Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 21 токтомуна тиркеме |
Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды (мындан ары - жобо) негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартибин аныктайт.
2. Ушул жобо:
башка ыкмалар менен пайдаланууга болбогон же аларды колдонуу экономикалык жактан максатсыз болгон;
моралдык же физикалык эскирген (шаар куруу, техникалык, өндүрүштүк, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, өрткө каршы жана башка ченемдерге жана талаптарга ылайык келбейт);
авариялардын, табият кырсыгынын кесепетинен, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунан жараксыз абалга келген;
курулуш конструкцияларынын абалы боюнча эски жана авариялык категориядагы объекттердин катарына киргизүү үчүн критерийлерге туура келбеген, ал эми аларды калыбына келтирүү экономикалык жактан максатсыз болгон;
жаңы муниципалдык имараттарды, курулмаларды куруу же колдонуудагы объекттерди кеңейтүү, реконструкциялоо менен байланыштуу бузууга тийиштүү болгон мекемелердин жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө, ыкчам башкаруусунда, пайдалануусунда турган Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объектиси болуп эсептелген имараттарга жана курулмаларга (мындан ары - муниципалдык имарат, курулма) жайылтылат.
3. Муниципалдык имаратты, курулманы негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, ушул жобонун 4-пунктуна ылайык түзүлгөн комиссия тарабынан түзүлүүчү эсептен чыгаруу жөнүндө актынын негизинде, Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу
4. Муниципалдык имаратты, курулманы калыбына келтирүү менен оңдоо жүргүзүүнүн мүмкүн эместигин, натыйжасыздыгын, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбегендигин, аларды башка ыкма менен пайдаланууга мүмкүн эместигин аныктоо үчүн, ошондой эле муниципалдык имаратты, курулманы негизги каражаттардын эсебинен чыгарууга документтерди жол-жоболоштуруу үчүн аймагы боюнча муниципалдык административдик райондун башчысынын буйругу менен төмөнкү курамдагы комиссия түзүлөт:
аймагы боюнча муниципалдык административдик райондун башчысынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары (комиссиянын төрагасы);
муниципалдык имарат, курулма чарба жүргүзүүсүндө, ыкчам башкаруусунда же пайдалануусунда турган уюмдун жетекчиси;
муниципалдык имарат, курулма чарба жүргүзүүсүндө, ыкчам башкаруусунда же пайдалануусунда турган уюмдун башкы бухгалтери же анын орун басары (штаттык ырааттамада башкы бухгалтер кызмат орду каралбаган ишканаларда бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жүктөлгөн адам);
негизги каражаттардын сакталышына жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар;
имараттарды, курулмаларды инженердик, техникалык, технологиялык, курулуш, экономикалык жана башка текшерүүдөн өткөрүүгө ыйгарым укуктуу органдардын адистери, же тиешелүү тастыктамалары бар адистер.
5. Борборлоштурулган бухгалтериялар аркылуу тейленүүчү бюджеттик мекемелерде комиссиянын курамына эсепке алуу топторунун жетекчилери же ушул бухгалтериянын башка кызматкерлери киргизилет.
6. Муниципалдык имараттын, курулманын жараксыздыгы же пайдалануу максатсыздыгы фактын аныктоо үчүн уюм эсептен чыгаруу жөнүндө актыга кол тамга коё турган же актыга тиркеле турган жазуу жүзүндөгү өзүнүн өзгөчө пикирин комиссияга бере турган Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн комиссиянын ишине катышуу үчүн тарта алат.
7. Комиссия төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
эсептен чыгарууга сунушталган муниципалдык имаратты, курулманы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте инвентаризациялоо жүргүзөт жана анын жыйынтыгы боюнча инвентаризациялоо актын түзөт;
тиешелүү техникалык документтерди, ошондой эле бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарын пайдалануу менен эсептен чыгарууга тийиш болгон муниципалдык имаратты, курулманы кароодон өткөрөт;
муниципалдык имаратты, курулманы калыбына келтирүүнүн жана (же) андан ары пайдалануунун экономикалык, техникалык максаттуулугун же максатсыздыгын аныктайт жана аны мурунку абалында калтыруу, оңдоо же бузуу, демонтаждоо тууралуу тиешелүү сунуштарды киргизет;
муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруунун конкреттүү себептерин (моралдык эскирген, физикалык эскирген, авариянын же табият кырсыгынын кесепетинен зыянга учураган, калыбына келтирүү максатсыз болгон, мындан ары колдонууга жараксыз, курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого байланыштуу) белгилейт;
эсептен чыгарууга тийиш болгон муниципалдык имараттын, курулманын айрым деталдарын, конструкцияларын, материалдарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана көз карандысыз баалоочуну тартуу менен аларды баалоо жүргүзөт;
жарактуу деталдарды, конструкцияларды, материалдарды алып коюну контролдоону жүзөгө ашырат, алардын санын, салмагын аныктайт жана кампага-өткөрүп берүүнү жана тиешелүү баланстык эсептерге кириштөөнү контролдойт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу жөнүндө акт түзөт.
8. Эсептен чыгаруу актысына муниципалдык имарат, курулма тууралуу төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
курулган жылы;
эксплуатациялоого киргизилген датасы;
уюмдун балансына өткөрүп берүү датасы жана негизи;
мүлктүн баштапкы наркы (кайра баалангандар үчүн - калыбына келтирүү);
бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары боюнча эскирүүнүн эсептелген суммасы;
жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны жана чыгымдардын суммасы;
муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруунун себептери, анын деталдарынын, конструктивдик элементтеринин абалы.
9. Муниципалдык имараттын, курулманы негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгарууда ушул жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү документтердин тизмегине милдеттүү түрдө сүрөт жана видеоматериалдар тиркелет (электрондук же басма түрүндө).
10. Өрттүн/авариянын, табигый кырсыктын, адамдын күчү жетпеген аракеттердин кесепетинен зыянга учураган муниципалдык имаратты, курулманы негизги каражаттардын эсебинен чыгарууда, уюм төмөнкү документтерди кошумча берүүгө милдеттүү:
мүлктүн зыянга учурагандыгы фактын тастыктоочу документ;
мүлктүн зыянга учурагандыгы факты жөнүндө жетекчинин жана материалдык-жооптуу адамдардын түшүнүк каттары;
күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуунун жана келтирилген зыяндын орду толтурулгандыгын тастыктоочу документтер (калыбына келтирүү наркы).
11. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр тиркелүүчү комиссиянын протоколу түзүлөт:
эсептен чыгарууга сунушталуучу муниципалдык имаратты, курулманы инвентаризациялоо акты;
эсептен чыгарууга сунушталуучу муниципалдык имараттын, курулманын техникалык абалынын акты;
муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу акты;
документтер (авария жөнүндө актынын көчүрмөсү, тиешелүү инспекциялардын тыянактары ж.б.).
12. Комиссиянын протоколу эсептеп чыгарылган муниципалдык имаратты, курулманы тескөө ыкмасы (бузуу, демонтаждоо) тууралуу чечимди, айрым деталдарын, конструкцияларын, материалдарын андан ары колдонуу сыяктуу учурлар бар болсо, ошондой эле комиссиянын корутундусу боюнча эсептен чыгаруу максатсыз болуп эсептелген муниципалдык имараттарды, курулмаларды андан ары пайдалануу тууралуу сунуштар камтуусу керек.
13. Комиссиянын протоколу муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу жана техникалык абалы тууралуу актылар ушул жобонун 22-пунктуна ылайык ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун алгандан кийин уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
14. Муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу боюнча комиссия тарабынан түзүлгөн актыларда камтылган маалыматтар уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилгенден кийин бухгалтердик эсепке алууда көрсөтүлөт.
15. Муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу баштапкы наркы же калыбына келтирилген наркы (мүлктү кайра баалоо жүргүзүлгөн учурда) боюнча жүргүзүлөт.
16. Эксплуатациялоодо турган жана эскирүү суммасы эсептелген муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгарууда эсептен чыгаруу документтеринде анын баштапкы (калыбына келтирилген) наркы, ошондой эле эскирүү эсептелген суммасы көрсөтүлөт.
17. Муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгарууга макулдук алуу үчүн уюм төмөнкү документтердин түзүлгөн топтому менен муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу арызды Бишкек шаарынын мэриясына берет:
бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептен чыгарууга сунушталган муниципалдык имарат, курулма жөнүндө маалыматтар;
эсептен чыгарууга сунушталган муниципалдык имаратты, курулманы инвентаризациялоо акты;
эсептен чыгарылуучу муниципалдык имараттын, курулманын техникалык абалы тууралуу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген акты;
муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу жөнүндө акты;
муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу жөнүндө комиссиянын протоколу;
эсептен чыгарууга сунушталган муниципалдык имарат, курулма мүлктү тескөө боюнча карыздары же чектөөсү жок экендиги тууралуу маалымкат;
техникалык документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорт, күбөлүк);
муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө уюмдун буйругу;
муниципалдык имарат, курулма жайгашкан жер участогу жөнүндө маалымкат, ошондой эле тастыктоочу документтердин көчүрмөсү.
18. Ушул Жобонун 17-пунктуна ылайык уюм тарабынан берилген документтерди кароо, муниципалдык имаратты, курулманы негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо максаттуулугу же максатсыздыгы тууралуу сунуштарды даярдоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен бекитилет.
19. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин, санитардык-эпидемиологиялык, өрткө каршы, өндүрүштүк, экологиялык жана башка коопсуздук тармактары боюнча мамлекеттик контролдоо жана көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, кыймылсыз мүлк объекттерине укуктарды каттоо, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет.
20. Уюм тарабынан берилген документтердин тууралыгын жана толуктугун текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия эсептен чыгарууга сунушталган муниципалдык имаратка, курулмага баруу менен текшерүүлөрдү жүргүзө алат.
21. Ведомстволор аралык комиссия уюмдун эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынан муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгарууну макулдашуу же баш тартуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн документтерди, ушул жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтер түшкөн датадан тартып 10 күндүк мөөнөттө уюмга жөнөтүлө турган тизмекти талап кыла алат.
22. Берилген документтерди кароонун жана муниципалдык имаратты, курулманы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия ушул жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн толук көлөмдө документтердин түшкөн датасынан тартып 15 календардык күндүн ичинде муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгарууга макулдашуу же баш тартуу тууралуу чечимди ведомстволор аралык комиссиянын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алат жана ведомстволор аралык комиссиянын акыркы жыйынынан тартып 5 жумуш күндүн ичинде комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюла турган тиешелүү корутунду түрүндө жол-жоболоштурат.
23. Муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгарууга макулдук берүүдө баш тартуу жөнүндө чечим төмөндөгүдөй учурларда кабыл алынат, эгерде:
муниципалдык имарат, курулма ушул жобонун 2-пунктунда аныкталган талаптарга жооп бербесе;
муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан эсептен чыгарууга сунушталган муниципалдык имаратты, курулманы пайдалануунун башка ыкмасы аныкталса;
муниципалдык имарат, курулма чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу же пайдаланууда турган уюм тарабынан ушул Жободо каралган документтер белгиленген талаптарды бузуу менен берилген учурда;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аталган мүлктү эсептен чыгарууга карата тиешелүү чектөөлөр белгиленсе.
24. Ведомстволор аралык комиссиянын кандайдыр бир мүчөсү комиссиянын тыянактарына макул эмес болгон учурда, ал өзүнүн өзгөчө оюн жазуу түрүндө билдирүүгө жана аны корутундуга тиркөөгө укуктуу.
25. Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу Бишкек шаарынын мэриясына, муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жана муниципалдык имарат, курулма чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу же пайдаланууда турган уюмга жөнөтүлөт.
26. Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун алгандан кийин комиссиянын протоколу жана муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгарууга жана техникалык абалына актылар муниципалдык имарат, курулма чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу же пайдаланууда турган уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет жана Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органына берилет.
27. Муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу жол-жобосу Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун тиркөө менен эсептен чыгаруу актысынын негизинде муниципалдык имарат, курулма Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүнүн негизги каражаттарынын реестринен чыгарылган учурдан тартып толугу менен аяктады болуп саналат.
28. Муниципалдык имаратты, курулманы бузуудан, демонтаждоодон алынган деталдарды, конструкцияларды, материалдарды андан ары тескөө Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3-глава. Муниципалдык имаратты, курулманы бузуу
29. Бишкек шаарынын мэриясы ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде, имаратты, курулманы андан ары пайдалануу же аны бузуу, демонтаждоо жөнүндө чечим кабыл алат.
30. Муниципалдык имаратты, курулманы бузуу, демонтаждоо муниципалдык имаратты, курулманы Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүнүн негизги каражаттарынын реестринен чыгаргандан кийин гана жүргүзүлөт.
31. Муниципалдык имаратты, курулманы бузуу, демонтаждоо Бишкек шаарындагы имараттарды, курулмаларды куруу жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана реставрациялоо боюнча заказчы-куруучунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырган Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Муниципалдык имаратты, курулманы бузуу, демонтаждоо жол-жобосу куруучу же юридикалык жак тарабынан мындай жумуштарды аткарууга уруксаттамасы бар жактарды белгиленген тартипте тартуу менен, долбоорлоо документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
33. Муниципалдык имаратты, курулманы бузуу, демонтаждоо аны убактысынан мурда (күтүүсүз) талкаланып калуусун болтурбоочу ыкма менен жана бузулуп, демонтаждалып жаткан объекттерге жакын жайгашкан имараттарга жана курулмаларга зыян келтирбей аткарылууга тийиш.
4-глава. Жоопкерчилик
34. Муниципалдык имараттарды, курулмаларды бузууда, демонтаждоодо коопсуздук талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликти муниципалдык имараттарды, курулмаларды бузууну, демонтаждоону жүргүзгөн уюм тартат.
35. Эсептен чыгарылып жаткан муниципалдык имарат, курулма чарба жүргүзүүчү, ыкчам башкаруу же пайдаланууда турган уюмдун жетекчиси муниципалдык имаратты, курулманы эсептен чыгаруу жол-жобосун уюштурат жана сакталышын камсыздайт, ушул жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык эместиги үчүн жоопкерчилик тартат.
36. Муниципалдык имаратты же курулманы негизги каражаттардын балансынан чыгаруу жөнүндө актыга кол тамга коюлганга чейин бузула турган объекттердин сакталышы үчүн муниципалдык имарат, курулма турган чарба жүргүзүүдөгү, ыкчам башкаруудагы же пайдалануудагы уюм жооп берет.
37. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул жобонун талаптарын сактоо үчүн контролду жүзөгө ашырат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | И.Аденов |