Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-декабры № 01-5/54
Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз X-сессиясы, шаар китепкананын башчысынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №598 токтомуна ылайык, ЮНИСЕФ тарабынан “Китепканаларда балдардын эрте өнүктүрүү борборлору” долбоорун китепкана базасында ачууга керектелүүчү каражаттарды камсыздап берүүнү сураган кайрылуусун, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №598 токтомуна ылайык ЮНИСЕФ тарабынан “Китепканаларда балдардын эрте өнүктүрүү борборлору” долбооруна ылайык китепкананын эки кызматкерине 2021-жылдын май айынан баштап 2021-жылдын 31-декабрына чейин ар бирине 2000 (эки) миӊ сомдон төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А. Абдуразаков |