Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-декабры № 01-5/53
”Кыргызнефтегаз” ААКнун суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын 2021-жылдын 2-декабрындагы №402 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз X-сессиясы, ”Кыргызнефтегаз” ААКнун суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын 2021-жылдын 2-декабрындагы №402 сандуу кайрылуусунун негизинде шаардагы ичимдик таза суу жана чыгынды суу (канализация) үчүн, 2022-жылга карата тарифин өзгөртүп берүүнү сурашкан ичимдик таза суу үчүн 1м3 салыгы менен 14 сом 66 тыйын, ал эми чыгынды суу (канализация) салыгы менен 19.42 тыйынга, шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргызнефтегаз” ААКнун суу менен камсыздоо бөлүмүнүӊ башчысынын 2021-жылдын 2-декабрындагы №402 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. 2022-жылдан шаар аймагында ичимдик таза суунун тарифи 1м3 салыгы менен 14 сом 66 тыйын, ал эми чыгынды суу (канализация) салыгы менен 19.42 тыйынга бекитилип берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Кыргызнефтегаз” ААКнун суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Д.Д.Назаровго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюжет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |