Загрузка документа…
|
| Маевка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-июнундагы № 3/4/28 токтомуна тиркеме |
Маевка айылдык Кеңешинин Регламенти
№1-глава. Жалпы жоболор
№2-глава. Маевка айылдык Кеңешинин түзүмү
№3-глава. Айылдык Кеңештин сессиясы
№4-глава. Айылдык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары.
№5-глава. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.
№6-глава. Айылдык Кеңештин катчысы
№7-глава. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары
№8-глава. Чечимдердин долбоорлорун киргизүү жана аларды алдын ала кароо
№9-глава. Айылдык Кеңештин Компетенциясы
№10-глава. Айылдык Кеңеш тарабынан көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу
№11-глава.Сын-пикирлер менен иштөө
№12-глава. Айылдык Кеңештин сессиясынын протоколу
№13-глава. Сессиянын өткөрүү тартиби
№14-глава. Айылдык Кеңештин сессиясын талкуулоо
№ 15-глава. Айылдык Кеңештин төрагасы
№16-глава. Айылдык Кеңештин айыл өкмөтү
1-глава. Жалпы жоболор
1. Айылдык Кеңеш – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоолору жөнүндө” Кодексине ылайык 4 жылдык мөөнөттө жөнгө салынуучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айыл аймактарындагы өкүлчүлүктүү органы.
2. Айылдык Кеңеш мыйзамдарга ылайык өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу юридикалык жак болуп саналат.
3. Айылдык Кеңеш өзүнүн иш-аракетин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Мыйзамдарына жана ушул Регламентке ылайык жүргүзөт.
4. Регламент Маевка айылдык Кеңешинин сессиясында кабыл алынат. Регламентке болгон толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кеңештин төрагасынын жана туруктуу комиссиянын демилгеси менен киргизилет.
2-глава. Маевка айылдык Кеңешинин түзүмү
Айылдык Кеңеште туруктуу 4 комиссия түзүлөт:
1. Бюджет жана каржы боюнча комиссия(5 депутат);
2. Жер маселелери боюнча комиссия (5 депутат);
3. Социалдык маселелер боюнча комиссия(5 депутат);
4. Мыйзамдуулук, Регламент жана Этика боюнча комиссия (4 депутат).
Айылдык Кеңеш өтө көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
3-глава. Айылдык Кеңештин сессиялары
1. Айылдык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессия айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан ар бир айдын акыркы жумасы сайын өткөрүлөт.
2. Сессиялык отурумдун өткөрүлүш убактысы, орду жана кайсы маселелер көтөрүлө тургандыгы жөнүндө айылдык Кеңештин катчысы ар бир депутатка маалымдайт.
3. Сессиянын кезексиз отуруму төмөнкү учурларда чакырылат:
3.1.Өзгөчө (форс-мажордук) кырдаалдарда;
3.2.Депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн, б.а. айылдык Кеңештин 7 депутатынын талабы менен Кеңештин төрагасы аркылуу сессия 3 күндүн ичинде чакыртылат.
4.Сессиянын отуруму шайланган депутаттардын жалпы санынын жарымы катышканда, б.а. 10+1ден көбүрөөк, өзгөчө учурларда (Маевка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо) 10+4төн көбүрөөк катышканда гана мыйзамдуу болуп эсептелет.
5.Сессиянын отурумунда киргизилген материалдар жана долбоорлордун чечимдери Айыл Өкмөтүнүн аппараты, туруктуу комиссия жана депутаттар аркылуу даярдалат.
6.Айылдык Кеңештин отурумун төрага же төраганын орун басары өткөрөт.
7.Айылдык Кеңештин чечимдери Мыйзамдарда башка жол-жобо каралган учурларды кошпогондо ачык добуш берүү менен жана депутаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.Айылдык Кенештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана төраганын колу коюлат. Качан төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурларда, сессиянын токтомдоруна төраганын орун басары кол коет. Ал эми катчынын кол коюуга укугу жок.
4-глава. Айылдык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары
1. Айылдык Кеңештин төрагасы айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын арасынан альтернативалык негизде, жергиликтүү Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жараша жашыруун добуш берүү менен шайланат.
2. Кеңештин төрагасын шайлоону өткөрүү үчүн депутаттардын арасынан эсептөө комиссиясы шайланат жана шайлоо бюллетени кадимки (А-4 форматындагы жарты барак) кагаздан даярдалат.
3. Бюллетендин коргоо даражасы ар бир бюллетендин төмөн жагына эсептөө комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын коюлган колу менен аныкталат.
4. Шайлоо бюллетенинин тексти бир жак бетинде гана жайгаштырылышы керек.
5. Шайлоо бюллетендеринин саны сессияда катышып жаткан депутаттардын санынан ашпашы зарыл.
6. Шайлоо бюллетенине кандидаттын аты- жөнү жазылат.
7. Айылдык Кенештин Төрагасы болуп депутаттардын арасынан эң көп добуш алган кандидат эсептелет. (Мисалы, 10+1ден көп)
8. Айылдык Кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн эрте бошотулушу мүмкүн:
8.1. Өздүк арызынын негизинде;
8.2. Айылдык Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен жашыруун добуш берүү аркылуу көпчүлүк добушка ээ болгондо, б. а. 10+4төн көбүрөөк добуш менен.
9. Айылдык Кенештин төрагасы өзүнүн кызматтык милдеттерин КРнын Мыйзамдарынын жана ушул Регламенттин негизинде аткарат.
5-глава. Айылдык Кеңештин орун басары
1. Айылдык Кеңештин орун басары сессияда катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн ачык добушу менен жөнөкөй шайлоо жолу аркылуу шайланат.
2. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын жана туруктуу депутаттык комиссиянын демилгеси менен жана сессияда катышып жаткан депуттаттардын көпчүлүк добушунун негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтсүз бошотулушу мүмкүн. Мисалы: 10+1ден көбүрөөк.
3. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары төрага берген тапшырмаларды аткарат, төрага жок учурда ж.б.кырдаалдарда жана төрага кайрадан шайланганга чейин төраганын милдетин аткарат.
6-глава. Айылдык Кеңештин катчысы
Маевка айылдык Кеңешинин катчысы:
айылдык Кеңештин сессиясынын протоколун түзөт;
келип түшкөн документтерди иреттейт;
туруктуу жана убактылуу комиссиялар менен уюштуруучулук иштерди жүргүзөт;
айылдык Кеңештин депутаттарына сессиянын отуруму качан болорун кабарлайт жана алардын катышуусун эсепке алат;
сессиянын токтомдорун түзөт жана аларды депутаттарга таратууну уюштурат;
сессиянын токтомдорунун долбоорлорун даярдоо боюнча иштерди жетектейт.
7-глава. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары
1. Туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялар айылдык Кеңештин ыйгарым укуктарына тиешелүү маселерди чечүү үчүн жана сессиянын жүрүшүндө каралуучу маселелерди алдын ала кароо, даярдоо, сессияда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу үчүн түзүлөт.
2. Туруктуу комиссиянын курамына Кеңештин төрагасы жана анын орун басары кирбейт.
3. Комиссиянын мүчөлөрү айылдык Кеңештин чечими менен аныкталат, ар бир комиссия өзүнүн төрагасын, анын орун басарын жана катчысын шайлайт.
4. Туруктуу депутаттык комиссиялар Маевка айылдык Кеңешинин аймагында жайгашкан чарбалык субъекттердин, уюмдардын жетекчилеринин отчетторун талап кылууга жана угууга акылуу.
5. Туруктуу комиссиянын отурумдарында милдеттүү түрдө протокол толтурулат (катчы тарабынан). Протоколдо отурумдун өткөрүлгөн датасы жазылат, андан кийин ага комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат.
6. Чечимдер ачык добуш берүү аркылуу жана жөнөкөй добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
7. Туруктуу комиссиянын чечимдери айылдык Кеңештин сессиясында милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
8. Ар бир комиссиянын төрагалары жарым жыл сайын (6 ай сайын) милдетүү түрдө аткарган иштери тууралуу айылдык Кеңештин сессиясында отчет беришет. Отчет жөнүндө жашоочуларды сессияга 5 күн калганда кабардар (кулактандыруу илүү аркылуу) кылуу керек.
8-глава. Чечимдердин долбоорлорун киргизүү жана аларды алдын ала кароо
1. Материалдар, долбоорлор, токтомдор жана башка документтер айылдык Кеңешке сессиянын отурумуна чейин 3 күндөн кечиктирилбестен, же сессия күнү жеткирилет.
2. Айыл Өкмөтү чечимдердин долбоорлорун жана башка материалдарды сессиядан 3 күндөн кечиктирбестен, депутаттардан келип түшкөн түзөтүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен туруктуу комиссиялардын кароосуна жиберет.
3. Сессиянын токтомдору мыйзамдарда башкача жол-жобо каралгандан башка учурларда ачык, көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
9-глава. Айылдык Кеңештин компетенциясы
1. Айылдык Кеңеш КРнын Мыйзамдарын сактоо менен маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2. Айылдык Кеңештин сессиясында төмөнкү маселелер чечилет:
2.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2.2. Жергиликтүү бюджетти бекитүү, анын аткарылышы жөнүндө отчетту жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарынын колдонулушу, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды квартал сайын угуу (депутаттардын алдында финансы жана каржы бөлүмүнүн башчысы отчет берет);
2.3. Калкты социалдык жактан камсыздоо жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планын бекитүү жана көзөмөлдөө;
2.4. Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды(сборы) жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле салыктын өлчөмүн(ставки) белгилөө;
2.5. Муниципалдык жеке менчикти пайдаланууга толук көзөмөлдүк кылуу;
2.6. Маевка айыл өкмөтүнүн башчысынын аткарган иштери боюнча отчетун жылына эки жолу угуу (жарым жыл сайын);
2.7. Жайыт комитетинин, “Өмүрбулагы Елена” ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык кооомдук бирикмесинин, “Тазалык-Маевка” муниципалдык бирикмесинин төрагаларынын отчетторун угуу;
2.8. Эгерде депутат белгисиз бир себептерден улам сессиянын отурумун 3 же андан ашык жолу калтырса, анда анын депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулат жана анын ордуна кийинки кезекте турган депутат келет;
2.9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Уставын бекитүү, сунуштарды, алымча-кошумчаларды кийрүүгө болот;
2.10.Мамлекеттик уюмдарга киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2.11.Айылдык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды ээлеген кызматынан бошотуу, Кеңештин төрагасынын КРнын Мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
2.12.Айылдык Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
2.13. Өздүк чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө;
2.14.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтү) штаттык санын жана түзүмдөрүн бекитүү;
2.15.Ичүүчү жана сугат сууларын колдонуунун, суу түтүктөрүн, жылуулук менен камсыздоонун, таштандыны чогултуунун жана ташып чыгуунун тарифтерин аныктоо;
2.16.Ырым-жырымдык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки жасалгаларынын сатуу орундарына жана убактыларына чектөө киргизүү жана тыюу салуу;
2.17. Үйдүн жер тилкесин (домовой участок) жана чектеш жер тилкелерин (придомомвые участки), көлмөлөрдү, сууларды, дарыяларды ж.б. сугат тармактарын көзөмөлдөө;
2.18. Жергиликтүү жамааттын Уставына туура келе турган маселерди чечүү ж.б..
АйылдыкКеңештин сессиясында төмөнкүдөй кошумча маселелер чечилет:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
3. Тиешелүү регион үчүн айыл аймагы тарабынан белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде жер кыртышынын бонитет пункттарын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн дифференциалдуу салык өлчөмдөрүн (ставки) белгилөө;
4. Колдонулбай калган жайыттарды, жайыт боюнча башка маселелерди КРнын Мыйзамдарына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзам, 31-берене) ылайык чечүү жана пайдалануу;
5. Мамлекеттик айыл чарба фондусунун жерлерин, чөп чабындыларын, айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
10-глава. Айылдык Кеңештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашырылышы
1. Айылдык Кеңеш айыл өкмөтүнүн аппараты, туруктуу депутаттык комиссия, депутаттар, жалданып алынган аудит адистер жана эксперттер аркылуу Каржы бөлүмүнүн докладын угат, бюджеттин, социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын, адам укугунун жана эркиндигинин корголушунундагы Мыйзамдуулуктун сакталышына квартал сайын көзөмөлдүк кылат.
2. Айылдык Кеңештин төрагасы, анын орун басары депутаттардын алдында өздөрүнүн иш-аракеттери тууралуу жарым жыл сайын, жылына 2 жолу отчет беришет. Отчеттордун жыйынтыгы талкууга коюлгандан кийин чечимдер кабыл алынат.
3. Депутат же депутаттардын тобу, туруктуу комиссиялар ушул суроо-талап боюнча атайын түшүндүрүүлөрдү, туура келген көз караштарды билгиси келсе айылдык кеңештин төрагасына , айыл өкмөтүнүн башчысына, райондук органдын жетекчилерине атайын кайрылууга укугу бар.
4. Суроо-талап(запрос) айылдык Кеңештин сессиясынын отурумуна оозеки же жазма түрүндө киргизилиши мүмкүн.
5. Суроо-талап жөнөтүлгөн расмий уюм же кызмат адамдары Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдетүү.
6. Айыл Кеңешинин отурумунда айтылган сунуштар жана эскертүүлөр Кеңеш тарабынан каралат же тиешелүү органдардын кызмат адамдарынын кароосу үчүн айыл өкмөтүнүн аппаратына жиберилет жана алар 10(он) жумушчу күндүн ичинде жооп бериши керек.
11-глава. Айылдык Кеңештин сессиясында айтылган сын-пикирлер, эскертүүлөр жана сунуштар.
1. Айыл өкмөтүнүн аппараты сессияда айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди, эскертүүлөрдү изилдөө жана жалпылоо иштерин жүргүзөт.
2. Оозеки түрүндө айтылган же жазуу жүзүндө берилген жана айылдык Кеңештин чечиминде чагылдырылбаган сунуштар жана сын-пикирлер Кеңештин төрагасы тарабынан каралат же тиешелүү органдарга же кызмат адамдарына кароо үчүн жөнөтүлөт.
3. Айылдык Кеңештин жетекчилиги депутаттар сунуш кылган сунуштардын жана эскертүүлөрдүн өз убагында жана туура каралышын көзөмөлдөөнү ишке ашырышат.
4. Айылдык Кеңештин сессиясынын отурумдарында айыл өкмөтү депутаттарга айылдык Кеңештин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана депутаттардын мурунку сессияларда айтылган сын-пикирлери жана сунуштары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдайт.
5. Маалыматтардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилет.
12-глава. Айылдык Кеңештин сессиялык отурумунун протоколу.
1. Айылдык Кеңештин ар бир сессиясында сөзсүз түрдө сессиянын жүрүшүн жана мазмунун камтыган протокол толтурулат.
2. Сессиянын протоколунда төмөнкү белгилер көрсөтүлөт:
2.1. Кеңештин аталышы, отурумдун катар номери, датасы жана өткөрүлгөн жери;
2.2.Отурумдун күн тартиби, анда каралып жаткан ар бир маселе боюнча докладчынын(баяндамачынын) жана кошумча докладчынын аты-жөнү, ээлеген кызматы;
2.3.Докладчы жана кошумча докладчы тарабынан берилген суроолор жана кыскача жооптор;
2.4. Жарыш сөзгө чыккан депутат жана депутат эмес жарандардын аты-жөнү жана ээлеген кызматтары;
2.5.Депутаттардан келип түшкөн суроолор жана жооптор, тапшырмалар;
2.6.Депутаттар жөнөткөн суроо-талаптын негизинде жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдердин тизмеси.
3. Протоколго төмөнкүлөр тиркелет:
3.1. айылдык Кеңеш кабыл алган чечимдер;
3.2.сессияда катышкан жана катышпай калган депутаттардын (себептерин көрсөтүү менен) тизмеси;
3.3.докладдардын тексттери, талкууланган маселелер боюнча сүйлөнгөн сөздөрдүн мазмуну, ошондой эле сүйлөөгө кол койгон, бирок сүйлөбөй калгандардын тизмеси.
Чечимдер төмөнкүдөй номерленет:
-чакырылыштын катар номери;
-чечимдин катар номери
1. Айылдык Кеңештин отурумунун протоколу айылдык Кеңештин катчысы тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт, төрага тарабынан 10 жумушчу күндун ичинде кол коюлат, төрага жок болгондо анын орун басары кол коет.
2. Айылдык Кеңештин сессиясынын протоколуна кол коюлгандан кийин, сүйлөнгөн сөздөрдүн мазмунун оңдоого тыюу салынат.
3. Төраганын орун басары депутаттардын колуна сессиянын протоколунун көчүрмөсүн 10 жумушчу күндөн кечиктирбей таратып берет.
4. Протоколдордун жана экземплярлардын түп нускасы белгиленген убакытка чейин айылдык Кеңештин иш кагаздарында болот, андан кийин Мыйзамга ылайык дайыма сактоо үчүн Мамлекеттик архивге жөнөтүлөт.
13-глава. Сессияны өткөрүүнүн тартиби
1. Айылдык Кеңеште бекитилген Регламентке ылайык ар бир жаран сессияга катышса болот. Бирок сессиянын жүрүшүнө тоскоолдук кылбай, кыйкырбай, талашпай өзүн адекваттуу алып жүргөндө гана катышууга жол берилет.
2. Айылдык Кенештин төрагасы депутаттарга да, сессияга катышып жаткан жарандарга да кол көтөрүү кезеги менен сүйлөөгө сөз берет.
3. Төраганын уруксатысыз чыгып сүйлөөгө болбойт.
4. Төраганын уруксаты жок чыгып сүйлөгөндөр протоколго киргизилбейт.
5. Депутаттардын сүйлөгөн сөзү 10 минуттан ашпоо зарыл.
6. Сүйлөнгөн сөздү талкуулоого 5 минут берилет.
7. Катышып жаткан жарандардын сөзү 3 минуттан ашпоо керек.
8. Эгерде сессияга дайыма бир түрдүү жарандар конкреттүү сунуштарсыз, комментарийлерсиз катыша беришсе, уруш, мушташтарга алып келген кырдаалдарды жаратып, сессияны өткөрүүгө тоскоолдук кылган чагымчыл аракеттерге алып келсе, анда бул жарандарды сессиянын чечими менен жарым жылга сессияга катышуудан ажыратуу керек. Эгерде бул чечим ошондо да эске алынбаса, бул адамдарды сессияга таптакыр киргизбөө зарыл.
9. Регламентти бир нече жолу бузган жарандарды сессиянын отуруму өтүп жаткан залдан укук коргоо органдарынын күчү менен чыгарып жиберүүгө болот.
10. Сессия убагында мобилдик телефондор өчүрүлүүгө тийиш.
14-глава. Айылдык Кеңештин сессиясынын материалдарын жарыялоо
1. Айылдык Кеңештин сессиясынын чечимдери айылдык Кеңештин төрагасынын макулдугу менен жана айыл өкмөтүнүн жоопкерчилиги астында эң маанилүү маселелер боюнча гана райондук басылмаларда толук же үзүндү түрүндө жарыяланат.
2. Айылдык Кеңештин чечимдери сессиянын отуруму аяктагандан кийин депутаттарга, аткаруучуларга жана кызыккан уюмдарга 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.
3. Айылдык Кеңештин токтомдорунун аткарылышы төрага, төраганын орун басары, туруктуу депутаттык комиссиялар, депутаттар, айыл өкмөтү жана жооптуу кызмат адамдары менен камсыздалат.
15-глава. Айылдык Кеңештин төрагасы
1. Айылдык Кеңештин сессиясын чакырат, төрагалык кылат, токтомдорго жана сессиянын чечимдерине кол коет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
2. Айылдык Кеңештин иш планын бекитүүгө алып чыгат
3. Айылдык Кеңешке кайрылган жарандардын кайрылууларын, арыздарын карайт.
4. Депутаттардын жарандарды кабыл алуусуна, жыл сайын шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө ж.б. ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна тилектештик кылат жана маалыматтар менен жабдыйт.
5. Айылдык Кенештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишмердүүлүктөрүн координациялайт.
6. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын кызматтык милдеттеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
7. Айылдык Кеңеш менен жергиликтүү жамааттын , айылдык аймактын аймагында жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү уюштурат.
8. Айылдык Кеңештин карамагындагы транспорттук жабдуулардын, курулуштартардын, имараттардын колдонулушун көзөмөлдөйт.
9. Айылдык Кеңештин, анын органдарынын иш аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын сактоо жана эне-баланы коргоо боюнча чараларды көрөт.
10. Эмгеги сиңген адамдарга Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын, Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жогорку органдарга кайрылат.
11. Төраганын буйруктары айылдык Кеңештин токтому менен өзгөрүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
12. Айылдык Кеңештин төрагасы жаңы чакырылыштын биринчи сессиясына чейин өзүнүн милдеттерин аткарат.
16-глава. Айылдык Кеңештин айыл өкмөтү
1. Айыл өкмөтү аткарган иш-аракеттери боюнча айылдык Кеңешке отчет берет.
2. Айылдык Кеңештин уюштуруучулук иштерин ишке ашырат. Депутаттарды тиешелүү маалыматтар менен камсыздайт жана аларга өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырыш үчүн шарт түзүп берет.
3. Айылдык Кенештин сессиясында кабыл алынган чечимдерди аткарат.
4. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана айылдык Кеңеш бекиткенден кийин аны аткарат.
5. Аймакты өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасынын долбоорун иштеп чыгат.
6. Депутаттардын алдында жылына 2 жолу (жарым жыл сайын) аймакты өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасынын аткарылышы жөнүндө үстүбүздөгү жыл үчүн отчет берет.
7. Жарандардын айылдык Кеңешке кайрылууларын жана арыздарын карайт жана тиешелүү чара көрүү тууралуу жообун берет.
8. Уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, ишкерлерди, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн ж.б.жарандарды сессияга катышуу үчүн чакырууларды уюштурат.
9. Отчет даярдайт жана аткарган иштери тууралуу аталаган калктуу пункттун алдында (1 жылда 1 жолу) отчет берет.
10. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Айылдык кеңешинин төрагасы | М. Аликулов |
2021-жылдын 4-июну