү контурларда жайгашкан: К-256, 33,0 га, К-301, 8,0 га жалпысы 41,0 га.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |