Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 544 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 токтомуна) |
2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасы
Киришүү
Бир кыйла мезгилден бери Кыргыз Республикасынын экономикасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле негизинен жаратылыш ресурстарын интенсивдүү жана сарамжалсыз пайдалануунун эсебинен өнүгүүгө багытталып келген. Жаратылыш капиталы активдүү эксплуатациялоодон улам экосистемалардын калыбына келүүсүнө мүмкүндүк бербеген натыйжасыз башкаруудан андан бетер начарлаган. Акыркы жылдары экологиялык жана социалдык факторлорду талаптагыдай эске албастан, экономикалык өнүгүү жолун улантуу азыркы, ошондой эле келечектеги муундар үчүн да коркунучтуу экендиги айкын болуп калды.
"Жашыл" экономика аныктамасы туруктуу өнүктүрүү концепциясын билдирбейт, бирок туруктуулукка жетишүүгө карата негиз болуп саналат. Туруктуулук маанилүү узак мөөнөттүү максат болуп кала берет, бирок ага жетишүү үчүн экономика "жашыл" болууга тийиш. Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) Айлана-чөйрө боюнча программасы "жашыл" экономиканы адамдардын бакыбаттуулугун жогорулаткан жана социалдык акыйкаттуулукту камсыз кылган, ошол эле учурда айлана-чөйрө жана анын начарлашы үчүн тобокелдикти олуттуу төмөндөткөн экономика катары аныктайт.
Кыргыз Республикасында "жашыл" экономика түшүнүгү адамдардын бакыбаттуулугун жогорулатууга жана айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу төмөндөтүү менен социалдык акыйкаттуулукка алып келген, жаратылыш капиталын сактоочу, көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемасын сактоого дем берүүчү экономика катары аныкталган. "Жашыл" экономикада кирешелердин жана жумуш менен камсыз болуунун өсүшү көмүртекти жана булганууну төмөндөтүүгө, аялдар жана эркектер үчүн жеткиликтүү "жашыл" жумуш орундарын жана калктын жашоосу жана саламаттыгы үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, энергияны, ресурстарды жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга багытталган мамлекеттик жана жеке инвестициялар менен камсыз кылынат.
2012-жылы БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча конференциясында Кыргыз Республикасы "жашыл" экономиканын артыкчылыктарын илгерилетүү менен туруктуу өнүктүрүүгө карата багыт алгандыгын билдирди. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү маанилүү даражада жаратылыш ресурстарын керектөөгө негизделгендиктен, Кыргыз Республикасы үчүн мындай багыт олуттуу зарылчылык болуп саналат. "Жашыл" экономикага өтүүнүн маанилүүлүгүн таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы токтому менен "Кыргызстан - "жашыл" экономиканын өлкөсү" "Жашыл" экономика концепциясы иштелип чыккан жана бекитилген.
Жаратылыш ресурстарын интенсивдүү пайдалануу кыска мөөнөттүү келечекте экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошоору шексиз, бирок узак мөөнөттүү келечекте бул олуттуу жагымсыз кесепеттерге: кеңири масштабдуу жакырчылыкка жана абанын булганышынан, ичүүчү суунун сапатсыздыгынан, азык-түлүктүн жана энергиянын жетишсиздигинен улам калктын ден соолугунун начарлашына алып келе тургандыгын түшүнүү маанилүү.
Кыргыз Республикасында азыр да тынчсыздандырган тенденциялар байкалууда. Деградацияланган же бузулуу процесстерине кабылган айыл чарба жерлеринин аянты өсүп жатат. Кыргыз Республикасында жерлердин деградацияланышы негизинен айыл чарба жерлерин туруксуз пайдалануунун, малды ашыкча көп жаюунун, ошондой эле ирригация системаларын жана суу чарбасын натыйжасыз башкаруунун кесепети болуп эсептелет. Айыл чарбасы тузсуз сууну негизги керектөөчүлөрдөн болуп саналат. Жалпы пайдаланылган суунун 95% сугатка жана айыл чарбасын суу менен камсыздоого чыгымдалат. Мында сууну ташып жеткирүүдө аны жоготуу деңгээли өтө жогору - жалпы алынган суунун көлөмүнөн 25%га жакын. Натыйжада бул факторлор өлкөдө калкты тамак-аш азыктары менен камсыз кылууда көйгөйлөрдүн көбөйүү тобокелдигин жаратты.
Суу ресурстары Кыргыз Республикасын электр энергиясы менен камсыз кылууда да чоң мааниге ээ. Кайра жаралуучу энергиянын колдо болгон потенциалына карабастан, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында электр энергиясын өндүрүү көлөмдөрүнөн ашыкча пайдаланылат, бул экономикалык өнүгүү үчүн олуттуу тоскоолдук, ошондуктан энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук маселелери абдан эле актуалдуу.
Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин сандык талдоосуна ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү экономикалык өсүшкө дем берет, жумушка орношуунун жаңы мүмкүндүктөрүн түзөт, адамдын бакыбаттуулугун арттырат жана климаттык коопсуз келечекке жетүүгө шарт түзөт.
Климатологдор атмосферада индустриалдашууга чейинки деңгээлге салыштырмалуу (миллионго 280 бөлүк (ppm) көмүр кычкыл газынын (CO2) концентрациясынын өсүшүн белгилешет. Акыркы он жылдын аралыгында 2 ppm орточо өсүш менен 2016-жылы CO2 орточо концентрациясы (403 ppm) XIX кылымга караганда 40%га жогору болгон. Отунду күйгүзүүдөн CO2 глобалдуу чыгаруусунун үчтөн экиси электр жана жылуулук өндүрүүгө - 42% жана транспортко - 24% туура келет.
Электр энергиясын өндүрүү жана керектөө секторунда CO2 чыгаруу парниктик газдардын глобалдуу антропогендик чыгаруусунун 68% түзөт. Парниктик газдардын эң көп саны энергия жабдуу сектору тарабынан чыгарылат, ага акыркы керектөө секторлорунда энергетикалык кызматтарды көрсөтүү үчүн экинчи энергияны пайдалануучуларды кошпогондо, казып алуунун, конверсиянын, сактоонун, энергияны өткөрүп берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн бардык процесстери кирет.
Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасында CO2 чыгаруусу 1990-жылдын деңгээлинен 56,6%га төмөндөгөн жана 2015-жылы отун күйгүзүүдөн CO2 чыгаруусу 9,9 миллион тоннага - 10%га чейин көбөйгөнүн кошуп алганда, 1995-жылдан тартып туруктуу өсүүдө.
Климаттын күтүлгөн өзгөрүүсү калктын жашоо шартына жана ден соолугуна олуттуу таасирин тийгизет, бирок, калктын жакыр катмары, өзгөчө аялдар, балдар, улгайган курактагы адамдар кыйла аярлуу болот.
Бүткүл дүйнөдө климаттык тобокелдиктер туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн кооптуу катары каралат. Климаттын өзгөргөн шарттарында туруктуу өнүгүүнү пландоо климаттын өзгөрүшүнө карата ыңгайлашууну эске алуу менен ишке ашырыла баштайт. Табигый кырсыктар жана климаттын өзгөрүшүнүн башка кесепеттери кыйла интенсивдүү жана тезирээк болуп турат жана өнүгүүнүн кыска убакыттагы чаралары (климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринин алдын алуу боюнча чараларды эске албаганда) климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин гана күчөтөт.
Атмосфералык абанын жогорку деңгээлде булганышы адамдын ден соолугуна жана экосистеманын туруктуулугуна терс таасир этет, ошондой эле техникалык инфратүзүмдүн элементтеринин бузулушуна алып келет. Айрыкча өлкөнүн шаарлары үчүн атмосфералык абанын булгануу көйгөйү курч болууда. Эксперттик баалоолор боюнча негизги булгоочу заттардын 87% атмосфералык абага транспорт каражаттарынан чыгат, алардын саны жыл сайын өсүүдө. Бул калктын ишке жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүүгө, натыйжада калктын саламаттык сактоого чыгашаларын көбөйтүүгө, ошондой эле экосистемаларды жоготууга жана инфратүзүм объекттерин күтүүгө кошумча экономикалык чыгымдарга алып келет.
Атмосфералык абадагы көмүртектин оксидинин (СО), күкүрттүн диоксидинин (SO2), азоттун оксиддеринин (NOx), озондун жана башка заттардын жогору концентрацияларынын адамга тийгизген терс таасирин көрсөтүүчү изилдөөлөр бар.
Формальдегид адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү жогорку уулуу заттардын бири болуп саналат.
Калктын жана керектөөнүн өсүшү өндүрүштүн жана керектөөлөрдүн калдыктарынын көбөйүшүнө алып келет. Калдыктардын пайда болгон көлөмү экономикалык активдүүлүктүн деңгээли менен тыгыз байланышкан жана коомдо калыптанган өндүрүштүн жана керектөөнүн түзүмүн чагылдырат. Таштандыларда жайгашкан калдыктардын 70%дан ашыгы кайра иштетүүгө жана утилдештирүүгө жарактуу, бул ресурстарды натыйжасыз пайдаланууну жана экономикадагы потенциалдуу жоготууларды көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын таштанды полигондорунда 16 млн. тоннадан ашык керектөө калдыктары топтолгон. Жыл сайын болжол менен 520 миң тонна калдык чогулат. Калдыктарды уюштуруп ташып чыгуунун жана жайгашкан калдыктардын эсебинин жоктугунан топтолгон калдыктар боюнча так маалыматтар жок.
"Жашыл" экономика жаратылыш ресурстарын адилеттүү пайдалануу, ар түрдүү социалдык топтор үчүн пайданы бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелерин өзүнө камтыйт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, гендер жана жакырчылык өз ара байланышкан жана социалдык өзгөрүүгө карата өз ара бекемдөөчү тоскоолдуктарды түзөт, демек, "жашыл" экономикага өтүү гендердик нейтралдуу процесс болуп саналбайт жана адамдык өлчөөнү ар тараптуу эсепке алууну талап кылат. Аялдар жана эркектер учурдагы экономикалык системага ар түрдүү салым кошушат, ар түрдүү пайда табышат, ар түрдүү импульстарга жооп кайтарышат, ар түрдүү чечимдерди кабыл алышат. Саясатты иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана баалоодо аялдардын кызыкчылыктарын саясат объекттери катары гана эмес маанилүү агенттер катары эске алуу зарыл.
"Жашыл" экономикага өтүүгө дем берүү сөзсүз түрдө финансылык агымдарды, ошондой эле фискалдык саясаттын жана мамлекеттик сатып алуулардын таасирдүү чараларын жөнгө салуу мамилелерине жана принциптерине өзгөртүүлөрдү талап кылаары шексиз. Финансылык сектор "жашыл" экономикага өтүүгө түз таасир этпесе да, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, энергияны керектөө чыгымдарын төмөндөтүүгө, ошондой эле инвестициялоо, калдыксыздык, зыянсыздык жана жогорку технологиялуулук боюнча талаптардын ырааттуулугу менен экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди кыскартууга шарт түзөт.
Адам потенциалын өнүктүрүү жана квалификациялуу кадрлардын болушу "жашыл" экономикага өтүү жана өлкөдө туруктуу өнүгүүнүн принциптерин киргизүү үчүн чечүүчү шарт болуп саналат. Дал ушул жогорку адам потенциалы жана калктын маалымдуулугу бардык улуттук жана тармактык өнүгүү программаларын турмушка ийгиликтүү ашырууга мүмкүндүк берет.
Жогоруда баяндалган факторлордун жыйындысы, жаратылыш ресурстарынын начарлоо жана айлана-чөйрөнүн булгануу тобокелдиктеринин жана коркунучтарынын өсүшү Кыргыз Республикасынын "жашыл" экономикага өтүүсүнүн зарылдыгын жана актуалдуулугун белгилейт. Өлкөдө "жашыл" экономиканы" өнүктүрүүдө энергиялык натыйжалуулукка жана энергияны үнөмдөөгө, кайра жаралуучу булактардан энергияны өндүрүүгө, шаардык жана айылдык райондордо суу жана жер ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча экосистемалык ыкмага, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн мониторингине жана эсепке алууга дем берүү боюнча мамлекеттик саясатты өзгөртүү талап кылынат. Түпкү натыйжада бардык кайра түзүүлөр адамдын жашоосунун жана айлана-чөйрөнүн сапатына оң таасир этүүгө багытталууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Программанын максаты болуп өлкөнүн артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүдө "жашыл" экономика ыкмаларын киргизүү боюнча негиздерди түзүү саналат.
I. Туруктуу табигый экосистемалар
Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын борбордук акценти туруктуулук менен байланышкан. Туруктуулук жашоону камсыз кылуу системасын колдоо катары түшүнүлөт жана ал "жаратылыш капиталынын" запастарын, башкача айтканда жаратылыш ресурстарын кошуп алганда капиталдык запастарды бузбастан, белгисиз узак мөөнөткө тиешелүү деңгээлде сакталуучу керектөө көлөмүн аныктайт.
Бүгүнкү күндө экономикалык өнүгүүнүн түзүлгөн тенденциясы жаратылыш ресурстарын начар пайдалануунун эсебинен кыска мөөнөттүү мезгилде ИДП прогрессине жетишүүгө негизделген. Мында айлана-чөйрөнү деградациялоодон жана жаратылыш капиталынын бузулушунан жоготуулар эске алынбайт, алар узак мөөнөттүү мезгилде өлкөнүн экономикасын прогресстөөчү туруксуздукка алып келет.
Ошондуктан экосистемалардын стабилдүүлүгүн камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүү механизмдерин иштеп чыгуу актуалдуу болуп саналат, алардын жардамы менен экономикалык жана социалдык өнүгүү бир катар муундарда улана алат.
Максаты. Жаратылыш системаларынын өзүн-өзү жөнгө салуу жана антропогендик иштин кесепеттерин компенсациялоо жөндөмдүүлүгүн колдоо үчүн жетиштүү болгон табигый экосистемаларды жана биотүрдүүлүктү сактоо жана калыбына келтирүү.
Учурдагы кырдаалды талдоо. Азыркы убакта өлкөнүн экономикасында негизинен ресурсту бузуучу технологиялар колдонулат. Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун учурдагы баа түзүүчү механизми терс экстерналдык чыгымдарды эске албайт жана ошону менен жаратылыш ресурстарын ашыкча пайдаланууга экономикалык чектөөлөрдү койбойт. Бирок жаратылыш ресурстарын эксплутациялоого негизделген экономиканын өсүшү экосистемалардын потенциалдуу чегинде гана орун алышы мүмкүн.
Биотүрдүүлүк экосистемалардын иштөөсүнө зарыл шарттарды түзүү жана адамдын жашоо тиричилиги жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн зарыл болгон экологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо үчүн негиз болот, социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүнү кошуп алганда Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүгө салым кошот.
Экосистемаларды ашыкча эксплуатациялоо, анын табигый аянттарын кыскартуу сөзсүз түрдө калктын жашоо сапатын төмөндөтүүгө, экономика үчүн ресурстук базаны начарлатууга алып келет.
Кыргыз Республикасы - тоолуу өлкө, аймагынын дээрлик 90%ы деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте жайгашкан. Республиканын аймагынын 30%га жакыны түз жерлерди жана өрөөндөрдү, ал эми 70%ы негизинен Тянь-Шань тоо кыркасынын бийик тоолорунда жана салыштырмалуу аз бөлүгү Памир тоо кыркасында жайгашкан тоолорду түзөт.
Ээлеген аймагы боюнча Кыргыз Республикасы чакан өлкө болгондугуна карабастан (дүйнөлүк кургак жердин 0,13%ы), табияты өтө көп түрлөргө ээ - дүйнөлүк флоранын 2%га жакын түрү жана дүйнөлүк фаунанын 3%дан ашык түрү, өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын бир топ түрлөрү эндемикаларга таандык.
Кыргыз Республикасынын табиятынын көп түрдүүлүгү ар кандай өсүмдүктөр, вирустар, бактериялар жана түрдүү экосистемадагы жаныбарлар дүйнөсүнөн турат жана 26500дөн ашык түргө ээ.
Түрлөрдүн байыр алган жалпы аянтынын кыскарышы жана жайгашкан жерлеринин фрагментациясы, ошондой эле антропогендик таасирлердин биоценологиялык кесепеттери алардын түрүнүн азайышына алып келүүдө. Алсак Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин тизмеси сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн 202 түрүн камтыйт.
Адам баласынын ишинин натыйжасында акыркы 100 жыл аралыгында булардын айрым түрлөрү такыр жоголуп кетсе, башкалары жоголуп кетүү коркунучунда турат. Ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн 1 түрү (жолборс) тукум курут болсо, 15 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат; канаттуулар фаунасында - 4 түрү жок болуп кетсе, 26 түрү жок болуу алдында турат; флорадагы жоготуу азыраак болуп саналат; бир түрү жок болуп кеткен, 56 түрү жоголуу коркунучунда турат. Курт-кумурскалардын 150дөн ашык түрү жана омурткасыздардын 30дан ашык түрү реалдуу жоголуп кетүү коркунучунда турса, ал эми 2 түрү Кыргыз Республикасында түп орду менен жок болуп кеткен.
Экосистеманын иштешине жана алардын стабилдүү болушун колдоодо жаныбарлардын көптөгөн түрүнүн ролу толук изилденген эмес. Көп түрдүүлүктү инвентаризациялоо жана мониторинг жүргүзүү системалык түрдө эмес, айрым топтор боюнча гана жүргүзүлөт.
Жаратылыш экосистемаларын коргоону жана калыбына келтирүүнү эсепке алуу мамлекеттин жана коомдун ишинин алгылыктуу багыттарынын бири болууга тийиш, себеби дал ушулар гана муундар аралык байланышты камсыз кылып, келечекте экономикалык өнүгүүгө мүмкүндүктөрдү кепилдейт.
Өзүнүн салыштырмалуу чакан жалпы аянтына карабастан (5,61%) Кыргыз Республикасынын токойлору экологиялык стабилдүүлүктү жана климатты калыптандырууну камсыздоодо негизги ролду ойнойт. Кыргыз Республикасынын токойлору: жаңгак-мөмөлүү, карагайлуу, арчалуу жана жайылма токой болуп төрт түргө бөлүнөт. Өлкөнүн бардык токойлору жаратылышты коргоочу болуп саналат.
Өлкөнүн бардык аймагында токой аянттарын көбөйтүү максатында жыл сайын 1000 гектардан ашык аянтка токой өсүмдүктөрү, алардын 65-80%ы тоо беттеринде отургузулат. Табигый экосистеманы сактап калуучу токой өсүмдүктөрүн отургузуунун жогорулоо тенденциясы экологиялык туруктуулукту камсыз кылуунун оң фактору болуп саналат.
Токой сектору боюнча жаратылыш-экономикалык эсепке алуу системасын ишке киргизүү боюнча иштер башталды. Токой ресурстарын эсепке алуу токой чарбасынын ИДПга кошкон реалдуу салымын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Алсак 2014-жылы өлкөнүн ИДПсында токой секторунун үлүшү 0,05%ды, ал эми токой эсептери боюнча пилоттук эсептөөлөрдүн алкагында 1,24%ды түзгөн. Негизинен бул көрсөткүч жыгач эмес продукциялардын эсебинен көбөйгөн.
Бүгүнкү күндө токойлорго негизинен жергиликтүү калк тарабынан жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануудан улам коркунуч келип чыгууда. Айдоо аянттарынын жана жайыттардын жетишсиздиги, башка булактардан кирешенин жоктугу жергиликтүү калктын жашоосу үчүн токой ресурстарын жигердүү колдонууга муктаж кылууда. Адам баласынын токой ресурстарына болгон таасири күн санап өсүп жатат жана акырындык менен токойлордун деградацияланышына, андан кийин аймактарда токойдун азайышына алып келүүдө.
Аянттарда токойдун азайышы жана деградацияланышы биотүрдүүлүктүн жоголушунун негизги себептеринен болуп саналат. Республикада мал башынын туруктуу өсүшү байкалууда, алардын жөнгө салынбаган жана системасыз жайылышы өлкөнүн жалпы аянтынын 40%ын түзгөн жайыттардын экосистемасынын жана айыл чарба жеринин 85%ынын бузулушуна алып келет, малды жаюу ченеми бир нече эсеге ашык. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жер (өзгөчө жайыт жер) жана токой ресурстарын туруктуу башкарууга багытталган чараларды көрүү зарыл.
Жерди агро-ценоздорго жана урбо-ландшафттарга өздөштүрүүгө байланыштуу, талаа аянттары, өрөөндүү аймактардагы жана деңиз деңгээлинен 500дөн 1000 метр бийиктикте жайгашкан тоо котловандарындагы жарым чөлдөрдүн аянттары азаюуда. Бул экосистемаларда флоранын жана фаунанын талаа жана чөлдүү түрлөрү, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрү: чөлдө өсүүчү өсүмдүктөр, рептилиялар, талаа канаттуулары, сүт эмүүчүлөр бар.
Жерди туруксуз колдонуу тажрыйбасы жана сууну айыл чарба муктаждыктарына сугаруу үчүн сарамжалсыз колдонуу жер кыртышынын сазга айлануусун, туздалышын жана эрозияланышын пайда кылуу менен терс өзгөрүүлөргө алып келет.
Агрохимикаттарды колдонуу табигый чаңдатуучулардын (курт-кумурскалардын, майда канаттуулардын жана жарганаттардын) азайышына алып келет; химиялык жер семирткичтер жер кыртышына аралашып, кыртыштын минералдашын күчөтөт, анын негизинде гумустук катмар төмөндөйт, мындан сырткары айдоо жери жантык болгон учурда жер семирткичтердин калдыктары интенсивдүү жуулуп, химикаттар менен булгануу чоң аянтка жайылат.
Бийик тоолуу, өтө морт жана аялуу экосистемаларда жүргүзүлүүчү кен казуу иштери фауна жайгашкан жана флора өскөн чөйрөнүн табигый экосистемаларында тынчсыздануу, кыйроо жана булгануу факторунун булагы болуп саналат.
Жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын сакталбашы, браконьерлик, мыйзамсыз балык уулоо, жыгач эмес токой продукциясын кыюу жана жыйноо биотүрдүүлүктүн начарлашына жана табигый экосистемалардын аянттарынын кыскарышына алып келет. Популяция санынын кыскарышы жана жашоо мейкиндигинин чектелиши түрлөрдүн генетикалык түзүмүнүн бузулушуна алып келет.
Жыгач жана жыгач эмес токой продукциясын чогултуу, балык уулоо, дары чөптөрдү жыйноо жана формалдуу эмес экономикалык иштин башка түрлөрү калк үчүн жеткиликтүү иштин түрү болуп саналат. Мында иштин бул түрү менен алектенген калк, эреже катары жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын эске албайт, алар аны көпчүлүк учурларда белгилүү бир чектөө же финансылык салым катары түшүнөт.
Аялдардын саны жаратылыш ресурстары жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү сактоо жана коргоо, ага келтирилген зыянды жоюу маселелери боюнча саясатты иштеп чыгуунун жана чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде мурдагыдай эле аз. Алардын жаратылышты колдонуудагы туура ыкмаларын жайылтуу жана мониторинг жүргүзүү жаатындагы тажрыйбалары жана көндүмдөрү азыркыга чейин талап кылынбай келет.
Ошону менен бирге аялдар экологиялык этиканы жайылтуу, ресурстарды пайдаланууну кыскартуу, калдыктарды жана ашыкча пайдаланууну минималдаштыруу максатында ресурстарды кайталап колдонуу же утилдештирүү ишинде көп учурларда алдыңкы ролдо же лидер катары болушат. Аялдар көп учурларда жаратылышты пайдаланууну башкарууга, анын ичинде чечүүчү мааниге ээ болгон иш чараларды - айлана-чөйрөнү коргоо кампанияларын өткөрүү жолу менен салым кошушат.
Өлкөнүн бир катар аймактарында аялдар коомчулуктун стабилдүү мүчөсү болуп эсептелет, анткени эркектердин көпчүлүгү үйдөн алыс иштеп жаткандыктан, үй чарбасынын жана коомчулуктун алкагында ресурстарды сарамжалдуу жана туруктуу бөлүштүрүү боюнча жүктү аялдарга жүктөп коюшкан.
Бул жоопкерчилик чаралары тартип бузуучулардын жүрүм-турумун өзгөртпөйт, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча алдын алуу иштерин аткарууга жана экологиялык жаңы, натыйжалуу технологияларды ишке киргизүүгө дем бербегендиги менен да маанилүү. Доо жана айып пулдардын суммалары зыянды толук жабуу үчүн керектелген реалдуу чыгымдарга караганда бир топ азыраак.
Жаратылыш ресурстарынын деградацияланышы, айлана-чөйрөнүн булганышы жана биотүрдүүлүктүн жоюулушу экологиялык системалардын өзүн-өзү кайра калыбына келтирүү мүмкүндүгүн кыскартат.
Климаттын өзгөрүшү Кыргыз Республикасынын бардык токой ландшафттарына жана биотүрдүүлүгүнө таасир этет. Абанын температурасынын жогорулашынын, суу менен камсыз кылуу боюнча өзгөрүүлөрдүн жана көмүр кычкыл газынын курамынын болжолдонгон жогорулашынын натыйжасында токойлордо жана биотүрдүүлүктө өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, алар эки деңгээлде: түзүмдүк (бактардын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн физиологиясы жана метаболизми) жана экосистеманын иштөө деңгээлинде өтөт.
Абанын температурасынын мындан ары жогорулашы өсүмдүктөр дүйнөсүнүн вертикалдык алкагынын жылышына алып келет. Өсүмдүктөрдүн чөлдүү жана жарым чөлдүү түрлөрү тоолуу талаалардын жана шалбаа талааларынын көбүн ээлешет, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн алмашуу, биотүрдүүлүктүн жана токойлордун жоголуу процесстери күчөйт. Мында вегетациялык мөөнөт бир топ узарышы мүмкүн.
Токойлордун бийик жерлерге которулушу генетикалык жана экологиялык таасирлердин натыйжасында көптөгөн өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн аярлуулугунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Бактардын көп түрү ыңгайлашбай, климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында жок болуп кетет, анын негизинде алар көрсөткөн экосистемалык кызматтар да жоголот.
Жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, табигый экосистемалардын аянттарынын кыскарышы индивиддердин жана жергиликтүү жамааттын жашоо сапатынын сөзсүз түрдө төмөндөшүнө, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн ресурстук базанын азайышына алып келет. Биотүрдүүлүктүн кыскарышынын жана табигый экосистемалардын деградациясынын социалдык кесепеттери аябай чоң, бул жашоо сапатынын жана деңгээлинин төмөндөшү, жашоо үчүн булактардын кыскарышы, байлар жана жакырлардын ортосунда ажырымдын тереңдеши жана эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздиктин күчөшү.
Гендер жакырчылык сыяктуу эле биотүрдүүлүктү кыскартуу көйгөйүнүн маанилүү аспектиси болуп саналат жана бул факт саясий деңгээлде таанылышы керек. Негизинен гендер жана жакырчылык бири-бири менен байланышкан жана социалдык өзгөрүүлөр үчүн өз ара бекемдөөчү тоскоолдуктарды түзөт. Табигый экосистемалардын жана биотүрдүүлүктүн кыскарышы гендердик жактан нейтралдуу эмес жана ар кандай социалдык катмарлар үчүн, ошондой эле аялдар жана эркектер үчүн да түрдүү коркунучтарды туудурат.
Аялдар жана эркектер табигый экосистеманын кыскаруу себебине түрдүү салымдарын кошушат, деградациялануу кесепеттерин ар башкача кабыл алышат, ошондой эле аларга ар башкача жооп кайтарышат, ошондуктан биотүрдүүлүктү сактоо маселелеринде саясатты иштеп чыгууда гендердик мамилени эске алуу маанилүү. Эркектер жана аялдар түрдүү гендердик ролдорго жана жоопкерчиликтерге ээ, ресурстарды пайдаланууга жана чечимдерди кабыл алууга ар түрдүүчө киришет.
Жаратылыш ландшафттарын, экосистемаларды жана биотүрдүүлүктү калыбына келтирүү жана сактоо - адамдын жашоосу жана айлана-чөйрө үчүн жагымдуу болуп саналат.
Өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын колдонуудагы системасы өлкөнүн жаратылыш байлыгын сактоону камсыз кылуу үчүн талаптагыдай камтууну жана өзгөчө шарттамды толук кандуу камсыз кылбайт. Өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын (республиканын бардык аянтынын 7,4%) натыйжалуу иштешинин негизги көйгөйүнөн болуп аларды башкаруунун натыйжалуу илимий негизделген системасынын жоктугу, ошондой эле өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын жетиштүү эмес камсыздалышы жана материалдык-техникалык базасынын алсыздыгы саналат. Өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары бардык негизги табигый экосистемаларды камтыбайт жана ишенимдүү экологиялык каркасты түптөбөйт. Экологиялык мейкиндиктин андан ары фрагментацияланышы жана түрдүү популяциялар жана ареалдар ортосундагы табигый байланыштардын жоюлушу өзгөчө коркунуч жаратат. Ошого байланыштуу экономикалык потенциалды экологиялык достук бизнес долбоорлорун (экологиялык туризм, балчылык ж.б.) колдоонун эсебинен өнүктүрүү зарыл.
Экологияга багытталган бизнести өнүктүрүү, калктын социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу, коомдук экологиялык дүйнө таанымды калыптандыруу жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш-ресурстук потенциалын сактоо үчүн жоопкерчиликти сезүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетүү боюнча негизги багыттардан болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаратылыш ресурстарын жакынкы келечекте эксплуатациялоо чектерин белгилөө менен аларды алдын ала экологиялык-экономикалык баалоого негизделиши керек.
Биотүрдүүлүктү жоготуп алуунун алдын алуу боюнча аракеттердин натыйжалуулугу алардын начарлашынын көйгөйлөрүн чечүүдөн, негизги себептеринен же аныктоочу кыйыр факторлорунан көз каранды болот. Биотүрдүүлүктүн реалдуу пайдалары менен аны жоготуп алууга байланышкан чыгымдарынын экономикалык жана рыноктук системалардын алкагында чагылдырылышы маанилүү аспекттерден болуп саналат.
Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн анык наркы тууралуу маалыматтын болушу жана экосистемалык кызматты стратегиялык өлкөлүк пландоого интеграциялаштыруу, натыйжалуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алууга, тагыраак айтканда өлкөнүн жаратылыш капиталын эске алууга мүмкүндүк берет.
Милдеттер. Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аныкталган: 1) табигый экосистемаларга болгон жүктү жөнгө салуу; 2) табигый жаратылыш чөйрөсүн сактоо жана калыбына келтирүү; 3) экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу пайдалануу; 4) өнүгүү процесстеринде жана пландоонун жүрүшүндө биотүрдүүлүктүн жана экосистемалардын баалуулугунун эсебин камсыздоо; 5) калктын биологиялык түрлөргө карата аяр мамилесин жана экологиялык маданиятын түптөө.
1) Табигый экосистемаларга болгон жүктү жөнгө салуу.
Бул милдетке секторлордун жана иштин субъектилеринин ортосунда адам баласынын ишинин айлана-чөйрөгө таасирин баалоо сыяктуу пландоо инструменттери, биотүрдүүлүктүн аспектилерин камтыган дем берүү чаралары сыяктуу экономикалык инструменттер менен колдоого алынган диалогду жүргүзүү аркылуу жетишилет.
Чаралар Биотүрдүүлүк жөнүндө конвенциянын (1992-жылдын 5-июнунда, Рио-де-Жанейро ш.) алкагында кабыл алынган чаралардын натыйжасында эркектер менен аялдар дуушар болгон түрдүү тобокелдиктерди эске алууга багытталат, Кыргыз Республикасы бул конвенцияга Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы № 40 Мыйзамы менен кошулган. Ошондой эле чаралар улуттук жана эл аралык процесстердин алкагындагы гендердик милдеттенмелер жөнүндө биотүрдүүлүктү сактап калуу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуучу жактардын маалымдуулугун жогорулатууга багытталат;
2) Табигый жаратылыш чөйрөсүн сактоо жана калыбына келтирүү.
Чаралар биотүрдүүлүктү сактап калуудагы ландшафттык мамилени илгерилетүүгө, түзүмдүк ички түрдүүлүктү жана табигый экосистеманын керектүү ареалын сактоого, анын ичинде өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарын жаратылышты пайдалануунун жөнгө салынуучу түрдүү режимдери менен байланыштырган экологиялык коридорлорду түзүү жолу менен сактоого багытталат.
Биринчи кезекте табигый экосистеманын критерийлерин, ченемдерин жана деградация индикаторлорун иштеп чыгуу, негизги экосистемалардын табигый жашаган жерлеринин, биотүрдүүлүктүн абалы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, табигый жашаган жерлерди кайра түзүүнүн же деградациянын чектерин белгилөө боюнча сунуштарды даярдоо пландалууда. Биотүрдүүлүктү сактоого мониторинг жүргүзүү процессинде жергиликтүү жамааттын аялдарын жана эркектерин бирдей тартуу пландалып жатат.
Чаралар Кыргыз Республикасындагы түрлөрдүн жоголуп кетүү коркунучтарын кыскартууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн жайгашкан аймактарын коргоо жолу менен жоголуп кетүүнүн түз жана кыйыр себептерин жоюуга багытталат.
Мындан тышкары экосистеманы жана биотүрдүүлүктү сактоонун, климаттын өзгөрүшүнүн алкагында аялдардын демилгелерин колдоо жана түрлөрдүн - индикаторлордун негизинде токойлордун абалын баалоодо аялдардын жана эркектердин потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт;
3) Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу пайдалануу.
Жаратылыш ресурстарын жана биотүрдүүлүктү сактоо аларды пайдалануудан баш тартуу дегенди билдирбейт. Көп учурдагы жана келечектеги муун үчүн туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында, аларды сарамжалдуу пайдалануу тууралуу жүрүп жатат. Эгерде биоресурстарды экономикалык баалоого мүмкүн болсо, анда аларды сактоого капиталдык салымды алынуучу пайдаларды көрсөтүү менен (т.а. экономика үчүн оң натыйжаларды же жаратылышты коргоо чаралары көрүлгөндөн кийин жашоо шартынын оңолушун баалоо менен) негиздөөгө болот.
Жерди пайдаланууну пландоого ландшафттык мамилени жасоо жана токой ресурстарын туруктуу пайдалануу, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө баалоо жүргүзүү боюнча инструменттерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү чаралары пландалууда. Биотүрдүүлүк ресурстарын баалоодо алардын эркектер, ошондой эле аялдар тарабынан колдонулушу эске алынат.
Токой тармагында пилоттук токой чарбалары үчүн токойлорду башкаруунун интеграцияланган пландарын, анын ичинде башкаруу жана жетектөө жаатындагы жоопкерчиликти жергиликтүү деңгээлге кеңири ыйгарым укук берүү менен иштеп чыгуу пландалууда. Сертификациялоо жана маркалоо стандарттарын пайдаланууга дем берүү механизмдерин өнүктүрүү каралууда;
4) Пландоонун жана өнүгүү процессинин жүрүшүндө экосистемалардын жана биотүрдүүлүктүн баалуулугун эсепке алууну камсыз кылуу.
Чаралар биотүрдүүлүктү улуттук кенч катары экономикалык баалоонун жалпы мамлекеттик системасын түзүүгө багытталган. Биотүрдүүлүктү сактоо маселелерин, анын ичинде биотүрдүүлүктүн нарктык баалуулугун өнүгүүнүн улуттук жана жергиликтүү стратегияларына, пландоо процесстерине, Улуттук эсептер системасына (УЭС) киргизүү каралган, бул биотүрдүүлүктүн көйгөйлөрүн актуалдаштырууга жана чечимдерди кабыл алуу процессинде биотүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу менен байланышкан коромжуларды жана пайдаларды эсепке алууга түрткү берет.
Бул милдет биотүрдүүлүктү мониторингдөөнүн жана эсепке алуу методдорунун сапатын жогорулатууга, жаңы технологияларды иштеп чыгууга жана электрондук инструменттерди пайдалануу менен биотүрдүүлүктү сактоо боюнча маалыматтарды топтоонун жана системалаштыруунун ведомстволор аралык механизмин иштеп чыгууга да багытталган. Биотүрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегияны жана аракеттер планын иштеп чыгуу процесстерине аялдарды бирдей натыйжалуу тартуу камсыздалат;
5) Калктын биологиялык түрлөргө карата этият мамилесин жана экологиялык маданиятын калыптандыруу.
Бул милдетти ишке ашыруу боюнча чаралар окутуунун формалдык контекстинде окутуу жолу менен биотүрдүүлүктүн баалуулугу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган, мисалы, мектептерде жана жогорку окуу жайларында туруктуу өнүктүрүү боюнча билим берүүнүн алкагында, ошондой эле формалдык эмес контексте, мисалы, веб-сайттар, тасмалар, маалымат материалдары аркылуу музейлерде, коруктарда, парктарда.
Иштелип чыгуучу чаралар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу максатында маалыматтык кампаниялар пландалууда, бул маалымдуулукту жогорулатууга гана өбөлгө түзбөстөн, жүрүм-турумду өзгөртүүгө жана конкреттүү чараларды өткөрүүгө да өбөлгө түзөт. Волонтёрлорду, кызыкдар коомдун өкүлдөрүн биотүрдүүлүктү сактоо боюнча маселелерди чечүүгө катышууга тартуу, ЖОЖдордун, илимий жана коомдук уюмдардын өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарында биргелешкен изилдөөлөрүн илгерилетүү пландалууда. Ошондой эле аялдардын айыл чарба ЖОЖдорунда, анын ичинде токой менен байланышкан адистиктер боюнча билим алуусу (билим берүүгө квоталар) колдоого алынат.
Күтүлүүчү натыйжалар
- чарба субъектилерин биотүрдүүлүктү жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө кызыктыруу үчүн экономикалык жана башка стимулдарды киргизүү боюнча маселелер иштелип чыкты;
- деградацияланган экосистеманы этабы менен калыбына келтирүү боюнча программа иштелип чыкты;
- өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын тармагы өлкөнүн жалпы аянтынын 10%ына чейин кеңейди жана экологиялык достук бизнес долбоорлорун (экологиялык туризм, балчылык, дары чөптөр ж.б.) колдоонун эсебинен өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын тармагынын экономикалык потенциалы күчөтүлдү;
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо боюнча методика иштелип чыкты жана стратегиялык пландоого интеграцияланды;
- жаратылыш-экономикалык эсептөө системасын киргизүү жолу менен токой тармагынын ИДПга салымы 0,1%га чейин жогорулады, токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун күчөтүү жана токой экосистемаларынын рекреациялык жана башка потенциалын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү;
- өлкөнүн токой менен капталган аянты 2023-жылга карата 5,7%га өстү;
- тез өсүүчү тектеги бактардын плантациясынын аянты көбөйдү;
- токой чарбасынын маалымат системасы түзүлдү;
- браконьерликке жана токойлорду мыйзамсыз кыюуга каршы күрөшүү чаралары күчөтүлдү;
- экосистеманы жана биотүрдүүлүктү сактоо багытында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча чаралар иштелип чыкты.
II. Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
1. "Жашыл" энергетика
Максаты. Энергетикалык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо жана сапаттуу жашоо үчүн энергия туруктуу "жашыл" энергетиканын негизги түзүүчүлөрүнөн болгондугун эске алып, жарандардын жана экономикалык субъекттердин ишенимдүү жана өз убагында энергия менен камсыз болушун жогорулатуу менен бирге эле ИДП энергия сыйымдуулугун төмөндөтүү 2023-жылга карата энергетика чөйрөсүнүн максаты болуп эсептелет.
Учурдагы кырдаалды талдоо. Кыргыз Республикасында таш көмүр, газ, электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана жылуу суу менен камсыз кылуу жана күйүүчү майлоочу материалдар негизги отун-энергетикалык ресурстардан болуп саналат. Бирок алдыңкы энергетикалык агенттиктердин божомолдору таза энергетиканын технологияларынын тез жайылышы жана алардын наркынын төмөндөшү менен катар энергетиканын өсүп жаткан электрлешүүсүн дүйнөлүк энергия системасынын өнүгүшүнүн башкы тренддеринин бири катары белгилейт.
Бүткүл дүйнөлүк банктын демилгеси боюнча RISE долбоору менен 111 өлкөдө (бул бүткүл дүйнө калкынын 96 пайызын түзөт) саясатты жана туруктуу энергетиканы регулятордук колдоого баалоо жүргүзүлгөн. Талдоо үч энергетикалык багытты камтыйт: энергияга жеткиликтүүлүк, энергиялык натыйжалуулук жана энергиянын кайра жаралуучу булактары. Энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергияны үнөмдөө жаатында(1) мамлекеттердин саясатын өлчөөчү 27 индикатор боюнча Кыргызстан 100дөн 64 балл алды. Баалоо системасындагы жогорку балл туруктуу энергетикага болгон жакшы даярдыкты билдирет, дүйнөлүк орто балл 56ны түзөт, Россия - 77, Казакстан - 78, Тажикстан - 60, ал эми регион боюнча орточо балл - 71. Ошентип Кыргыз Республикасы орточо региондук мааниден 15 баллга артта калууда.
2016-жылы электрге болгон дүйнөлүк керектөөнүн чыгымдары дээрлик мунайзаттарынын чыгымдары менен теңелди. Келечекте энергияны керектөөнүн кыйла таза түзүмү менен кызмат көрсөтүүлөргө багытталган экономикага өтүү күтүлүүдө. Бул отун-энергетикалык ресурстардагы керектөөнүн түзүмүндө электрдин үлүшү, анын ичинде транспорт жана жылуулук, ысык суу менен камсыздоо секторлорунда өсөт дегенди билдирет.
Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын белгиленген генерациялоочу кубаттуулугу 2018-жылы 3938,75 МВт түзгөн, алардын 90%га чейини негизинен өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан гидроэлектрстанцияларында иштелип чыгат, бул энергияны алып келүүгө жана бөлүштүрүүгө чоң сарптоолордун зарылдыгына алып келет. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын 46,75 МВт жалпы кубаттуулуктагы кичи ГЭС камсыздашат, алар 1,5% электр энергиясын иштеп чыгат. Бул энергетикалык тармакты климаттын өзгөрүшүнө жараша өзгөрүлүп туруучу дарыялардын агымынан көз каранды кылат.
2010-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын энергетика сектору белгилүү прогресске жетишти: 120 МВт кубаттуулугу менен Камбар-Ата ГЭС-2нин 1-агрегаты ишке киргизилди, 110 кВ "Айгүлташ-Самат" ЭӨЛ курулду, "Датка" жана "Кемин" 500 кВ көмөк чордону, "Датка-Кемин" 500 кВ жана республиканын түштүгүндө жалпы узундугу 248 км. 220 кВ ЭӨЛ электр өткөрүү линиясы курулду, ушуну менен өлкөнүн коңшу өлкөлөрдүн энергосистемасынан көз карандысыздыгы камсыздалды жана Кыргыз Республикасынын энергия системасынын потенциалын андан ары өстүрүү үчүн шарт түзүлдү. Кубаттуулугун 812 МВт чейин көбөйтүү менен Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо аяктады. Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жүрүп жатат. Электр энергиясынын жоготуулары боюнча орточо дүйнөлүк көрсөткүч 8,26%ды(2) түзгөн убакта 2017-жылы жоготуулар 34%дан 18,6%га чейин төмөндөдү, 6дан 8%га(3) чейинки жоготуулардын деңгээли ченем болуп эсептелет. Акылдуу эсептегичтерди жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган өлчөө-маалыматтык системасын ишке киргизүү менен коммерциялык жоготуулар 21%дан 1,0%га чейин төмөндөдү.
Ошол эле учурда Дүйнөлүк энергетикалык агенттиктин энергетикалык сектордун чечүүчү көрсөткүчтөрүнүн маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын ИДП энергия сыйымдуулугу өтө жогору жана 2015-жылы ИДП 1000 долларына 0,66 н.э.т(4) түзөт, ал эми орточо дүйнөлүк маани 0,18 н.э.т., Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун өлкөлөрүндө - 0,11, Кытайда - 0,33, Чыгыш Европада жана Евразияда - 0,4, коңшу Казакстанда - 0,42 түзөт. Ошондуктан Кыргыз Республикасы үчүн энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу жана ИДП энергосыйымдуулугун төмөндөтүү үчүн энергияны үнөмдөөчү саясатты жүргүзүү өтө актуалдуу.
Дүйнөлүк масштабда энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу энергияны 2000-жылга салыштырмалуу 2016-жылы 12%га аз пайдаланууга мүмкүндүк түздү. Энергиялык натыйжалуулук жаатындагы жетишкендиктер бүткүл дүйнө боюнча үй чарбаларына энергияга(5) каражаттарды 10-30%га аз чыгымдоого мүмкүндүк түздү. Энергиялык натыйжалуулук коомдук саламаттыкты жана айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүү инструменти болуп саналат. Энергиялык натыйжалуулук парник газдарынын чыгаруусун төмөндөтөт жана энергия керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон казып алынуучу отунду кыскартат. Булгоочу заттарды чыгаруу айлана- чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Энергиялык натыйжалуулук калктын аялуу топторуна табигый кырсыктардын таасирин минималдаштырат жана электр өчүрүүлөрүн болтурбастан, бороон чапкындардан, суу ташкындоолорунан жана башка жаратылыш кырсыктарынан(6) туруктуулукту камсыз кылуу менен электр түйүндөрүнүн ишенимдүүлүгүн бекемдейт.
"Жашыл" энергетика чөйрөсүндөгү алдыга коюлган максаттарга жетишүү бир катар чакырыктар жана тоскоолдуктар менен кездешүүдө. Алсак энергия алып жүрүүчүлөргө болгон суроо-талаптар сунушка караганда көбүрөөк болууда, бул кубаттуулук резервинин жоктугун , электр энергиясын өндүрүүдөгү чоң жана чакан ГЭСтердин жаратылыш-климаттык шарттардан көз карандылыгын тереңдетет. Суусу мол болгон 2017-2018-жылдарды кошпогондо, 2014-жылдан тартып Кыргыз Республикасында электр энергиясын керектөө өздүк өндүрүлгөнгө караганда 1,9% - 5,3%га көбөйдү. 2015-жылы электр энергиясын импорттоонун көлөмү 5,2 млрд. сомдон ашык жалпы суммада 1,18 млрд. кВтс. түздү.
Кыргыз Республикасынын учурдагы генерациялоочу кубаттуулуктары энергиянын кайра жаралуучу булактарынын борбордон ажыратылган генерациялоочу кубаттуулуктарынын олуттуу жетишсиздигинде негизги керектөөчүлөрдөн алыста жайгашкан. Мында Кыргыз Республикасы кайра жаралуучу энергиянын бир кыйла потенциалына ээ. Өздөштүрүүгө техникалык мүмкүндүгү бар гидротехникалык потенциал 142,5 млрд. кВтс. бааланат, ал эми экономикалык (өндүрүштүк) негизделген потенциал 60 млрд. кВтс түзөт. Чакан гидроэнергетиканын потенциалы жылына 5-8 млрд. кВтс. түзөт (жалпы потенциалдан 13%га чейин) жана кичи дарыялардын энергиясын пайдалануу Кыргыз Республикасынын гидроэнергия ресурстарын өздөштүрүү ишинде бирден-бир актуалдуу багыттардан болуп саналат.
Кыргыз Республикасында энергиянын жалпы керектелишинде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшү анча көп эмес жана 2017-жылы электр энергиясынын жалпы өндүрүшүнөн 1,5%ды түздү. Бул үлүш толугу менен чакан энергетикага туура келет, 2017-жылы анын өсүшү 3 МВт (7,5%) түзгөн жана 3938,75 МВт, 25 жалпы белгиленген кубаттуулукта жалпы белгиленген кубаттуулугу 46,75 МВт түздү.
Кыргыз Республикасында олуттуу потенциалы болгондугуна карабастан, биздин өлкөдө энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук саясаты анчалык жогорку эмес темпте өнүгүүдө. Имараттардагы энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук боюнча бөлүмдөрүн камтыган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 601 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук саясатын пландоо боюнча программа толук ишке ашырылган жок. Шаарлардын, региондордун жана өлкөнүн деңгээлинде имараттарды оңдоону жана реконструкциялоону колдоо программалары дээрлик жок.
Энергияны үнөмдөө процессинин потенциалдуу катышуучуларына дем берүүчү реалдуу механизмдердин жоктугу, ошондой эле инвестициялык тартыштык жана энергияны үнөмдөө саясатын жүзөгө ашыруу жаатында мамлекет тарабынан жетиштүү эмес финансылык колдоо олуттуу көйгөй болуп саналат. Натыйжада энергияны учурдагы жана оптималдуу колдонуунун ортосунда энергиялык натыйжалуулук боюнча ажырым өсүүдө, аны учурдагы энергиялык натыйжалуулук чараларын жана технологияларын пайдалануу менен камсыз кылууга болот.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын турак жай фонду 82,5 млн. м2 түзөт, анын ичинен 45% шаар, 55% айыл жерлеринде жайгашкан. Бардык фонддун 98% жеке менчикте турат, коомдук жана административдик имараттардын фонду статистика боюнча 7,7 млн. м2 түзөт. Калктын саны, турак жай, коомдук имараттардын фонду жана энергияны алып жүрүүчүлөрдүн наркы туруктуу өсүүдө. Алсак 2009-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын калкынын саны 735 миң адамга же 14%га көбөйдү. Бул убакта турак жай фонду 27% өстү.
Жалпысынан турак жай фондунда энергиялык натыйжалуулук төмөн, бул өлкөдө өндүрүлүүчү энергиянын 48% жылытууга керектелгендиги менен ырасталат. Көбүнчө жылуулук изоляциялык элементтерге көңүл бурулбайт, курулган имараттардын энергияны иш жүзүндө керектөөсү жогору: жеке үйлөрдө - 350 кВтс/м2 ашык, көп батирлүү үйлөрдө - 140-174 кВтс/м2, бул ченемдегиден 2-3 эсеге жана өнүккөн өлкөлөрдүн ушуга окшош имараттарына салыштырмалуу 3-4 эсеге көп экендиги менен шартталат. Ар бир орточо үйдө дубалдардын, полдун, терезелердин төмөн энергиялык натыйжалуулугунун эсебинен жылытуу системасынын жоготуулары 70%га жетет, бул имараттарды жылытуудагы чоң сарптоолорго алып келет.
Азыркы учурда жаңы имараттарды долбоорлоо, куруу жана тейлөө процессинде пайдаланылуучу технологиялар эреже катары алдыңкы методикаларды өздөштүрүүгө эмес, жетишилген деңгээлди бекемдөөгө багытталган. Имараттарды долбоорлоодо XX кылымдын ченемдик базасы пайдаланылууда. Мисалы, жылуулук энергиясынын булактары боюнча - 1978-жылдагы; жылытуу, желдетүү жана кондиционирлөө системалары боюнча 1991-жылдагы ченемдик базалар.
Учурда колдонулуп жаткан имараттардын фондунун кырдаалы мындан да көбүрөөк тынчсыздандыруу жаратат, анткени аны капиталдык оңдоо олуттуу чыгымдарды талап кылат. Эксплуатациялануучу айрым имараттар (турак үйлөр, мектептер, балдар бакчалары жана д.у.с.) капиталдык оңдоого же реконструкциялоого муктаж. Иш жүзүндө турак жай фондунун 85%дан көбү, 93% мектептердин имараттары, 81% бала бакчалары, 77% административдик имараттар, 60% ооруканалар, үй-бүлөлүк медицина борборлору 1991-жылга чейин же энергияны үнөмдөө маселелери актуалдуу болуп саналбаган мезгилге чейин курулган. Энергияны үнөмдөө үчүн бир кыйла потенциалга (40%га чейин энергияны үнөмдөө) индустриалдык методдорду, чогултулуучу курулуш конструкцияларын пайдалануу менен типтүү долбоорлор боюнча курулган турак жайлар жана коомдук имараттар ээ.
Ошондой эле энергияны үнөмдөөчү чарба жүргүзүүнүн жана жашоо образынын мүмкүндүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугунун төмөн экендигин да белгилөө зарыл. Керектөөчүлөрдүн альтернативдүү керектөөлөрүнө салыштырмалуу энергетикалык маселелердин артыкчылыктуу эместиги кеңири жайылган көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Энергиянын натыйжалуу продуктуларынын баасы эреже катары кыйла кымбат болуп саналат жана альтернативалар менен салыштырмалуу алар азыраак белгилүү.
Мурдагыдай эле энергетика боюнча адистерди даярдоо чөйрөсүндө гендердик ажырым бар. Орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде энергетиканы изилдөө боюнча окуган студенттердин 83,1% эркектер жана 16,9% гана кыздар. Гендердик статистиканын маалыматтары боюнча энергетикалык сектордо жумуш менен камсыз болуу гендердик асимметрияга ээ, мында эркектер (90,5%) түзөт, бул эмгек рыногунда теңсиздикти бекемдөөгө жана тереңдетүүгө алып келет.
Жалпысынан калктын санынын көбөйүшү жылуулук жана электр энергиясына суроо-талаптын өсүшүн аныктоочу фактор болуп саналат, анткени жылуулук энергиясынын 86%га жакыны жана электр энергиясынын 57% коммуналдык, маданий-турмуш тиричилик жана башка муктаждыктарга (калкка сатылганды кошуп алганда) пайдаланылат.
БУУнун божомолу боюнча 2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын калкы 8,7%га көбөйөт. Калктын 1,85%га өсүшүндө 2012-жылдан тартып 2015-жылга чейинки электр энергиясынын жылдык керектөөлөрүнүн 3,58%га орточо өсүшүн эске алганда 2023-жылга карата электр энергиясына суроо-талаптын кеминде 16%га өсүшүн, ал эми экономикалык субъекттердин суроо-талабынын - 20%га чейин өсүшүн күтүүгө болот, бул дүйнөлүк тенденцияларга ылайык келет. Эл аралык энергетикалык агенттик тарабынан иштелип чыккан WEO-2017 дүйнөлүк энергетиканын болжолуна ылайык 2040-жылга чейин глобалдык энергетикалык керектөөлөр 30%га жана электр энергиясына болгон керектөөлөр 60%га өсүшү белгиленген.
Электр жана жылуулук энергиясына болгон азыркы тарифтик саясат энергия компанияларынын сарптоолоруна ылайык келбейт жана өлкөнүн энергия секторунун өнүгүшүн басаңдатат. Үй чарбалары үчүн электр энергиясына жана жылуулук энергиясына иш жүзүндөгү орточо тарифтер бир топ деңгээлде субсидияланат. Алсак электр энергиясына орточо коюлган тариф үй чарбалары үчүн 1 сом/кВтс жана ишканалар үчүн - 2,2 сом/кВтс түзөт, мында орточо тариф кВтс үчүн 1,4 сомго барабар, ал эми өндүрүү, өткөрүп берүү жана бөлүштүрүү наркы 2017-жылы кВтс үчүн 1,69 сомго барабар.
2017-жылы сектордун чыгымдары 1,8 млрд. сомду, ал эми жалпы топтолгон чыгымдар 6,7 млрд. сомду түздү.
Бул жагдай техникалык модернизациялоо үчүн финансыларды топтоо мүмкүндүгүн азайтат, бул натыйжасыз менеджменттин көрүнүштөрү менен авариялардын көбөйүшүнө жана электр энергиясын жеткирип берүү сапатынын төмөндөшүнө алып келет. Өздүк наркынан төмөн турган тарифтерден улам жылуулук энергетикалык комплексинин ишканаларындагы каражаттардын тартыштыгы энергетиканын колдонуудагы объекттерин модернизациялоо, реконструкциялоо жана жаңыларын куруу боюнча толук кандуу иштин мүмкүндүктөрүн чектейт.
Керектөөчүлөрдүн 80%га чейинки авариялык өчүрүүлөрү 10(6) кВт түйүндөрүндөгү токтоолордон улам болот. Түйүндөрдүн негизги фонддорунун 50%га жакыны белгиленген ченемдик мөөнөттөрдөн ашык эксплуатацияланууда, ал эми алардын эскирүү даражасы - негизинен кризистик зонада турат. Күз-кыш мезгилинде калктын электр энергиясын пайдалануусу жайкы мезгилге салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге өскөндүгүнө байланыштуу түйүндөргө ашыкча күч келгени байкалууда. 2017-жылы "Электр станциялары" ААК боюнча авариялык өчүрүүлөрдүн жалпы саны 37, Кыргызстан улуттук электр түйүндөрү боюнча - 374, бөлүштүрүүчү компаниялардын түйүндөрүндө - 6,1 миң учурду түздү.
Тарифтик саясатты реформалоо энергетика тармагынын ашыкча саясатташып кеткендигинен, энергия секторунун абалы жөнүндө маалыматтардын ачык эместигинен улам социалдык нааразычылык тобокелчиликтери менен татаалдашкан. Энергетика секторундагы реформалар жөнүндө калктын маалымдуулугу тууралуу жакында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык электр энергиясына чыгымдар үй чарбаларынын жалпы чыгымдарынын 2,3%дан 2,6%га чейинки анчалык көп эмес үлүшүн түзгөндүгүнө карабастан 65%(7) респонденттер тарифтерди төмөндөтүү керектигин билдиришти.
Энергетикалык сектордо жүргүзүлүүчү саясатта энергетика секторун өнүктүрүү үчүн сунуш кылынган чаралар менен айлана-чөйрөнүн, саламаттык сактоонун, экономикалык өсүштүн жана өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык аспекттеринин ортосундагы өз ара байланыш эске алынбайт. Дүйнөлүк тенденцияларды жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарын эске албастан энергетиканы өнүктүрүү өлкөнүн стратегиялык жетишкендиктерин жок кылуу коркунучун жаратат.
Милдеттер. Жогоруда баяндалган тоскоолдуктарды эске алуу менен энергетика чөйрөсүндө коюлган максатка жетишүү төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен ишке ашырылат: 1) энергетикалык сектордун абалын баалоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү; 2) энергетикалык саясатты өркүндөтүү; 3) отун-энергетикалык комплекси секторунун ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана энергия компанияларынын чыгашасыздыгын камсыз кылуу; 4) энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу; 5) имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу; 6) акыркы энергияны керектөөнүн жалпы көлөмүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү; 7) энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
1) Энергетикалык сектордун абалын баалоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү.
Энергиялык натыйжалуулук, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана "жашыл" экономика жаатындагы потенциалды толук баалоо үчүн ар түрдүү секторлордогу "жашыл" өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо жана энергетика жаатындагы тенденцияларды билүү үчүн маалыматтарга көз салуу керек, булар туура чечимдерди пландоого өбөлгө түзөт.
Энергетикалык тармактын интеграцияланган моделдерин өлчөөсүз жана эсепке алуусуз түзүүгө мүмкүн эместигин эске алып, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү прогрессине мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы ТӨМ 7 индикаторлору, энергетикалык коопсуздук көрсөткүчтөрү(8) жана башка "жашыл" экономиканын зарыл индикаторлору(9) менен толукталат.
Ошондой эле ири ишканалар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук, милдеттүү ар жылдык ачык отчеттуулуктун жана калкка маалымдоонун бирдиктүү формасынын жана практикасынын индикаторлору иштелип чыгат;
2) Энергетикалык саясатты өркүндөтүү.
Ушул милдеттин алкагында энергетика жана отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен стратегиялык документтердин ылайыктуулугун талдоо жана эл аралык милдеттенмелерге жана өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына ылайык мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарыл. Өзгөрүлгөн тармактык уюмдарды эске алуу, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу боюнча уюмдардын ыйгарым укуктарын тагыраак белгилөө жана чыңдоо үчүн "Энергетика жөнүндө" жана "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет.
Экономика секторлорунун себеп-натыйжа байланыштарын жана өз ара таасирин эске алган энергетиканы өнүктүрүүнүн интеграцияланган моделин түзүү энергетикалык сектордун милдеттерин чечүү үчүн кыйла натыйжалуу чараларды өз убагында тандоого, ишке ашырууга жана түзөөгө мүмкүндүк берет.
Энергетиканы өнүктүрүүнү интеграцияланган пландоонун жыйынтыгы боюнча 2040-жылга чейин Отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү концепциясына тиешелүү толуктоолор киргизилет жана энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча максаттуу көрсөткүчтөр аныкталат;
3) Отун-энергетикалык комплекси секторунун ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана энергия компанияларынын чыгашасыздыгын камсыз кылуу.
Жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү чыгымдарын кирешеси төмөн деңгээлдеги калкка өкмөттүк социалдык коргоо программалары аркылуу даректик субсидиялар менен жабууга негизделген тарифтик саясатты иштеп чыгуу жана этабы менен киргизүү энергетика секторун чыңдоо боюнча бирден бир маанилүү чаралардан болууга тийиш.
Энергетикалык сектордун чыныгы абалы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча сабаттуу иш-аракеттер, тарифтердин негизделген эсептери жана энергия компанияларынын ишинин натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу энергия секторунун чыгымдарын этабы менен төмөндөтүүгө жана жоюуга мүмкүндүк түзөт.
Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштин жана энергия секторун өнүктүрүү пландарынын абалы, ошондой эле энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы сунуштар жөнүндө квартал сайын маалымат берүү саясаты киргизилет.
Мындан тышкары, көз карандысыз талдоо мүмкүндүгү жана энергия секторунун ишинин ачык-айкындуулугу менен отчеттуулугун камсыз кылуу үчүн энергия компанияларынын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана финансылык отчеттуулугу менчик интернет ресурстарында, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү жарыяланууга тийиш болот.
Түшүндүрүү иштери тарифтерди жогорулатуу, энергетика секторун башкарууну жакшыртуу менен калктын жакыр жана аялуу катмарларын күчтүүрөөк коргоонун ортосундагы өз ара байланышты так аныктаган далилдерди камтууга тийиш;
4) Энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
2023-жылга карата ИДПнын энергия сыйымдуулугун 10%га төмөндөтүү энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу пландалууда. Энергиялык натыйжалуулукту "биринчи отун" деп аташат, ал көбүнчө энергияга болгон жаңы суроо-талапты канааттандыруунун арзаныраак жолу болуп саналат. Энергиялык натыйжалуулугуна инвестициялар жана энергиялык натыйжалуулугун колдоого багытталган саясат жарандардын акчаларын үнөмдөйт, энергиянын импортунан көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булганышын төмөндөтөт.
Жаратылыш газынын жана мунайдын өздүк ресурстарынын жетишсиздиги, ошондой эле ГЭСте иштелип чыгуучу электр энергиясынын өзгөчө кышкы убактагы тартыштыгы шартында энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды интенсивдүү киргизүүнү, энергетиканын абалы жөнүндө керектөөчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатууну, энергия секторун башкаруу системасын жакшыртууну, ошондой эле кошумча генерациялоочу кубаттуулуктарды, анын ичинде чоң ГЭС жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын тез арада киргизүүнү талап кылат.
Энергияны үнөмдөөнүн так белгиленген жалпы мамлекеттик максаттары менен Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө боюнча программаны иштеп чыгуу зарыл: энергияны жалпы пайдаланышын төмөндөтүү, ал көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө 1%дан ашат. Алсак Россиянын Энергияны үнөмдөө программасында жыл сайын энергия сыйымдуулугун 1,5%га төмөндөтүү каралган.
Энергия сервистик компаниялардын рыногун өнүктүрүү жана "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордо энергия сервистик компаниялардын ишине дем берүү үчүн мыйзам актыларын иштеп чыгуу да ИДП энергия сыйымдуулугун төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Сууну керектөөнү төмөндөтүүгө багытталган чаралар да энергияны керектөөнү төмөндөтө алат. Суу менен энергия сунуш жактан да (энергияны иштеп чыгуу/агынды суулар) акыркы пайдалануучу жактан да (турак жай, коммерциялык, өнөр жай, айыл чарба сектору) өз ара кесилишип, бири-бири менен байланышта. Электр энергиясын өндүрүү жана жеткирип берүү үчүн зарыл болгон көп көлөмдөгү суу энергия менен суунун ортосундагы бул байланышты көрсөтөт.
Суу түтүктөрүндөгү жана канализациялык түйүндөрдөгү насостор, кыймылдаткычтар жана курулуш техникалары энергиянын чоң көлөмүн керектейт. Энергияны акыркы пайдалануучуда үйлөрдөгү, ишканалардагы жана өнөр жай объекттериндеги энергия менен суу ажырагыс нерсе жана сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу энергияны үнөмдөөгө алып келет;
5) Имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу.
Энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу - бул маселеге аталган багытты уюштуруу, мамлекеттик колдоо, анын стратегиясы жана методикасы кирет. Энергияны үнөмдөө негизинен имараттарды жаңылоо боюнча эң эле жөнөкөй долбоорлордо 40%га чейин энергия үнөмдөлгөн тиешелүү технологиялык чечимдерди киргизүүнүн натыйжасында ишке ашырылышы мүмкүн.
Милдетти чечүү үчүн имараттарды жана курулмаларды энергиялык натыйжалуулукка жана энергетикалык сертификаттоого баалоо боюнча колдонуудагы мыйзам базасындагы ченемдер ишке ашырылат. Мындан тышкары курулуш тармагындагы энергияны үнөмдөө, энергиялык натыйжалуулугу жана жаңы техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча талаптарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын ревизиялоо талап кылынат.
Бюджеттен жарым-жартылай же толук каржылануучу ишканаларга жана уюмдарга - энергияны керектөөчүлөргө үнөмдөлгөн энергетикалык ресурстарын тескөөгө мүмкүндүк берүү маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири болуп саналат.
Имараттардын колдонуудагы фондун сапаттуу капиталдык оңдоонун же реконструкциялоонун шарттарын камсыз кылуу, анын ичинде жылуулук микроклиматын, сарптоолордун натыйжалуулугун жакшыртууну, энергетикалык ресурстарды керектөөнү (пайдаланууну) жана атмосферага парник газдарынын чыгаруусун төмөндөтүүнү эске алуу менен имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ченемдик укуктук жөнгө салуунун туруктуу системасын түзүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде капиталдык оңдоолор үчүн топтолмо фондго милдеттүү төлөм ченемин аныктоо, капиталдык оңдоолордун кезектүүлүгүн иштеп чыгуу жана 2020-жылга пилоттук режимде имараттарды капиталдык оңдоо программасын ишке киргизүү.
2021-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жооптуу адамдын кызматын жана аткарылышын контролдоо системасын көрсөтүү менен тиешелүү аймакта турак жай фондун капиталдык оңдоо программасы иштелип чыгууга тийиш. Андан тышкары, социалдык, билим берүү объекттери жана саламаттык сактоо объекттери үчүн энергетикалык коопсуздук стандарттарын иштеп чыгуу сунуш кылынат.
Капиталдык оңдоого, энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле энергия аудитин жана имараттарды энергетикалык сертификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүнү субсидиялоого займдарды алуу механизмдери иштелип чыгат, энергия сервистик компаниялар менен иштөө механизмдери аныкталат.
Андан тышкары, топтолмо фонддордун каражаттары пайдаланылып, типтүү имараттарды капиталдык оңдоо үчүн техникалык чечимдер, ошондой эле энергиялык натыйжалуу жеке үйлөрдүн типтүү долбоорлору иштелип чыгат жана бекитилет, алар имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга натыйжалуу капиталдык салымды камсыз кылууга жардам берет.
Милдеттин алкагында турак жай үйлөрүн, муниципалдык имараттарды эксплуатациялоо жана тейлөө үчүн мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана киргизүү да каралууда. Бул натыйжалуу эксплуатациялоонун жана техникалык тейлөөнүн заманбап системасын түзүүгө, ISO 50001 негизинде энергия менеджмент системасын киргизүүгө мүмкүндүк берет, бул энергия керектөөнү төмөндөтүүгө жана парник газдарынын чыгаруусун төмөндөтүүгө алып келет.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуунун алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык турак жайды көзөмөлдөө системасы киргизилет.
Долбоорлоону, курулушту, эксплуатациялоону, мамлекеттик контролдоону, муниципалитетти, турак жай менчик ээлеринин ассоциациясын кошуп алганда, бардык деңгээлдеги кадрдык потенциалды жакшыртуу боюнча чаралар да ушул милдеттин алкагында ишке ашырылууга тийиш. Атап айтканда, энергиялык натыйжалуулук жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча жогорку окуу жайлары үчүн окутуу программалары иштелип чыгат. Отун-энергетика комплекси үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системаларында кыздар үчүн квоталар киргизилет, ошондой эле кыздардын энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергиялык натыйжалуулук боюнча маалыматтар жана технологиялар менен пайдалануу мүмкүндүгү, анын ичинде максаттуу окутуу аркылуу кеңейтилет;
6) Акыркы энергия керектөөнүн жалпы көлөмүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү.
Кайра жаралуучу генерациялоочу кубаттуулуктарды диверсификациялоо климаттын өзгөрүшүнө жана бөлүштүрүлгөн күн, шамал жана башка колдо болгон жергиликтүү ресурстарга ылайык район боюнча генерацияны берүү туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн улуттук түйүн аркылуу электр менен камсыз кылуу наркын эсептөөнүн негизинде аларды райондордун деңгээлинде киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу, ушул районго орнотууга мүмкүн болуучу энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы жана наркы аныкталат. Улуттук түйүн аркылуу энергия менен камсыздоого салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүүдөн пайдаларды жана сарптоолорду баалоо 2040-жылга чейин энергияны керектөөнүн өсүү божомолдорун эске алуу менен ар бир район үчүн сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Көптөгөн жеке чарбалар кызыгышкан энергетикалык ресурстарды пайдалануунун сарамжалдуулугун жогорулатуучу жана "түйүн-керектөөчүнүн" эки тараптуу өз ара технологиялык практикасын иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын базасындагы микрогенерация Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө маанилүү багыт болушу мүмкүн.
Бул үчүн жеке үй ээлеринин сатуучусу катары түйүнгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу жана мындай генерациялоочу объекттердин ээлеринде түзүлгөн ашыкча электр энергиясын сатып алууга кепилдик берүүчү жөнөкөй механизмдер иштелип чыгат;
7) Энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу
Бул милдет энергияны үнөмдөө зарылдыгы, энергиянын салттуу жана альтернативдүү булактарынын ортосунда тандоо мүмкүндүктөрү жана энергиянын таза булактарына өтүүгө дем берүү үчүн финансылык мүмкүндүктөрдү түзүү жөнүндө акыркы керектөөчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Милдетти чечүүнүн алкагында энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары маселелеринде калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн кеңири масштабдуу маалыматтык компанияларды ишке ашыруу, ошондой эле мектеп жана ЖОЖ билим берүү программаларына "жашыл" энергетика боюнча билим берүү модулдарын киргизүү болжолдонот.
Мындан тышкары, билим модулдарын иштеп чыгуу жана ар жылдык окутууну өткөрүү жолу менен энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясы жогорулатылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тармактык мамлекеттик органдар энергетикалык ресурстарды үнөмдөө жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш жүзүндөгү сунуштарды, СО2 чыгаруусун кыскартуу зарылдыгын жана энергияны үнөмдөөнү жана ден соолук үчүн таза жана энергиялык натыйжалуу технологияларга өтүүнү кошуп алганда, релеванттык маалыматтык каналдарды, гендердик өзгөчөлүктү жана керектөөлөрдү эске алуу менен ар түрдүү максаттуу топтор үчүн маалыматтык компанияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп турат.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- 2023-жылга карата ИДП энергия сыйымдуулугу 4,5%га төмөндөтүлдү;
- 2023-жылга карата турак жай, коомдук, административдик, көп функционалдуу жана өндүрүштүк эмес имараттардын энергия керектөөсү 10%га төмөндөтүлдү;
- 2023-жылга карата бөлүштүрүүдөгү жоготуулар 13%га чейин төмөндөтүлдү;
- коммерциялык жоготуулар 100%га жоюлду;
- жалпы белгиленген кубаттуулугу 50 МВт кем эмес энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери ишке киргизилди;
- колдонуудагы генерациялоочу кубаттуулуктарды, өткөрүп берүү жана бөлүштүрүү инфратүзүм объекттерин тейлөөгө жана өз убагында модернизациялоого мүмкүндүк берүүчү башкаруунун ачык-айкындуулугу, натыйжалуулугу жана энергиялык компаниялардын финансылык туруктуулугу камсыз кылынды;
- 2023-жылга карата энергетика секторуна жеке инвестициялардын агымы 300 млн АКШ долларынан ашык суммага көбөйдү;
- калктын энергиянын жана отун ресурстарынын бардык түрлөрү менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуусу камсыз кылынды;
- калк энергиялык натыйжалуу технологияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдойт жана активдүү ишке киргизет;
- өлкөдө кадрларды даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу жана натыйжалуу системасы иштейт;
- бизнес сектор жана калк энергиялык натыйжалуу технологияларды пайдаланат жана ишке киргизет.
2. "Жашыл" айыл чарбасы
Максаты. Ресурстарды туруктуу башкаруу жана ресурсту үнөмдөөчү, органикалык жана климаттык туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү аркылуу калктын экологиялык таза азык-түлүк менен камсыз болушун жогорулатуу.
Учурдагы кырдаалды талдоо. Кыргыз Республикасында айыл чарбасы өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунун артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Ал өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбасы, суу чарбасы жана ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо жана анын карантини, механизация, ветеринария, жерди пайдалануу, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайы сыяктуу көп тармактуу айыл чарба өндүрүштөрүнөн турат.
Өлкөнүн калкынын 65%дан ашыгы айыл жеринде жашайт. Экономиканын агроөнөр жай сектору өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана калктын иш менен камсыз болуусунда олуттуу сектор болуп саналат (айыл чарба өндүрүшүндө иш менен камсыз болуу үлүшү дээрлик 32%ды түзөт, мында 40%дан ашыгын аялдар түзөт(10)). Көп учурда фермер чарбаларынын жер үлүштөрүн иштетүү методикасы боюнча чечимдерди үй чарбасынын башчысы кабыл алат (80% учурда алар эркектер)(11).
Республиканын айыл чарбасында 14%га жакын ИДП түзүлөт. Айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясынын көлөмү 48%ды, дан чарбасы 50%ды, токой чарбасы, балыкчылык жана башка кызмат көрсөтүүлөр 2%ды түзөт. Продукциянын негизги көлөмү дыйкан (фермердик) чарбаларынан жана жарандардын жеке чарбаларынан (96%) камсыздалат. Өлкөдө 428 миңден ашык фермердик чарба иштейт, алардын 20,2%ын (85043) аялдар башкарат.
Республикадагы агроклиматтык шарттар буудайды, жүгөрүнү, арпаны, картошканы, пахтаны жана башка өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн ыңгайлуу болуп саналат. Бирок климаттын глобалдуу өзгөрүшүнөн улам (кеч жаздагы жана эрте күздөгү үшүктөр, абанын өтө ысышы ж.б.) гидрологиялык жана температуралык режимдердин өзгөрүшү, айлана-чөйрөнүн булганышы жана бир катар райондордогу начар мелиоративдик жагдай агроклиматтык жана жер ресурстарын(12) толук пайдаланууга бөгөт болууда.
Кыргыз Республикасы тоолуу агрардык өлкө болгондуктан улам тоолуу экосистемага мүнөздүү көптөгөн табигый коркунучтарга туш болууда. Кыртыштын бузулушу, суу жана жер ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири максатка жетишүүгө тоскоол болгон негизги көйгөйлөрдөн болуп саналат. Мындан тышкары, ресурстарды сактоочу жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө тоскоол болгон факторлорго кенемтелери бар ченемдик укуктук базаны, продукцияны ыктыярдуу сертификациялоонун начар өнүккөн системасын, ошондой эле финансыга, технологияларга, тийиштүү изилдөөлөрдүн натыйжаларына жетишүүгө байланышкан тобокелдик жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн заманбап маалыматтын жетишсиздигин кошсо болот.
Айыл чарбасын өнүктүрүү айыл чарба өндүрүшүнүн негизги каражаты болуп саналган кыртыш ресурстарынын абалына түздөн-түз байланыштуу. Жер иштетүүнүн колдонулуп жаткан салттуу методдору кыртыштын деградацияланышына жана булганышына өз таасирин тийгизүүдө.
Жерди ашыкча пайдалануу, жер которуштуруп айдоо тартибин сактабоо, рекультивациялык иш-чаралардын жетишсиздиги кыртыштын түшүмдүүлүгүн начарлатууда. Кыртыштагы гумусту талдоо климаттын өзгөрүшүнөн жана кыртышты иштетүү үчүн технологияларды пайдалануудан улам кыртыштагы гумус бардык облустарда азайып жаткандыгын көрсөттү.
Кыртышты изилдөөнүн жыйынтыгы айдоо жерлериндеги гумустун 10-30%га төмөндөө тенденциясын көрсөттү, бул айдоо жерлеринин кыртышынын деградациясын билдирет. Кыртыштын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана деградацияланышына алып келүүчү негизги көйгөйлөрдөн болуп: шор басуу, туз басуу, чөлгө айлануу, сазга айлануу жана эрозияга дуушар болуу саналат. Алсак республика боюнча 163,8 миң га жерди же 13% ар түрдүү деңгээлде шор баскан, суу эрозиясына - 714 миң га же 59,3% айдоо жеринин жалпы аянты дуушар болгон (1-таблица). Тоо этектериндеги жантайыңкы сугат жерлериндеги ченемделбеген сугатта 40-120 тоннага чейинки гумустун катмары жуулуп жатат, ал кыртыштын үстүңкү баалуу катмарынын 20-40 см гана түзөт.
Тоо этектеринде 700 миң га аянтта жайгашкан сугат жерлерин, биринчи кезекте 20 градустан ашык жантайыңкы 300 миң га жерлердин кыртышын таптакыр жоготуп алуу коркунучу олуттуу болууда. Кыртыштын жетишсиз нымдуулугу да түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизет. Жалпысынан кыртыштын ар түрдүү деңгээлдеги деградациясы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 20-60%га төмөндөтөт.
1-таблица. Кыргыз Республикасындагы жерлердин сапаттык мүнөздөмөсү
Кыртыштын терс касиеттери | Айыл чарба ишканаларынын бардык жери, миң га | Анын ичинде айдоо жерлери, миң га |
Шор баскан | 1190,8 (11,1%) | 163,8 (13,9%) |
Туз баскан | 480,2 (4,5%) | 99,3 (8,2%) |
Сазга айланган | 138,6 (1,3%) | 14,6 (1,2%) |
Таштак | 4021,2 (37,5%) | 346,7 (28,8%) |
Шамал эрозиясына дуушар болгон | 5689,8 (53,1%) | 651,1 (54,0%) |
Суу эрозиясына дуушар болгон | 5626,8 (52,6%) | 714,6 (59,3%) |
Жайыттардын 9007,5 миң га жалпы аянтынан иш жүзүндө жайыт пайдалануучулар тарабынан 98%га жакыны пайдаланылат. Чөп чабындылардын жана жайыттардын максималдуу түшүмдүүлүгү салыштырмалуу түрдө анчалык чоң эмес жана жайкы жайыттар үчүн 25 ц/га түзөт, бул өнүккөн өлкөлөрдөгү түшүмдүүлүктөн кыйла төмөн. Мисалы, чөп чабык жайыттарындагы кургак чөптүн массасы Нидерланддарда - 120 ц/га, Францияда - 45-50, ГФРда - 60, Бельгияда - 80, Данияда - 90 ц/га түзөт.
Бул көп учурда ар түрдүү жаратылыштык-климаттык шарттар менен байланышкан, бирок өнүккөн өлкөлөрдө жайыттарды башкарууну натыйжалуу уюштуруу да чоң мааниге ээ.
Деградация процесси жыл сайын күчөп жатат жана айрым участокторду кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калды. "Кыргызмамжердолбоорлоо" институту жүргүзгөн мониторингдин маалыматтары боюнча жайыт аймактарынын 60%дан ашыгы түрдүү деградацияга дуушар экендиги белгиленди: 18% - күчтүү деңгээлдеги деградацияга дуушар; 5% - ар кандай деңгээлдеги эрозияга дуушар; 4% - тик жантайышта жайгашкан (40 градус жана андан бийик), 17% -майда бадалдар баскан; 13% - тоют эмес чөп баскан; 16% - таштак жер; 30% - шарттуу таза.
Ар түрдүү булактардан алынган жайыттардын түшүмдүүлүгү боюнча маалыматтардын талдоосуна ылайык 1960-жылдардын башталышында жайкы жайыттардын түшүмдүүлүгү 8,6 ц/га кургак чөптүн массасын түзгөн, 1990-жылы ал 5,7 ц/га төмөндөсө; ал эми соңку маалыматтар боюнча (2004-ж.) жайкы жайыттардын орточо түшүмдүүлүгү 2,7 ц/га төмөндөгөн. Соңку он жылдыкта гана түшүмдүүлүктүн төмөндөшү 36%ды түзгөн.
Бүгүнкү күндө 25%га жакын жайыттар орточо же күчтүү деградацияга дуушар болгон. Деградацияга дуушар болгон кышкы жайыттардын аянты 12%дан 16%га, жазгы-күзгү (интенсивдүү пайдаланылган) деградацияланган жайыттардын аянты 16%дан 26%га көбөйгөн. Ар түрдүү деңгээлде эрозияга дуушар болгон жана бадал баскан аянттар көбөйгөн. Бадалдуу жерлердин жалпы аянты 40%га көбөйүп, 1500 миң га түзгөн. Мал интенсивдүү, өзгөчө күз-кыш мезгилинде жайылган аянттар кыйла көбөйгөн, ошондой эле бийик тоолуу жайыттуу жерлердеги чөптөр системасыз мал жаюудан олуттуу зыян тарткан жана кыйла деңгээлде жок болгон. Интенсивдүү мал жаюу чөптөрдүн ар түрдүү курамын олуттуу өзгөртүп, тоют чөптөрдүн азайышына жана отоо чөптөрдүн кескин көбөйүшүнө алып келди.
Азыркы учурда жайыттардын 1/3и уулуу, зыяндуу жана жараксыз чөптөргө басылып калган. Жогору түшүмдүү жана жаан-чачындуу өрүшү мол жайыттар бузула баштагандыгы кырдаалды ого бетер татаалдаштырат, мындагы отоо чөптөр 70-80%ды түзөт. Соңку 20 жылда шарттуу таза жайыттар 3544,8 миң га аянттан 241 миң га аянтка чейин кыскарган.
Эксперттердин баалоосу боюнча жайыт сезонунун биринчи жарымында (15-апрелден 15-июлга чейин) мал жайыттын жалпы аянтынын 64%на шарттуу жайылат, анткени бул мезгилде жайыттын түшүмдүүлүгү башка убакка караганда жогору болот жана болжол менен орточо эсепте 22 ц/га түзөт. Ошол эле учурда сезондун экинчи жарымында (16-июлдан 17-октябрга чейин) жайыттардын түшүмдүүлүгү 10ц/га чейин кыскарат, ушунун натыйжасында малды ашыкча жаюу 140% өсөт, бул деградация процессин күчөтүүнүн негизги фактору болуп саналат.
Жайыт которуштуруунун илимий негизделген системасын колдонбой туруп жайыттарды сарамжалсыз пайдалануу кыртыштын деградацияга дуушар болуу процессине терс таасирин тийгизет. Ошону менен бирге, көп учурларда жер которуштуруп айдоо жана жайыт которуштуруунун илимий негизделген методдорун колдонуунун мүмкүн эместиги жерди пайдалануунун майда контурлугу жана анын майда товардуулугу менен байланышкан. Ошондой эле айыл чарба субъекттеринин тажрыйбаларынын жана билиминин жетишсиздиги, жайыттарды башкаруу, мониторинг жүргүзүү жана туруктуу пайдалануу боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуу эместиги да орун алган.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жайыт жерлерин башкаруу үчүн 454 жайыт комитети түзүлгөн. Жайыттарды башкаруу чөйрөсү гендердик жактан өтө сегрегацияланган - 98% жайыт комитеттерин эркектер жетектейт жана башкарат, мында жаратылыш ресурстарын башкарууда аялдардын потенциалы, тажрыйбасы жана мүмкүндүгү эске алынбайт жана калыптанып калган туруктуу эмес тажрыйбаны бекемдейт.
Кыргыз Республикасы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу шартында жерлерди сугарууну жана мелиорациялоону кеңейтүү, ошондой эле сугат жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн суунун жетиштүү көлөмүнө ээ(13). Сугаруу потенциалы болжол менен 2,25 млн. га бааланат. Ошону менен бирге сугат жерлеринин аянты кыскарууда, эгерде 1996-жылы сугат жерлеринин аянты 1077 миң га түзсө, азыркы учурда ал 1020 миң га гана түзөт. БУУнун адистеринин эсеби боюнча азык-түлүк муктаждыгын камсыз кылуу үчүн өлкөдө адам башына 0,3 га кем эмес сугат аянты болууга тийиш. Кыргыз Республикасында бул көрсөткүч 0,2 га жетпейт.
Кыргыз Республикасынын аймагын эки гидрологиялык зонага бөлүүгө болот: 1) суу башатын түзгөн зона (тоолор), ал 178,8 миң км2 же аймактын 87% камтыйт; 2) суунун бөлүнүү зонасы - 26,7 миң км2 (аймактын 13%). Дарыялардын көбү мөңгүлөрдөн жана/же карлардан эриген суулардан куралат. Суунун эң көп агып түшүүсү апрелден баштап июлга чейинки мезгилде байкалат, ушул учурда болжол менен 120-180 күндүн аралыгында август же сентябрга чейин 80-90% суу агып түшөт. Эреже катары, суунун аз агымы жана тез арада кургап калышы вегетациялык мезгилдин акыркы фазасында август-сентябрь айларына туш болот.
Бардык мүмкүн болуучу климаттык сценарийлер үчүн үстүңкү катмардан агып түшкөн суулардын олуттуу өзгөрүшү күтүлүүдө. Болжол боюнча үстүңкү катмардан агып түшкөн суулардын көбөйүшү мөңгүлөрдүн чоңоюшунун эсебинен 2020-2025-жылдардагы мезгилге туура келет. Андан кийин агып түшкөн суулар болжол менен 42,4-20,4 км3 чейин азаят, бул 2050-жылы агып түшүүлөрдүн көлөмүнүн 43,6-88,4% түзөт. Республиканын көптөгөн аймагы (85%) суу балансынын оң шартында (дарыялар жээгинде) жайгашкан. Калган 15% терс баланс шартында, ал жерде суу сугат учурунда, кыртышка сиңүүдө жана бууланууда жок болуп кетет. Бул Чүй өрөөнүнө, Фергана өрөөнүн чет жакаларына, көлдөрдүн жана тоо этектеринин айланасындагы жерлерге, ошондой эле башка өрөөндөрдүн(14) суу башаттарына тийиштүү жана кургакчылыкка байланыштуу эл дуушар болуучу олуттуу коркунучтун бар экендигин билдирет. 1965-1990-жылдардын аралыгында 1930-1964-жылдардагы мезгилге салыштырмалуу түрдүү интенсивдүүлүктөгү кургакчылыктын пайда болушу 2 эсеге көбөйгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча мөңгүлөрдүн абалына климаттын өзгөрүшүнүн таасир этиши өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Өлкөнүн аймагында 8208 мөңгү бар. Бүгүнкү күндө муз тоңуулардын аянты 20%га төмөндөп кеткен. Баалоолор боюнча 2100-жылга карата республиканын аймагында мөңгүлөр калбай калат деген реалдуу коркунуч бар. Бул айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этиши мүмкүн.
Жергиликтүү жамааттардын аймагында сугатты уюштуруу үчүн суу пайдалануучулардын ассоциациясы түзүлгөн. Көп учурларда жергиликтүү жамааттардагы туруктуу суу пайдалануу алардын ишине жараша болот. Мында суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын курамында бир кыйла гендердик дисбаланс бар, чечим кабыл алуу системасынан аялдарды четке сүрүп коюу байкалат.
Айыл чарбасы эң эле климатка көз каранды тармак болуп саналат, анын түшүмдүүлүгү, өзгөчө өсүмдүктөрдү өстүрүү чөйрөсү түздөн-түз жылдык жаан-чачындын суммасы, алардын сезон боюнча бөлүштүрүлүшү жана вегетациялык мезгилдеги нымдуулук сыяктуу жылдын климаттык көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнөн көз каранды. Өзүнүн климаттык шарттары боюнча Кыргыз Республикасы тобокелдиги бар дыйканчылык чөлкөмгө кирет. Суу ресурстарынын азайышы, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу температуранын өзгөрүшү түздөн-түз пайдалануучу жерлердин мелиоративдик абалына, сапатына жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү сөзсүз түрдө жер кыртышына, өзгөчө айдоо жерлеринин түшүмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү болгон гумустун болушуна таасир этет. Климаттын аридизация жагына өзгөрүшү абалды ого бетер татаалдатышы мүмкүн, анткени температуранын жогорулашы жана байма-бай болуп турган кургакчылык гумус катмарын түзүүгө активдүү катышкан кыртыштын микрофлорасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мөңгүлөрдүн деградацияланышы, жаан-чачын жана температура режиминин, агынды суулардын ресурстарынын өзгөрүү шартында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүү шарттары жана алардын түшүмдүүлүгү өзгөрөт. Дан чарбачылыгынын түшүмдүүлүгүнүн жана мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүнүн болжолдонгон төмөндөшү калктын өтө жакыр15 катмарына терс таасирин тийгизет.
Кыртыштарды пайдалануунун же айыл чарбасын кайра иштетүүнүн сарамжалдуу эмес методу атмосферага кычкылтектин диоксиди түрүндөгү чыгууларды пайда кылышы жана жаратылыштын өзгөрүшүнө таасир этүүчү фактор болушу мүмкүн. Өз кезегинде климат кыртышты түзүүнүн жана географиялык жайылтуунун маанилүү факторлорунун бири болуп саналат. Температуранын жана жаан-чачындын бөлүштүрүү мүнөзүнүн өзгөрүшү органикалык заттарга жана кыртыштарда болуп жаткан процесстерге, ошондой эле ал жерде өскөн өсүмдүктөргө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө зор таасирин тийгизет.
Экономикалык зыян менен кошо айыл чарбасы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өсүп жаткан экстремалдык таасирлерге да дуушар болушу мүмкүн. "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ишке ашыруу механизмдери берилген эмес, мындай механизмдин жоктугу айылдык товар өндүрүүчүлөргө табигый кырсыктардын кесепетинен тарткан чыгашасын компенсациялоого мүмкүндүк бербейт.
Органикалык айыл чарбасы - бул айлана-чөйрөнү коргоого жана нукура чарба жүргүзүүнүн методдорун колдонууга өзгөчө көңүл бурулган айыл чарба өндүрүшүнүн системасы. Өндүрүү жана кайра иштетүүдөн баштап ташууга жана жеткирүүгө чейинки бардык айыл чарба циклинде гендик модификацияланган организмдерди, пестициддерди, минералдык жер семирткичтерди жана ар түрдүү кошулмаларды пайдаланууга тыюу салынат. Ресурстарды үнөмдөөчү айыл чарбасы үчүн кыртышты минималдуу иштетүү жана такыр эле иштетпөө, жер которуштурууну колдонуу жана кыртыштын айдоо катмарын кандайдыр бир материал менен коргоо сыяктуу кыртышты иштетүүнүн аяр методун пайдалануу мүнөздүү. Эки ыкма тең биринчи кезекте, айыл чарба өндүрүшүнүн негизги каражаты катары кыртыштын баалуулугун жана толук өлчөмдө жер иштетүү мыйзамдарын сактоо зарылдыгын белгилейт.
Азыркы учурда республикада органикалык айыл чарба өндүрүшү жыл сайын өнүгүүдө. Органикалык чарбалар 23 айылды бириктирген он аймактардагы үч ири айыл чарба кооперативдеринде иштейт. Органикалык продукция өндүргөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 1700гө жетти. Бул чарбалар 7565 га жерге органикалык продукцияны айдашат. Республикада пахта, нокот, төө буурчак, абрикос, дары чөптөрү, кургатылган кара өрүк, жаңгак, ошондой эле картошка негизги органикалык азыктардан болуп саналат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүнө жетишсиз көңүл бурулууда, атап айтканда, ченемдик укуктук база, инспекциялоо, сертификациялоо жана аккредитациялоо системасы, маркетингдин жана мониторингдин маалымат базасы дээрлик жок, фермерлерге маалымат берүүнүн деңгээли өтө төмөн. Ченемдик укуктук базанын, так маалыматтын жана мониторингдин жоктугуна байланышкан ушундай эле көйгөйлөр ресурстарды үнөмдөөчү айыл чарбасы үчүн да мүнөздүү. Көп учурларда ресурстарды үнөмдөөчү айыл чарбаны, ошондой эле органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү чет элдик донорлордун колдоосуна муктаж.
Айыл чарбасын жана бүтүндөй агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн стратегиялык маанилүү багытынын бири болуп илимий-изилдөө прогресси жана илим менен техниканын жетишкендиктеринин негизинде өндүрүштү үзгүлтүксүз жаңылоого мүмкүндүк берүүчү илимдин жана техниканын жетишкендиктеринин негизинде өндүрүштү үзгүлтүксүз жаңылоого мүмкүндүк берген инновациялык процесс саналат. Мисалы, сүт берүүчү мал чарбачылыгындагы ресурсту үнөмдөөчү технологиялар - сүт саагыч залдар инновациялык долбоор боло алат. Малдын жана малды колдо семиртип багуунун сапатын жогорулатуу да жайыттарды туруктуу башкаруу, экосистемага болгон оорчулукту төмөндөтүү, ошондой эле өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жаңы багыт болушу мүмкүн. Ушуларды эске алып, максаттуу программалар инновациялык багытка ээ болууга тийиш.
Жаңы технологияларды ишке киргизүү үчүн көйгөйлөрдөн болуп алардын баштапкы жогорку наркы, материалдарга жана жабдууларга алымдардын жана КНСтин болушу, изилдөөлөрдүн жетишсиздиги, чарбалардын майда товардуулугу саналат. Технологияларды тейлөө үчүн квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги жана/же тейлөө наркынын кымбаттыгы, ошондой эле технологиялар жөнүндө жетишсиз маалымдуулук жана изилдөөлөрдүн жетишсиздиги жаңы технологияларды кечеңдетип пайдалануунун себеби болуп саналат.
Ашыкча ресурс жана алардын наркынын төмөндүгү (мисалы, суу, электр энергиясы), майда товардык чарба жогорку технологиялык айыл чарбасын өнүктүрүүдө негизги тобокелчилик жана тоскоол болууда.
Ишенимдүү маалыматтардын жетишсиздиги жана жогоруда аталган жагдайлар заманбап технологияларды ишке киргизүүнү колдоо боюнча саясаттагы мүчүлүштүктөргө алып келет.
Кыргыз Республикасында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан колдоого алынган түрдүү долбоорлор менен талааны лазер колдонуп пландоо, дан эгиндерин, жүгөрүнү, кант кызылчасын жана башка түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн нөлдүк себүү технологиясы сыяктуу климатка туруктуу жана ресурстарды үнөмдөчү технологиялар ишке киргизилип, алдыга жылдырылууда. Жыл сайын жерди пайдалануунун ресурстарды үнөмдөөчү технологияларын колдонуу менен Ысык-Көл, Чүй облустарынын фермерлери 200-300 га чейинки жерге дан өсүмдүктөрүн, 30-50 га жерге - эспарцет жана бедени себип жатышат, Баткен облусунда - 300 га жерге себилип жатат.
Фермердик талаа мектептеринин демонстрациялык участокторунда фермерлер нөлдүк себүүнүн теориялык жана практикалык негиздери менен таанышууда. Белгилеп кетүүчү нерсе, фермерлер салттуу себүү технологиясын тандоо менен жаңы нерсени татаалыраак өздөштүрүүдө.
Климатка туруктуу айыл чарба методдору көп учурда органикалык жана ресурстарды үнөмдөөчү дыйканчылыктын практикасына окшош келет. Мында агрардык өндүрүштө ресурстарды пайдалануунун терс кесепеттерин максаттуу кыскартууга басым жасалат. Ушуга байланыштуу кыртыш жана суу ресурстарын пайдаланууга жооптуу фермерлер жогоруда аталган ресурстарды башкаруу боюнча оптималдуу чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон жаңы технологияларга жана билимдерге муктаж.
Милдеттер. Агрардык сектордо ресурстарды туруктуу башкарууга жетишүү жана айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшкөн ресурстарды үнөмдөөчү, органикалык жана климаттык туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү төмөнкү милдеттерди жүзөгө ашыруу жолу менен белгиленген: 1) талаптагыдай пландоо жолу менен агрардык сектордо жер жана суу ресурстарын туруктуу пайдаланууга жетишүү; 2) органикалык айыл чарба рыногун өнүктүрүү; 3) өндүрүш факторлорун натыйжалуу пайдалануу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды өнүктүрүү жана ишке киргизүү; 4) "жашыл" айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу укуктук ченемдик базаны өркүндөтүү; 5) "жашыл" айыл чарбасын каржылоо; 6) айылдык товар өндүрүүчүлөрдү "жашыл" айыл чарбасын жүргүзүү методикасына окутуу жана ал тууралуу маалымдоо жолу менен потенциалын көтөрүү; (7) климаттын өзгөрүшүнө жана анын терс кесепеттерин азайтууга ыңгайлаштыруу.
1) Талаптагыдай пландоо жолу менен агрардык секторго жер жана суу ресурстарын туруктуу башкарууга жетишүү.
Жердин кыртышы кайра калыбына келбей турган ресурс болуп саналат. Жер кыртышын туруктуу башкаруу аны калыбына келтирүүдөн арзаныраак түшөт, анткени ал адам жашап өткөн мезгил ичинде калыбына келтирилбейт. Ушул милдетти жүзөгө ашыруунун алкагында "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик долбоорлоо институтунун жер кыртыш лабораториясынын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана учурдагы жер кыртышынын абалын, анын курамын, органикалык заттардын сакталышын иликтөө каралууда. Бул үчүн кыртыштык-агрохимиялык изилдөө, андан соң жер кыртышын паспорттоштуруу жана түшүмдүүлүгүн баалоо жүргүзүлөт. Бул жер кыртышынын ресурстарына мониторингди жакшыртууга көмөктөшүп, тажрыйбанын конкреттүү түрлөрүн, өзгөчө химиялык жер семирткичтерди колдонууга же эрозияга алып келүүчү жерди пайдалануу методикасына тыюу салынган чөйрөлөрдү белгилөө жолу менен жерди пайдаланууну пландоонун өбөлгөлөрүн иштеп чыгуу үчүн негиз болот. Жер кыртыштары ресурстарын башкаруу боюнча жетекчиликке алынган принциптер жана/же жоболор бул өбөлгөлөрдү толукташы мүмкүн. Мындан тышкары, деградацияга дуушар болууну төмөндөтүү үчүн талааларга коргоочу токой тилкесин отургузуу сыяктуу агротокой мелиоративдик иштер жүргүзүлөт.
Жайыттарды жана мал чарбачылыгын туруктуу башкарууга жайыт жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана анын деградацияга дуушар болуусун төмөндөтүү жолу менен жетишсе болот. Бул үчүн мал чарбачылыгынын сапатын жакшыртууну (сандан сапатка өтүүнү) жана мал башынын санын жөнгө салууну кошуп алганда, жайыттарды туруктуу башкаруу системасы иштелип чыгат. Жайыттарга инвентаризациялоо жүргүзүлүп, мониторингдөө механизми иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат. Алдыдагы милдеттер жайыттарды ротациялоо боюнча адекваттуу мамилени жана ротациянын планын жүзөгө ашыруу механизмин ишке киргизүүнү талап кылат.
Жайыттарды туруктуу башкарууга жетишүү алкагында жайыт билеттеринин наркын белгилөө боюнча дифференциалдуу мамиле иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат, мал башын көбөйтүүгө жергиликтүү салык киргизилет. Мындан тышкары, жайыттардын инфратүзүмүн жана абалын жакшыртууда ички инвестицияларды/каражаттарды тартуу механизми иштелип чыгат. Бул милдеттердин алкагында жайыттарды пайдалануунун жана ири мүйүздүү мал менен майда мүйүздүү малды байлап кармоого дем берүүнүн илимий негизделген механизмдери иштелип чыкты. Бул үчүн жайыттар боюнча экологиялык, экономикалык эсептер системасына пилоттоо жүргүзүлөт.
Жер кыртышын сактоо жана экосистеманы туруктуу башкаруу максатында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу жана жер пайдалануунун башка туруктуу методдору боюнча экосистемалык мамиле жасоонун методологиясы иштелип чыгат жана ишке киргизилет.
Жердеги климаттын ысышына байланыштуу глобалдык тенденцияны жана ичүүчү суунун запастарынын азайышы боюнча болжолдорду эске алуу менен жаратылыш булактарынан баштап акыркы керектөөчүгө чейин суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселеси өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында сугат иштеринин туруктуу схемасы иштелип чыгат, ал суунун тийиштүү жеткиликтүүлүгүнө ылайыкташтырылат.
Азырынча суунун жетиштүү экендигине карабастан, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу максатында кургакчылык мезгилде сууга жетүүнүн механизмин иштеп чыгуу пландалууда.
Белгиленген ирригациялык инфратүзүмдү модернизациялоо, таштандылардан каналдарды өз учурунда тазалоо жана оңдоо суунун жоготууларын азайтууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле ирригациялык курулмаларды жана коллектордук-дренаждык системаны куруу, жантаймаларды террасалоо жана аларга суу топтоочу каналдарды салуу кыртыштагы суу эрозиясына каршы күрөшүүдө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу жана аны үнөмдөө үчүн суу берүүдө пайдалуу аракет коэффициентин (ПАК) жогорулатууда өз салымын кошот.
Мындан тышкары, Сууну пайдалануучулар ассоциациясынын деңгээлинде аялдардын өкүлдөрүн квоталоо киргизилет (мыйзамга ылайык 30% кем эмес);
2) Органикалык айыл чарба рыногун өнүктүрүү.
Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчүлөрдүн, сатып өткөрүүчү уюмдардын, илимдин жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын бириктирүүчү класстердик ыкма ишке киргизилет. Класстердик ыкманы жүзөгө ашыруу үчүн органикалык айыл чарбасын инфратүзүмдүк каржылоодо инвесторлорду тартуу боюнча долбоордук сунуштар түзүлөт. Баштапкы этапта Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын органикалык айыл чарбасы боюнча (адистештирүүнүн негизинде ар бир облустан бирден район) пилоттук долбоорлор иштелип чыгат жана ишке киргизилет. Фермерлер үчүн жеткиликтүү болгон жана ишеним жараткан заманбап көз карандысыз лабораториялар, ошондой эле органикалык продукцияны өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, органикалык жер семирткичтерди ташып келүүгө салыктык тарифтерди кайра кароо сунушталууда. Ал эми органикалык жер семирткичтер менен камсыздалуу үчүн органикалык жер семиртикичтерди чыгаруучу заводдун курулушуна инвестицияларды тартуу пландалууда. Коммерциялык, укуктук маалыматтарды алмашуу жана органикалык продукцияны экспорттоонун өсүшүнө көмөктөшүү үчүн маалыматтык-укуктук аянтча түзүлөт. Биопрепараттарды жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүүчүлөр үчүн аларды зарыл көлөмдө өндүрүүгө өбөлгөлөө үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү мүмкүндүгү каралат. Ошондой эле соода-логистикалык борборлорду түзүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлөт;
3) Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана өндүрүштүк факторлорду натыйжалуу пайдалануу үчүн заманбап технологияларды өнүктүрүү жана ишке киргизүү.
Айыл чарбасынын технологияларга жетүүсүн жакшыртуу жана аны модернизациялоо үчүн технологияларды каржылоо программасын иштеп чыгуу, климаттык технологияларга карата алымдарга жана КНСке талдоо жүргүзүү, окутуу программаларын ишке киргизүү, тематикалык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү пландаштырылууда. Сууну сарамжалдуу пайдаланууга, жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө жана жер ресурстарынын деградациясын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген сугаруунун прогрессивдүү технологияларын ишке киргизүүнүн, анын ичинде тамчылатып сугарууну пайдалануу механизмдерин иштеп чыгуу буга мисал боло алат. Сүт чарбасындагы ресурстарды үнөмдөчү технологиялар: сүт саап алуу залдары мал чарба секторундагы инновациялык долбоор болушу мүмкүн. Заманбап технологияларды пайдаланууга дем берүү аркылуу майда товардуу айыл чарбасын жүргүзүүдөн качуу максатында кооперацияларды түзүүгө жана ага өбөлгөлөөгө көмөктөшө алат. Мындан тышкары, маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жакшыртуу, жер жана суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү максатында мал чарбачылыгын, балыкчылыкты (аквамаданияты), өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өсүмдүктөрдүн карантинин, жерлерди мелиорациялоону, жер, суу ресурстарын, ирригациялык жана мелиоративдик инфратүзүмдөрдү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын кошкондо, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмү түзүлөт;
4) "Жашыл" айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү колдонуудагы мыйзамдарды "жашыл" экономиканын максаттарына ылайык келтирүүгө багытталган. Атап айтканда, кийин өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгын аныктоо үчүн "жашыл" экономиканын максаттарына колдонуудагы ченемдердин ылайык келишине карата айыл чарба жаатындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жүргүзүлөт. Милдеттердин алкагында жайыттардын деградациясы үчүн жайыт комитеттеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү да сунушталууда.
Мындан тышкары, "Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана анын иштеши үчүн зарыл болгон мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу сунушталууда. Жер жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу, технологияларды тартуу максатында андан ары саясатты аныктоо жана ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу менен талдоо жүргүзүү талап кылынат.
Ошондой эле чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенциянын жана башка эл аралык документтердин алкагында климаттын өзгөрүшү маселеси боюнча кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге улуттук мыйзамдардын базасынын ылайык келишине талдоо жүргүзүлөт. Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн кунарсыз жайыт айыл чарба жерлерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу, ошондой эле айыл чарба жерлерин агрохимиялык иликтөө жана талааларды (менчигинин түрүнө карабастан жер үлүштөрүн) паспорттоштуруу жөнүндө жобону иштеп чыгуу пландаштырылууда. "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу механизми иштелип чыгат жана тийиштүү мыйзам алдындагы актылар кабыл алынат;
5) "Жашыл" айыл чарбасын каржылоо.
Айыл чарбасын колдоодо фискалдык саясат жана анын кемчиликтери айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана кайра иштетүүчүлөргө ирригациялык сууларды берүү жана салыктык жеңилдиктерди берүү боюнча баа саясаты менен байланыштуу. Айыл чарбасын колдоо боюнча учурдагы чаралар иш жүзүндө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жетишсиз. Мындай колдоонун натыйжасында майда өндүрүүчү үчүн сууну жана жерди пайдалануунун "салттуу" жолдору пайдалуу болуп саналат, анткени туруктуу технологияларды ишке киргизүү үчүн, өзгөчө баштапкы этабында кыйла чыгымдар талап кылынат. "Жашыл" технологияга ири айыл чарба өндүрүүчүлөрү кыйла жакын болушат, алар, эреже катары көп салык төлөшөт. Ошондуктан көпчүлүк фермерлер ирилешүүгө жана биригүүгө умтулушпайт.
Бул үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо мамлекеттик саясатын өркүндөтүү зарыл. Мында сууну үнөмдүү пайдалануу, жерди туруктуу пайдалануу жана чарбакер субъекттерди ирилештирүү үчүн дем берүүчү өбөлгөлөр жана жүйөөлөр түзүлүшү керек. Мындан тышкары, айыл чарбасын каржылоо боюнча кандай гана мамлекеттик программа болбосун, Кыргыз Республикасындагы "жашыл" экономиканы илгерилетүү боюнча сунушталган саясатына ылайык келиши керек.
Ушуга байланыштуу ирригациялык сууларды берүүнүн тарифтик саясатын реформалоо жана айыл чарба кызматкерлерине карата салык саясатын өзгөртүү зарыл. Фермердик ишке патентти киргизүү реформалоонун бир ыкмасы болуп саналат. Айыл чарбасындагы салык саясаты талданат жана анын негизинде "жашыл" экономикага өтүү үчүн жеңилдиктерди жана субсидияларды өбөлгөлөөчү сунуштар иштелип чыгат.
Кыртыштардын абалын талдоонун жыйынтыгы боюнча кыртыштын паспортторун жана патенттерди киргизүүнү кошкондо, айыл чарба кызматкерлерине карата салык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат;
6) "Жашыл" айыл чарбасын жүргүзүү методдору менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү маалымдоо жана окутуу аркылуу потенциалды көтөрүү.
Илдетти ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар климаттын өзгөрүшүнүн социалдык-экономикалык кесепеттери жөнүндө, анын ичинде өсүп жаткан суунун жетишсиздиги жана жердин деградацияга дуушар болуу көйгөйлөрү, жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу, ошондой эле органикалык жана ресурстарды үнөмдөөчү айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыгы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталат.
Органикалык айыл чарба, тамчылатып сугаруу ж.б.у. боюнча маалыматтарга жана технологияларга жетүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Жогорку окуу жайлары үчүн айыл чарба чөйрөсүндө адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча аялдар үчүн квотаны кайра карап чыгуу менен окутуучу программаларды иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Ошондой эле жайыттардын түшүмдүүлүгүн көтөрүү жана жайыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча көндүмдөргө жайыт комитеттеринин мүчөлөрүн окутуу жүргүзүлөт.
Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын программасына органикалык айыл чарбасы боюнча өзүнчө багытты киргизүү, ошондой эле тийиштүү окуу куралдарын чыгаруу пландаштырылууда. Чарба жүргүзүүнүн органикалык ыкмасына өтүүнү каалаган фермерлер үчүн кайра квалификациялоо курстары уюштурулат;
7) Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу жана анын терс кесепеттерин жеңилдетүү.
Айыл чарбасы климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көз каранды болгон адам ишинин чөйрөсү болуп саналат. Ал бир эле убакта климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине өтө аярлуу сектор болуу менен, парник газдарынын негизги булактарынын бири болуп саналат жана тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн бүткүл системасын токтоосуз ыңгайлаштырууну талап кылат. Климаттык-туруктуу чечимдерди кабыл алууну камсыздоо максатында климаттык маалыматты берүүчүлөр менен бардык деңгээлдерде чечимдерди кабыл алуучу адамдардын ортосунда климаттык тейлөөнү өнүктүрүү зарыл.
Айыл чарба секторунда климаттык-маалыматтык чечимдерди кабыл алуу максатында климаттын өзгөрүшү жаатындагы маалыматтык жана илимий негиз бекемделет жана өнүктүрүлөт, экосистемалык мамилеге жана "жашыл" чечимдерди кабыл алууга басым жасоо менен климаттын өзгөрүшүнө айыл чарба секторун ыңгайлаштыруу боюнча ыкчам жана узак мөөнөттүү чаралар иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат. Натыйжасы катары кургакчылыкка жана селге туруктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттору киргизилет, ресурсту үнөмдөөчү жер иштетүүгө аянттар бөлүнөт.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- пландаштырылган жана туруктуу түшүм алуу үчүн органикалык жана минералдык жер семирткичтерди негиздүү колдонуу максатында дыйкан (фермердик) чарбаларынын жерлерине кыртыштык-агрохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү;
- кыртыштын деградацияга дуушар болуу масштабы кыскарды жана айыл чарбасында жер которууга жаңы жерлер киргизилди;
- ар бир жер участогунун (талаалардын) кыртыштарынын күрдүүлүгүн комплекстик баалоонун жана паспорттоштуруунун жана кыртыштын күрдүүлүгүн сактоону жана жогорулатууну контролдоо системасын өркүндөтүүнүн эсебинен жерлерди сарамжалсыз пайдаланууга байланышкан бузуулардын саны кыскарды;
- "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик долбоорлоо институтунун кыртыштык лабораториясынын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жүргүзүлдү жана айыл чарба жерлеринин абалына мониторинг жүргүзүү системасы түзүлдү;
- айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгү боюнча маалыматтар банкы түзүлдү;
- жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн натыйжалуу ченемдер жана семирткичтерди колдонуунун технологиялары белгиленди;
- жайыт жерлеринин деградацияга дуушар болушу төмөндөдү жана жайыттардагы чөптөрдүн абалы жакшырды;
- "Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, улуттук стандарттар иштелип чыкты жана күчүнө кирди, сертификаттоочу орган аныкталды;
- тамчылатып сугарууну өнүктүрүү боюнча концепция жана айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн кунарсыз жайыт айыл чарба жерлерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобо иштелип чыкты;
- 18 ирригациялык объект пайдаланууга киргизилди, ошондой эле ирригациялык курулмалар курулду;
- жантайма аянтчалар жана аларга суу топтоочу каналдар салынды;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө климаттык тобокелчиликтерден камсыздандыруу системасы киргизилди;
- мал чарбачылыгында климаттык тобокелчиликтерден камсыздандыруу системасы киргизилди;
- органикалык жана ресурсту үнөмдөөчү айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктары жөнүндө керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугу жогорулатылды;
- "жашыл" технологияларга өтүү боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн өбөлгөлөр жана жүйөөлөр түзүлдү;
- сугат сууларын жана жайыттарды башкаруу боюнча жамааттык уюмдар олуттуу потенциалга ээ, башкаруунун туруктуу методдорун киргизишүүдө, өз курамына 70%дан ашпаган бир жыныстагы адамдарды камтууда;
- кыртыштык жана суу ресурстарынын булганышынын масштабы кыскарды;
- айыл чарбасында камсыздандыруу системасын киргизүү аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн климаттык тобокелдиктер азайды;
- айыл чарбасында заманбап технологиялар колдонулууда.
3. "Жашыл" өнөр жай
Максаты. Кыргыз Республикасынын өнөр жай өндүрүшүндө ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана кыйла таза өндүрүш процесстерин алга жылдыруу.
Учурдагы жагдайды талдоо. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму "жашыл" өнөр жайды өнөр жай өндүрүшү жана өнүктүрүү катары баяндайт, ал табигый системалардын начарлашынын эсебинен болбойт же адамдын ден соолугу үчүн терс кесепеттерге алып келбейт(16). Ушул программанын контекстинде "жашыл" өнөр жайын экологиянын ченемдерин сактоо максатында ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдалануу, уулуу заттарды пайдаланууну этап-этабы менен токтотуу, жаңы экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү, казып алынуучу отундун түрлөрүн энергиянын кайра жаралуучу булактарына алмаштыруу, эмгек коопсуздугунун жана анын гигиенасынын деңгээлин көтөрүү жана булгоочу заттарды жана калдыктарды чыгарууну кыскартуу жолу менен экологияга өнөр жай процесстеринин таасирин кыскартуу катары аныктаса болот. Ошентип, "жашыл" индустриалаштыруу процесси ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууну, жаратылышты коргоо ченемдерин сактоону жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын мүмкүн болушунча максималдуу пайдаланууну өзүнө камтыйт.
Кыргыз Республикасында "жашыл" индустриализация процессине мониторинг жүргүзүүгө карата ыкмалардын бири болуп БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдөгү өнөр жай саясаты болуп саналат. Туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максаттарынын (ТӨМ) ичинен төртөөсү экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жана экономикалык өнүктүрүүгө тийиштүү. ТӨМдүн 17 маңызын түзгөн 169 максаттуу көрсөткүчтөрдүн ичинен өнөр жай төрт максатка жана аларга байланышкан 12 көрсөткүчкө жетүүгө өбөлгө түзөт, алардын 8и айлана-чөйрөгө байланышкан. Сегиз индикаторго кошумча иретинде суммалык салмакталган бекем бөлүкчөлөрдү же чөйрөгө диоксидди чыгаруу сыяктуу абанын өнөр жайдан булганышына мониторинг жүргүзүүгө тийиштүү дагы бир индикаторду кошсо болот, бирок ТӨМдө абанын булганышын азайтуу боюнча негизги максаттар жок(17).
"Жашыл" индустриализация үчүн потенциалдуу чечимдерди аныктоо максатында Кыргыз Республикасындагы өнөр жайлык экологиялык кырдаалды талдоо зарыл.
Кыргыз Республикасы 2018-жылдагы экологиялык көрсөткүчтөрдүн рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 99-орунду ээлейт, ал эми 2016-жылы 71-орунду ээлеген18. Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү 2018-жылы төмөндөгүдөй бааланган: Казакстан-101, Тажикстан-129, Түркмөнстан-38, Өзбекстан-136.
Өлкөнүн суу ресурстарына химиялык жана органикалык булгоолор коркунуч жаратууда, алар негизинен тоо-кен ишканаларынын көп сандагы таштандыларына (буга тиешелүү түрдө контроль жүргүзүлбөйт) жана калдыктарына байланыштуу. Эл аралык салыштыруулар Кыргыз Республикасында кайра иштетүү өнөр жайында булгоолордун (СО2 чыгаруунун эсептелген саны) өсүшү жана ресурстарды пайдалануу (материалдарды пайдалануу менен өлчөнүүчү) салыштырмалуу түрдө жогору экенин көрсөткөн. 1995-2013-жылдар мезгилинде иш жүзүндө СО2 чыгаруу болжол менен 140%га көбөйгөн, бул кирешеси орточо деңгээлдеги өлкөлөрдөгү(19) өсүштөн да ашат. Өлкө материалдарды пайдаланууга карата кирешелери төмөн жана орто деңгээлдеги башка өлкөлөрдөн да озуп кеткен. Иштетүү өнөр жайында материалдарды пайдалануу натыйжасыз, ал эми өндүрүү методдору ысыраптуу, бул мониторинг жүргүзүү методдорун пайдаланууну жана түзүлгөн кырдаалды жакшыртууну болжолдойт. Мындан тышкары, ресурстарды пайдалануу көз карашынан алганда өндүрүүнүн кыйла натыйжалуу ыкмаларын пайдаланууну азайтуу убакыттын өтүшү менен олуттуу экологиялык зыянга алып келиши мүмкүн.
2017-жылы стационардык булактардан абанын булганышы 50 миң тоннаны түзгөн, бул 2011-жылдагы абанын булганышынан 36%га жогору. Булгоочу заттарды чыгаруунун кыйла чоң көлөмү жылуулук электр станцияларынан (67%), өндүрүш секторунан (27%) жана тоо-кен казуу секторунан (6%) келип чыгат. Бул үч сектордун жыйындысы болжол менен абага бөлүп чыгарган бардык булгоочу заттардын 94,4% түзөт.
Катуу бөлүкчө сыяктуу заттар, күкүрт кычкыл газы, көмүртек кычкылы, азот оксиди жана көмүр тектүү суутектер стационардык булактардан бөлүнүп чыккандарда басымдуу болот(20).
2-таблица. Абанын өнөр жайдан булганышы
Көрсөткүчтөр (миң тонна) | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 |
Чыгарылган газдардан зыяндуу заттарды кармап калуу жана детоксикациялоо үчүн орнотмолор | 288 | 273 | 369 | 479 | 419 | 338 | 366 |
Стационардык булактардан абаны булгаган чыгаруулар | 36 | 37 | 39 | 61 | 61 | 53 | 50 |
Стационардык булактардан чыгаруулардын жалпы саны | 324 | 310 | 408 | 540 | 478 | 390 | 415 |
Иштетилген чыгаруулардын % | 89 | 88 | 90 | 89 | 87 | 86 | 88 |
Атмосферага стационардык булактардан жалпы чыгаруулар 2006-2009-жылдары көбөйгөн. 2010-жылы тоо-кен өнөр жайы, мунай өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы, булгаары жана булгаары буюмдары жана жыгачты кайра иштетүү сыяктуу экономиканын айрым секторлорунда өндүрүүнүн төмөндөшүнөн улам 2009-жылга салыштырмалуу жалпы массалык чыгаруулар 21%га кыскарган, 2011-жылы чыгаруулар 2010-жылга салыштырмалуу 1,2 эсеге көбөйгөн.
2011-2017-жылдары да өсүү байкалат. Булгоочу заттарды чыгаруунун жалпы көлөмүнөн орточо алганда 88% атайын орун жайларда камтылат жана булганган заттардын 12% жакыны эч кандай иштетилбестен чыгарылат.
2010-2017-жылдардагы мезгилде өнөр жай калдыктары орточо 5,7%га көбөйгөн. 2017-жылы уулуу калдыктардын көлөмү 120933 миң тоннаны түзгөн, бул 2016-жылга караганда 7,3%га көп (3-таблица). Ишканалардан уулуу калдыктардын жалпы санынан чыгуучу анчалык чоң эмес бөлүгү зыянсыз, эгерде мындай тенденция узак мөөнөттүү келечекте улана берсе өлкө үчүн олуттуу экологиялык коркунучту түзөт.
3-таблица. Уулуу өндүрүштүн калдыктарынын көлөмү
Көрсөткүчтөр (миң тон) | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 |
Жылдын башында ишканалардын калдыктары | 88 | 93 | 108 | 102 | 109 | 112 | 120 |
923 | 692 | 330 | 766 | 348 | 670 | 933 | |
Ишканалардын калдыктарынын интенсивдүүлүгү | 577 | 860 | 694 | 690 | 729 | 767 |
|
Отчеттук жылдагы калдыктардын саны | 5876 | 4771 | 7957 | 10040 | 10498 | 12377 | 12653 |
Толук зыянсыз, иштетилген жана/же утилдештирилген калдыктар | 33 | 0,2 | 0,3 | 0,1 | 0,3 | 0,3 | 0,5 |
Суу ресурстарын пайдалануунун жалпы көлөмүндө өнөр жайлык суу пайдалануу болгону 0,67%ды түзөт. 2017-жылы суунун индустриялык интенсивдүүлүгү 2,19 түзгөн, бул өткөн жылга караганда 27%га жогору жана 2011-жылга караганда 11%га жогору.
Зыяндуу заттарды чыгаруунун негизги булактары болуп энергетикалык сектор (74%), айыл чарбасы (16,1%), калдыктар (5,5%), өнөр жай процесстери (4,2%), жерди пайдалануу, жерди пайдалануунун өзгөрүшү жана токой чарбасы (0,2%) саналат. Экологиялык көз караштан алганда парник газдарын чыгарууга кошумча, газдарды - прекурсорлорду чыгаруу да маанилүү роль ойнойт. Газдарды - прекурсорлорду чыгарууну бөлүштүрүү парник газдарын чыгарууну бөлүштүрүүгө окшош. Мында энергетика сектору (82,9%), андан кийин өнөр жай (9,8%), айыл чарбасы (6,8%), эритүүчүлөр жана жерди пайдалануунун өзгөрүшү маанилүү ролду ойнойт.
4-таблица. Суу ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу
Көрсөткүчтөр (миллион метр3) | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 |
Сууну керектөө | 4864,0 | 4863,0 | 5114, 0 | 4768, 0 | 5224,5 | 4668,7 | 5072,4 |
Өндүрүштүк муктаждыктар үчүн (сууну өнөр жайлык пайдалануу) | 78 | 82 | 40 | 81 | 87 | 67 | 69,1 |
Суунун өнөр жайлык интенсивдүүлүгү | 1,97 | 1,33 | 3,90 | 1,84 | 1,72 | 2,19 |
|
Сугаруу жана айыл чарба сууларын берүү үчүн | 4634,0 | 4482,6 | 4543,6 | 4530,5 | 4922,2 | 4435,3 | 4821,6 |
Агынды суулар | 116,0 | 115,7 | 113,5 | 103,6 | 99,9 | 100,0 | 101,6 |
Стандарттарга ылайык тазаланган суу | 109 | 109 | 103 | 104 | 94 | 93 | 95 |
Агынды суулардын чачкындыгы (иштетилбеген же жетишсиз иштетилген) | 4 | 4 | 5 | 2 | 2 | 2 | 2 |
Булгоону төмөндөтүү үчүн чыгымдар мобилдик жана стационардык булактардан абага булгоочу заттарды чыгаруудан, сууга агызып чыгаруудан жана калдыктарды утилдештирүүдөн алынат. Бирок экологиялык мониторинг системасы тиешелүү инфратүзүмдүн, аналитикалык лабораториялардын жана финансылык чектөөлөрдүн жоктугунан улам компетенттүү улуттук экологиялык органдын алкагында адекваттуу эмес. Кыргыз Республикасында экологиялык ченемдерди сактоону камсыздоонун негизги институттук көйгөйлөрүнүн бири болуп өнөр жай объектилерине жеткиликтүүлүктү чектөө саналат.
Ишканаларда айлана-чөйрөнү башкаруу системасын өнүктүрүү (EMS) 2000-жылдардын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өбөлгөлөнгөн. ISO 14001 стандарты 2002-жылы улуттук стандарт катары кабыл алынган. Кийин ISO 14003 жана ISO 14005 стандарттары кабыл алынган. Энергиялык натыйжалуулукту, энергокоопсуздукту жана энергокеректөөлөрдү камсыздоо үчүн ошондой эле ISO 50001 стандарты (Энергияны башкаруу системасы) киргизилген. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору ISO 14000 стандарттарына ылайык экологиялык менеджмент системасына башчылык кылат жана айлана-чөйрөнү өнөр жай ишканаларынын терс таасиринен ырааттуу жана максаттуу багытта коргоо үчүн шарттарды түзөт(21).
Айлана-чөйрөнү башкаруу маселелерин чечүү жана кыйла таза өнөр жай өндүрүшү үчүн комплекстүү уруксаттарды иштеп чыгуу боюнча Экологиялык таза өндүрүш улуттук борборун түзүү максатка ылайык.
Экономикалык зоналар өлкөнүн экономикасын өстүрүүнүн кыймылдаткыч күчү катары кызмат кыла тургандыгы күтүлүүдө. Кыргыз Республикасында беш эркин экономикалык зона иштейт: "Бишкек" ЭЭЗ, "Маймак" ЭЭЗ, "Нарын" ЭЭЗ, "Каракол" ЭЭЗ жана "Лейлек" ЭЭЗ. "Нарын" ЭЭЗ экологиялык таза азыктарды өндүрүүнү кеңейтүүгө ниеттенүүдө, буга байланыштуу эркин экономикалык зоналар үчүн айлана-чөйрөнү башкаруунун тийиштүү программаларын иштеп чыгуу талап кылынат(22).
Калктын ар бир жан башына электр энергиясынын керектелиши 2010-2015-жылдардын аралыгында 30%дан ашыгыраак көбөйгөн. Бүтүндөй алганда, энергиянын ички өндүрүшү өлкөнүн керектөөсүнүн 45%ын камтыйт, ошондуктан Кыргыз Республикасында калган 55%ын (орточо) импорттоо зарыл. Статистика боюнча, өнөр жайда энергиянын кыйла бөлүгү пайдаланылат: мында турак жай сектору энергиянын ири керектөөчүсү (37%), андан кийин өнөр жай (34%) жана транспорт (29%) болуп саналат(23).
Стратегиялык тандоо индустриалаштыруу саясатын түзүүдө турат, ал атап айтканда энергиянын ишенимдүү жана жетиштүү булактарына жана электр энергиясына негизденет. Бирок, Кыргыз Республикасында электр энергиясын өндүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ болгонуна карабастан энергия менен камсыз кылуунун төмөн ишенимдүүлүгүнө ээ. Мезгил-мезгили менен электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учуроодо. Бул факторлордун бардыгы өнөр жайын андан ары өнүктүрүү жана өнөр жай ишканаларын жайылтуу, айрыкча цемент жана жабдууларды өндүрүү сыяктуу энергияны көп талап кылуучу өнөр жай ишканаларын ишенимдүү энергия менен камсыз кылуу үчүн генерациялоочу кубаттуулуктарды андан ары жайылтуунун өтө зарыл экендиги жөнүндө айтып турат. Кыргыз Республикасынын өнөр жайы тарабынан энергиянын акыркы керектелишинин жалпы көлөмүндө кыйла көп үлүш (40%) көмүргө, мунайга (25%) жана электрге (25%), жаратылыш газына (10%) туура келет.
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү концепциясынын долбоорунда энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чаралардын зарылдыгы көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин баалоолору боюнча гидроэнергетиканын потенциалы жылына саатына 5-8 млрд. кВт, шамал - саатына 44,6 млн. кВт, күн энергиясы - саатына 490 млн. кВт, биомасса - 1,3 млрд. тоннаны түзөт, буларды өнөр жай үчүн энергиянын таза булагы катары потенциалдуу түрдө пайдаланууга болот.
Концепциянын долбоорунда ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу боюнча чаралар каралган. Кыргыз Республикасынын экономикасынын энергияны керектөөсүн төмөндөтүүнүн, энергияны керектөөгө рыноктук бааларды киргизүүнүн эсебинен энергиялык натыйжалуулукту камсыздоо пландаштырылууда. Өнөр жайда энергиялык натыйжалуулугунун техникалык потенциалы энергияны жылдык керектөөнүн 11,2%ын түзөт. Салыштыруу үчүн турак жай секторундагы техникалык потенциал жылдык керектөөнүн 80%га чейинкисин түзөт(24). Энергиялык натыйжалуулугунун потенциалы 2020-жылга карата энергияны керектөөнүн өсүшүн божомолдоо менен 150%га жана 2030-жылга карата 210%га жана 2020-жылга карата ИДПнын өсүшү менен 197%га жана 2030-жылга карата 320%га бааланууда, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча маалыматтарына ылайык 2015-2030-жылдардын аралыгында ИДПнын энергияны көп талап кылышын төмөндөтүү 20%ды түзөт. Ошондой эле энергияны керектөөнүн өсүшү экономикалык өсүштөн төмөн бойдон калууга тийиш, бул 2030-жылга карата энергияны саатына 3,65-4,1 млрд. кВт көлөмдө үнөмдөп калууга жардам берет.
KyrSEFF энергиялык натыйжалуулугун колдонуудагы программасынын бири болуп саналат, ал 2013-жылдан тартып UNISON тобу тарабынан жүргүзүлүп келе жатат. Программа ишке ашырылып баштагандан тартып турак жай курулушу жана бизнес чөйрөсүндө энергиялык натыйжалуулугу боюнча 968 долбоорго колдоо көрсөтүлгөн, бул саатына 150000 МБт үнөмдөөгө жана 35000 тоннадан ашык CO2 чыгарууну кыскартууга мүмкүндүк берди. KyrSEFF турак жай секторунда жана өнөр жай имараттарында энергоресурстарды жана ресурстук натыйжалуулукту көбөйтүү үчүн кредиттерди жана гранттарды берет. Программа ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Туруктуу энергетиканы каржылоо программасы аркылуу (SEFF) Европадан дүйнөлүк практикаларга негизденет, ал коммерциялык ишканалар үчүн бир нече жүздөгөн доллардан 2 миллион АКШ долларына чейин кредиттик линияларды камтыйт. Кыргыз Республикасы өнөр жайда энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн чоң потенциалга ээ. Ар кандай баалоолор боюнча энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу электр энергиясына болгон жалпы суроо- талапты 40%дан 46%га кыскартууга жана өнөр жайда25 энергияга болгон суроо-талапты 11%га азайтууга мүмкүндүк берет.
Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасында энергетика секторун трансформациялоо жана энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды киргизүү үчүн төмөнкүдөй тоскоолдуктар аныкталган: саясатты иштеп чыгуу процессинде кайчылаш ролдор жана милдеттер; өнөр жайды жөнгө салуу жана ээлик кылуу, каражаттардын жана электр энергиясынын агымынын ачык-айкындуулугуна жана отчеттуулугуна жолтоо болгон субоптималдык келишимдер жана эсептик келишимдер, ошондой эле операциялык жана финансылык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга карата сектордук компаниялар үчүн өбөлгөлөрдүн жоктугу; аталган секторду келечектүү пландоо жана ачык критерийлердин негизинде инвестициялардын артыкчылыгын аныктоо аркылуу эмес, ар жылдык негизде жүргүзүлүүчү чыгымдарды натыйжасыз пландоо.
Милдеттер. Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү сунушталат: 1) өнөр жайдын энергия жана суу секторлорундагы ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүү үчүн потенциалды аныктоо; 2) айлана-чөйрөнү коргоо жаатында өнөр жай менеджментин жакшыртуу жана эркин экономикалык зоналарда өнөр жай симбиозун күчөтүү; 3) Улуттук таза өндүрүш борборун түзүү аркылуу ресурстардын натыйжалуулугу жана таза өндүрүш боюнча чараларды киргизүү; 4) өнөр жай үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатында жөнгө салууну жакшыртуу.
1) Өнөр жайдын энергия жана суу секторлорундагы ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүү үчүн потенциалды аныктоо.
Парник газдарынын эмиссияларынын жогорку деңгээлин, ошондой эле өнөр жай секторунда материалдарды жана ресурстарды пайдаланууну эске алуу менен, ресурстарды үнөмдөө мүмкүндүгүн көрсөтүү жана чыгымдарды азайтуу үчүн ресурстарды натыйжалуу пайдалануу механизмдерин киргизүү боюнча чаралар зарыл. Өнөр жай өндүрүшү үчүн зарыл болгон энергиянын чыгымдарын аныктоо үчүн өнөр жайдын негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар чогултулат. Ошондой эле технология, эмгек өндүрүмдүүлүгү жана өндүрүш факторлору, процесстердин туруктуулугу, ресурстук натыйжалуулук жана башкалар сыяктуу фактыларга талдоо жүргүзүлөт. Талдоо өндүрүштүн бардык чынжырчаларын жана энергиялык натыйжалуулугу боюнча чараларды киргизүүнү, ошондой эле парник газдарын чыгаруунун эсептерин камтыйт. Сунуштар ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетикалык станцияларын дүйнөлүк практиканын мисалдарына салыштыруунун негизинде иштелип чыгат. Талдоонун артыкчылыгы ошондой эле жаңы технологияларды интеграциялоо жана өндүрүш факторлорунун өндүрүмдүүлүгүн жакшыртууга жана колдонуудагы жабдууларды пайдалануунун натыйжалуулугуна жетишүү үчүн сектордун жөндөмдүүлүгүн аныктоо болот. Баштапкы фаза станциялардын чектелген санына талдоо жүргүзүүнү камтыйт. Андан кийин ЮНИДО үчүн иштелип чыккан моделдерди пайдалануу менен колдонуудагы бардык станцияларга талдоо жүргүзүлөт. Бул моделдер станциялардын натыйжалуулугун өз алдынча баалоо үчүн инструмент катары пайдаланылышы мүмкүн. Аталган талдоонун жыйынтыктары улуттук деңгээлде ресурстук натыйжалуулук саясатын киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга пайдаланылат;
2) Айлана-чөйрөнү коргоо жана эркин экономикалык зоналарда өнөр жай симбиозун күчөтүү жаатында өнөр жай менеджментин жакшыртуу. Кыргыз Республикасында азыркы учурда беш экономикалык зона бар, аларда бул региондорго улуттук жана эл аралык стандарттарды киргизүүгө жардам бере турган айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өнөр жай менеджменти колдонулбайт. Жаңы эко-өнөр жай паркы мындай пландарды түзүү үчүн жаңы ыкма болуп саналат. Ушул сыяктуу мисалдар өнөр жай парктарын баалоо үчүн стандарттарды аныктоого, ошондой эле колдонуудагы парктарды реконструкциялоо же туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү максатында жаңы өнөр жай парктарын пландоону жакшыртуу боюнча чараларды пландаштырууга жардам берет. ЮНИДО, Дүйнөлүк банк жана Немец эл аралык кызматташтык коому менен биргеликте иштелип чыккан эко-өнөр жай парктарын киргизүү үчүн эл аралык алкактык программада эко-өнөр жай парктарын киргизүүгө зарыл болгон шарттар, ошондой эле шарттарды жана ар кандай программалык сунуштарды жана шарттарды киргизүү боюнча окуу куралдары камтылган;
3) Улуттук таза өндүрүш борборун түзүү аркылуу ресурстук натыйжалуулук жана таза өндүрүш боюнча чараларды киргизүү.
Өнөр жай жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү процесси Улуттук таза өндүрүш борборун каржылоонун жардамы менен колдоого алынышы мүмкүн. Мындай борбор туруктуу өнүктүрүү максаттарын киргизүү, ошондой эле ресурстарды пайдалануунун кыйла сарамжалдуу жолдорун аныктоодо өнөр жай өндүрүшүнө көмөктөшүү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ресурстук натыйжалуулукту күчөтүү жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча өнөр жайда өбөлгөлөрдү түзүү үчүн зарыл ар кандай экономикалык демилгелер сыяктуу мамлекеттик башкаруу жаатында инновацияларды киргизүүдө кызыкдар тараптарга консультативдик колдоо көрсөтө алмак. Мындай борборлор энергияны, сууну жана материалдарды натыйжалуу пайдалануу үчүн эл аралык стандарттар жөнүндө маалыматтарды берүүгө көмөктөшөт. Кыргыз Республикасындагы жаңы борбор ЮНИДО жана Бириккен Улуттар Уюмунун Экологиялык программасы менен биргеликте өнүккөн ар кайсы өлкөлөрдөгү 50дөн ашуун борбордун учурдагы экспертизаларын пайдалана алышы мүмкүн. Мындай борборлор бүгүнкү учурда улуттук өкмөттөргө, ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнө консультативдик кызматтарды көрсөтүп жатышат. Борборлордун көпчүлүгү өлкөдө болгон институттардын базасында иштешет жана төрт негизги функцияны аткарат: маалыматтарды жайылтуу, тренингдер, техникалык кызматташтык, өкмөт үчүн өнөр жай ишканаларын баалоо жана сунуштарды берүү;
4) Өнөр жай үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатында жөнгө салууну жакшыртуу.
Натыйжалуу программалар, ошондой эле жөнгө салуу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өнөр жай менеджменти үчүн олуттуу мааниге ээ. Программалар иш-аракеттердин төрт тибинен турушу керек: стандарттар, лицензиялар, мониторинг жана аудит, ошондой эле ишке киргизүү. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун баалоосуна ылайык Кыргыз Республикасында жаратылышты-коргоо аудитинин системасын иштеп чыгууда жана киргизүүдө айрым бир көйгөйлөр аныкталган. Бул көйгөйлөргө айлана-чөйрөгө таасир этүүчү көйгөйлөрдүн үстүнөн компаниялардын кыска мөөнөттүү кызыкчылыктары үчүн артыкчылыктарды түзүү, жөнгө салуучу органдар тарабынан өз миссиясын жетишсиз деңгээлде аткаруу, ошондой эле жергиликтүү коомчулук менен тирешүүчү өз ара мамилелер кирет. Бул контекстте айлана-чөйрөнү коргоо жаатында жөнгө салуу боюнча төмөнкүдөй иш-аракеттер сунушталат:
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча стандарттарды кайра кароо жана экономикалык жана техникалык критерийлерди эске алуу менен жол берилген эмиссиялардын лимитин белгилөө;
- жеке операциялык бюджеттерди колдоо менен өнөр жай ишканалары тарабынан үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана отчет берүү практикасын киргизүү. Мамлекеттик контролдоо органдары тарабынан үзгүлтүксүз текшерүүнү камсыз кылуу;
- текшерүүлөрдү жүргүзгөн органдар, ошондой эле жаратылышты коргоо мониторингине байкоо жүргүзгөн инспекторлор үчүн жетиштүү деңгээлде ыйгарым укуктарды жана өз алдынчалуулукту камсыздоо. Ошол эле учурда жүргүзүлгөн текшерүүлөр үчүн процесстин ачык- айкындуулугун жана инспекторлордун отчеттуулугун камсыз кылуу;
- текшерүү жана мониторинг жүргүзгөн мамлекеттик контролдоочу органдар үчүн жетиштүү бюджет берүү, ошондой эле өнөр жай ишканаларынын ишинин жаратылышты коргоо стандарттарына ылайык келүүсү тууралуу үзгүлтүксүз негизде отчетторду жарыялоо.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- энергетикалык, суу ресурстарын, ошондой эле өнөр жай ишканалары тарабынан материалдардын натыйжалуу пайдаланылышы жакшыртылды;
- өнөр жай ишканалары тарабынан сууну жана абаны булгоо деңгээли, ошондой эле өнөр жай калдыктарынын деңгээли төмөндөдү;
- эркин экономикалык зоналарда жаратылышты коргоо менеджменти жакшырды;
- өнөр жайлык жаратылышты коргоону жөнгө салуу натыйжалуу киргизилди;
- инвестициялык мыйзамдар/макулдашуулар жаңыланды.
4. Төмөн көмүртектүү жана экологиялык таза транспорт
Максаты. Транспорттук секторду төмөн көмүртектүү (био) отунга жана электрге өткөрүүнүн эсебинен Бишкек жана Ош шаарларынын атмосфералык абасында СО2 чыгарууну жана булгоочу заттардын концентрациясын төмөндөтүү.
Учурдагы жагдайды талдоо. Антропогендик таасирдин кесепетинен айлана-чөйрөгө келтирилген зыян өлкөнүн аймактарында, атап айтканда миллиондон ашуун калкы бар шаарларда абанын сапатын баалоодо айрыкча көрүнүп турат. Ушул программаны даярдоонун алкагында абанын булгануусунан жапа чеккен жарандарды дарылоого социалдык чыгымдардан, анын ичинде жаратылыш байлыктарын, өзгөчө мөңгүлөрдү сактоодон мамлекеттин сапаттык жана сандык жоготууларын баалоону жүргүзүү мүмкүн болгон жок.
Бишкек жана Ош шаарларында абанын булганышынын негизги булагы транспорттук сектор болуп саналат. Туруктуу өнүктүрүү көз карашынан алганда, транспорт сектору абанын сапаты, жол тыгындарда өткөн убакыт, отунга, коомдук транспортто жүрүүгө баалар, коомдук транспорттун жүрүү ылдамдыгы жана анын ыңгайлуулугу сыяктуу факторлор аркылуу калктын жашоо деңгээлине таасирин тийгизүүдө.
1-сүрөт. Катталуучу автотранспорт каражаттарынын ар жылдык саны
Катталган транспорт каражаттарына жүргүзүлгөн сандык талдоого ылайык 2007-2017-жылдары автомашиналардын саны 2,7 эседен ашыкка көбөйгөн. Мында 2008-жылы автотранспорт каражаттарынын өтө көп катталганы байкалган жана андан кийин автомашиналардын импорту кескин төмөндөгөн. Ушундай эле кырдаал 2014-2015-жылдары байкалган (1-сүрөт).
Мындай көрүнүш 2008-жылдагы дүйнөлүк экономикалык кризиске жана 2014-жылы Евразия экономикалык бирлигине кирүүдө коштолгон чектөөлөргө байланыштуу.
Бишкек шаары. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында автотранспорт каражаттарынын саны (жеңил автомашиналар, автобустар жана кичи автобустар) бүткүл республика боюнча ушундай категориядагы катталган автотранспорт каражаттарынын жалпы санынын 38,4%ын түзөт.
Жеңил автомашиналарды чыгарылган жылдары боюнча бөлүштүрүүгө жүргүзүлгөн талдоого ылайык Бишкек шаарында эксплуатациялоо мөөнөтү 10 жыл жана андан ашык болгон жеңил машиналардын автопаркы 93,2%ды түзөт. Керектелүүчү отундун төмөнкү сапаты менен катар эскилиги жеткен автопарк борбордо абаны булгоочу заттардын жол берилүүчү концентрациясынын чегинен жогору болушунун негизги себеби болууда.
Бишкек шаарынын жол тармагы 90-100 миң машинага ылайыкталган, бул азыркы инфратүзүмдө автомобилдердин саны өтө көп болгон шарттарда шаардын айрым бөлүктөрүндө күн бою тыгындарды түзүүдө. Бул өз кезегинде шаардын экономикасына таасирин тийгизет жана күйүүчү майдын чыгымынын көбөйүшүнө алып келет.
Жолдорду кеңейтүү автомобилдер үчүн кыймылды жарым-жартылай гана жеңилдетет. Ошону менен катар, көптөгөн изилдөөлөр жана ар кандай шаарлардын тажрыйбалары менен ырасталган Льюис-Могриджанын постулатына ылайык жолдорду кеңейтүү машиналардын дагы көбөйүшүнө гана алып келип, ал эми учурдагы тенденциялардын сакталышы абага зыяндуу заттарды чыгаруунун көбөйүшүнө алып келет. Жолдорду кеңейтүү дарактардын кыйылышы менен коштолот, бул жарандар тарабынан терс кабыл алынып, шаардын экологиясына зыян келтирүүдө. Мындай учурда борбордун мэриясынын алдында жолдорду кеңейтүү менен жашыл көчөттөрдү сактап калуунун ортосундагы балансты издөө боюнча татаал милдет турат.
Бишкек шаарында коомдук транспорттун үлүшү катталган автотранспорт каражаттарынын жалпы санынын 1%ына жакынын түзөт, бул жаңылоону талап кылат (5-таблица).
Троллейбустар - Кыргыз Республикасында "жашыл" коомдук транспорттун жалгыз түрү, Бишкекте 12 маршрут тейлейт. Борбордун тейлөөсүндө 169 троллейбус бар, бирок алардын бир бөлүгү алмаштырууга муктаж. Мында троллейбустардын маршруттары жаңыланышы керек, анткени калк көпчүлүк учурда кыйла керектүү болгон маршруттарды тейлеген кичи автобустардан пайдаланышат.
Бишкек шаарында 43 жеке оператор 122 маршруттук линияны жана суммардык түрдө 2280 км жолду тейлешет. Күн сайын орточо 2700 кичи автобус линияга чыгат.
5-таблица. Бишкек шаарындагы автобустардын жана кичи автобустардын саны жана жылы
Транспорттун чыгарылган жылы | <5 жылы | 5-10 жыл | 10-15 жыл | >15 жыл | Бардыгы |
Автобустар | 10 (2%) | 205 (44%) | 253 (54%) | - | 468 |
Кичи автобустар | - | 400 (10%) | 800 (20%) | 2800 (70%) | 4000 |
Автобустар 16 маршруттук линияны тейлейт, алардын ичинен бирөө менчик компания тарабынан тейленет. Бул компаниянын автобустары газ менен жүрөт. 458 муниципалдык автобустун ичинен 120сы гана жүрөт. Калгандары оңдоону, көп учурда капиталдык оңдоону талап кылат.
Ош шаары. Ош шаарынын транспорттук секторунда катталган автотранспорт каражаттарынын саны бүткүл республика боюнча ушундай категориядагы катталган автотранспорт каражаттарынын жалпы санынын 6%ын түзөт. 2013-жылы жеңил автомобилдердин саны 25%га өскөн. Эксплуатациялоо мөөнөтүндө 10 жыл жана андан ашык болгон жеңил автомобилдердин автопаркы 94%га жакынды түзөт.
Ош шаарында коомдук транспорт өтө эле аз жүрөт, анткени муниципалдык ишкана тарабынан тейленүүчү 2 троллейбустук линия жана 3 автобустук маршрут жүрөт. Шаарды 23 менчик операторго тиешелүү болгон 1166 кичи автобус тейлейт. Кичи автобустардын автопаркынын 81%ын эксплуатациялоо мөөнөтү 10 жыл жана андан ашык болгон кичи автобустар түзөт. Мында шаардын рельефи ири габариттүү автобустарды жана троллейбустарды кеңири колдонууга мүмкүндүк бербейт.
Коомдук транспорт. Булгоочу заттарды жана көмүр кычкыл газын чыгарууну кыскартууда олуттуу прогресс болушу үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын коомдук транспорттук сектору реформалоого муктаж.
Кичи автобустарды коомдук транспорт катары пайдалануу шаардын жолдорундагы мейкиндик өтө чектелүү деген көз карашта алганда рационалдуу эместигине көңүл буруу керек. Бир автобусту же троллейбусту пайдалануу 5ке чейинки кичи автобустарды алмаштыра алат. Бул альтернативдүү жолдорду издөөнүн же автобустар менен троллейбустардын санын көбөйтүүнүн зарылдыгын көрсөтөт.
Жүргүнчүлөрдү, атап айтканда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташуу сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Мында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сатып алынган троллейбустарда мүмкүндүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын ылайыкталган, бул ТӨМ 11 экинчи милдетине туура келет.
Кичи автобустардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн канааттандыраарлык эмес сапаты жарандардын велосипед тебүүгө өтүшүнүн бирден-бир себеби болду. Бирок велосипеддерди транспорт катары пайдаланган адамдардын санынын өсүп жаткандыгына карабастан, велосипед колдонгондордун санынын өсүшү тиешелүү инфратүзүмдүн жоктугунан улам кармалып турат.
Коомдук транспортто жүрүүдө кездешкен көйгөйлөр жарандарга ээлик кылуунун жана эксплуатациялоонун салыштырмалуу кымбаттыгына карабастан жеке автомобиль сатып алуусуна себеп болууда. Коомдук транспортто жүрүүгө жол киренин баасы калкты тейлөөнүн деңгээлине сапаттык жактан туура келет, бирок азыркы тарифтик торчонун сапаты учурдагы кырдаалды жетиштүү түрдө тезирээк жакшыртууга мүмкүндүк бербей жатат. Ош шаарында окуучулар жана пенсионерлер үчүн троллейбуста жүрүү акысы болгону 1 сом, ал эми жарандардын кадимки категориясы үчүн - 6 сом. Мындай баалар жаңы муниципалдык транспорт сатып алууга инвестиция жасоону өтө эле пайдасыз кылууда.
Мында менчик компаниялар транспорт каражаттарына газ баллондук жабдууларды орнотуу аркылуу газ отунуна өтүү түрүндө өз автопаркына инвестициялоого умтулушпайт.
Негизги көйгөй кыска мөөнөттүү (3 жылга чейин) контракттардын түзүлүшүнөн турат. Мындай шартта, учурдагы тарифтерде автопарктардын менчик ээлери капиталдык жана тобокелдүү көп акча жумшоого даяр эмес. Газ менен жүргөн автобустар дизель менен жүргөн автобустардан кымбат. Муну менен катар узак мөөнөттүү келечекте газ- мотордук отунду пайдалануу пайдалуу, анткени газ-мотордук жана дизелдик отундун ортосундагы баа орточо 20 сомду түзөт.
Эл аралык деңгээлде коомдук транспорттун газ-мотордук отунга өтүү тенденциясы актуалдуу бойдон калууда. 2015-жылы Чехия Республикасында Экологиялык таза транспорттук система жаатындагы иш-аракеттердин улуттук программасы кабыл алынган, анын алкагында 2020-жылга чейин кысылган жаратылыш газы электр энергиясын кошкондо, транспорт секторунда керектелүүчү отундун бардык көлөмүнүн 10%ын түзүүгө тийиш. 2017-жылы Чехия Республикасында катталган ар бир алтынчы автобус кысылган жаратылыш газы менен жүргөн.
Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун баалоолору боюнча Бишкек шаарында кысылган жаратылыш газы менен иштеген 98 жаңы троллейбустун жана 118 автобустун сатылып алынышы жылына 9,555 тонна СО2, 43,762 тонна СО, 174,604 тонна NOX зыяндуу заттарды, жылына 4,132 тонна катуу бөлүктөрдү, 3,905 тонна SO2 заттарын абага чыгаруунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Ош шаарында кысылган жаратылыш газы менен иштеген 17 жаңы троллейбус менен 170 автобустун сатылып алынышы жылына 8,165 тонна СО2, 50,916 тонна СО, 198, 916 тонна NOX, жылына 4,871 тонна катуу бөлүктөрдү, 4,617 тонна СО2 заттарын чыгаруунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасында азыркы учурда жеке операторлордун төмөн көмүртектүү отунга өтүүсүнө же мындай отун менен иштеген автобустарды сатып алуусуна дем берилбейт. Газ куюучу станцияларды издөө көйгөйлөрүнө туш болууну каалабаган кадимки айдоочулар үчүн өбөлгөлөр жок жана алар орто мөөнөттүү келечекте үнөмдөөгө карабастан зарыл болгон жабдууларды орнотууга каражат кетирүүгө дайыма эле даяр эмес.
Электр мотору менен жүргөн транспорт каражаттары (электромобилдер). Эл аралык энергетика агенттигинин эксперттик божомолдоруна ылайык 2020-жылы электромобилдердин саны 13 миллионду жана 2030-жылы болжол менен 130 миллионду түзөт. Муну менен бирге бир катар европа мамлекеттери 2040-жылга карата бензин жана дизель кыймылдаткычтары менен жүргөн автомашиналарды сатууга тыюу салуу пландары жөнүндө жарыялашты. Электр кыймылдаткычы менен жүргөн транспорт каражатынын баасынын жарымы болжолдуу түрдө электр батареясына туура келе тургандыгын белгилөө керек. McKinsey эл аралык консалтингдик компаниянын отчетуна ылайык 2010-жылы батареянын баасы 1 кВтс 1000 АКШ долларын түзгөн. 2016-жылы батареянын баасы бир 1 кВтс 227 долларга чейин төмөндөгөн. Мында технологиялардын өсүшүнүн жана атаандаштыктын күчөшүнүн эсебинен батареялардын баасынын төмөндөөсү уланат.
2-сүрөт. 2016-2030-жылдары электромобилдердин жалпы баасындагы батареялардын болжолдуу баасы
Эскилиги жеткен автопарк жана отундун начар сапаты боюнча маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евро-5 жана Евро-6 классындагы отунду пайдаланууга өтүү милдетин алган, ошондой эле жаңы автомобилдерди ташып келүү боюнча ставкалар төмөндөтүлдү, атап айтканда гибриддик автомашиналар жана тиешелүүлүгүнө жараша электромобилдер үчүн өбөлгөлөөчү жана нөлдүк ставкалар киргизилген.
Ошондой болсо да, булгоочу заттарды жана көмүртектүү газды чыгарууну кыскартуу үчүн кабыл алынган чаралар жетишсиз.
Азыркы учурда электромобилдерге киргизилген нөлдүк алымдар өлкөдө электромобилдердин үлүшүн көбөйтүү үчүн жетишсиз өбөлгө болуп саналат. Мында электромобилдерди кеңири жайылтуу үчүн өтө олуттуу тоскоолдук болуп электр-заряддоочу инфратүзүмдүн жоктугу эсептелет. Эксперттик баалоолор боюнча Кыргыз Республикасындагы автранспорт каражаттарынын жалпы санынан 3-5% ички күйүүчү кыймылдаткыч менен жүргөн (ИКК) автомашиналарды электромобилдердин ушундай санына алмаштыруу Бишкек шаарындагы экологиялык абалдын жакшы жагына өзгөрүшүнө өбөлгө түзөт.
Электромобилдердин санынын өсүшү учурда дүйнөлүк автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн актуалдуу тренддеринин бири болуп саналат. Электромобилдерди жайылтууда негизги мотивация автомобилдин экологиялык жана энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга байланыштуу, ошондой эле керектөөчү мүнөздөгү: кыймылдаткычтын үн чыгарбай иштөөсү, динамикалык мүнөздөмөлөрү, эксплуатациялоого чыгымдардын төмөндүгү менен байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын күйүүчү-майлоочу майлардын импортуна ар жылдык керектөөсү 500 млн. АКШ долларынан ашык суммада мунай заттарынын 1 миллион тоннасын түзөт.
Бензинди (94%) жана дизель отунун (89%) негизги керектөө Бишкек шаарына (2014-ж.) туура келет.
2014-жылы жол жүрүү булактарынан атмосфералык абага зыяндуу заттарды чыгаруу 400,27 миң тоннаны түзгөн, бул 2011-жылдагыдан 1,6 эсеге көп. 2014-жылы зыяндуу заттарды абага чыгаруунун көп саны көмүртектин жана азоттун оксиддерине, ошондой эле бензинди керектөөдөн пайда болгон углеводорддорго туура келет.
6-таблица. Автотранспорт керектеген отундан атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруу, миң тонна
Чыгаруулар | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 |
Бензин | ||||
Көмүртек оксиди | 207,634 | 379,904 | 306,897 | 306,258 |
Углеводород | 22,741 | 41,609 | 33,613 | 33,542 |
Күкүрттүн диоксиди | 0,742 | 1,357 | 1,096 | 1,093 |
Азоттун оксиди | 13,348 | 24,422 | 19,729 | 19,688 |
Көө | 0,544 | 0,995 | 0,803 | 0,802 |
Дизелдик отун | ||||
Көмүртек оксиди | 5,075 | 13,173 | 14,244 | 16,528 |
Углеводород | 2,052 | 5,325 | 5,758 | 6,722 |
Күкүрттүн диоксиди | 0,216 | 0,561 | 0,606 | 0,707 |
Азоттун оксиди | 3,563 | 9,249 | 10,001 | 11,675 |
Көө | 0,994 | 2,579 | 2,788 | 3,255 |
Чыгарылуулардын бардыгы | 256,909 | 479,174 | 395,535 | 400,270 |
Электр энергиясына учурдагы төмөн тарифтер Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычы менен иштеген транспорт каражаттарын жайылтуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. ИКК менен жүргөн автомашинаны жана электромобилди салыштыруудагы шарттуу эсептөөлөргө ылайык ИКК менен жүргөн автомашинаны эксплуатациялоого ар жылдык чыгымдар боюнча электромобилге караганда 10 эсеге жогору. Мында жаңы электромобилдин баасы ИКК менен жүргөн автомашинага салыштырмалуу жогору, бирок аларды эксплуатациялоого ар жылдык чыгымдар салыштырмалуу төмөн.
Милдеттер. Жогоруда баяндалган көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды көңүлгө алып, коюлган максаттарга жетүү төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен камсыздалат: 1) Бишкек жана Ош шаарларында ДМЧА үчүн атайын ылайыкталган, төмөн көмүртектүү отун жана электр менен жүргөн коомдук транспорттун үлүшүн 403 бирдикке көбөйтүү; 2) Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспортту башкаруу системасын өркүндөтүү; 3) Бишкек жана Ош шаарларында жана Бишкек-Ош, Бишкек-Каракол жолдорунун бойлорунда электр- заряддоо инфратүзүмүн түзүү; 4) Бишкек жана Ош шаарларында электромобилдерге суроо-талаптарды өбөлгөлөө боюнча базалык шарттарды түзүү үчүн административдик жана экономикалык куралдарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
1) ДМЧА үчүн атайын ылайыкталган, төмөн көмүртектүү отун жана электр менен жүргөн коомдук транспорттун үлүшүн 403 бирдикке көбөйтүү.
Борбордо муниципалдык коомдук транспорттун жетишсиздигин чечүү үчүн этап-этап менен 98 троллейбус сатылып алынат, алардын ичинен 20сы аккумулятор менен жабдылган, 118си кысылган жаратылыш газы менен иштейт. Бардык жаңы автобустарда жана троллейбустарда ДМЧА үчүн атайын ыңгайлуулуктар болот. Ош шаары үчүн 17 троллейбус жана кысылган жаратылыш газы менен иштеген 170 жаңы автобус сатылып алынат;
2) Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспортту башкаруу системасын өркүндөтүү.
Бишкек шаарында электрондук билеттөөнүн колдонулушун киргизүү менен борбордун мэриясы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча анык маалыматтарды алышат. Маалыматтарга жараша чыгашалуу муниципалдык транспорт үчүн "оюн талаасы" теңдештириле турган тарифтик сетка кайра каралат. Жаңы тарифтик саясатка ылайык жарандардын аялуу категориясы даректүү субсидияланат, мыкты атаандаштык өнүктүрүлөт жана ТӨМ 11 экинчи милдетине жетүү үчүн база түзүлөт, ошондой эле жеке менчик автомобилди эксплуатациялоого жана күтүүгө караганда коомдук транспортто жүрүү арзан болот. Ошол эле убакта Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан коомдук транспорт үчүн өзүнчө линияларды киргизүүгө мүмкүн болгон көчөлөрдү аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Мында аккумуляторлор менен жүргөн автобустардын жана троллейбустардын маршруттары шаардагы жүргүнчүлөрдүн агымына жараша өзгөртүлөт, бул муниципалдык коомдук транспортко кыйла керектүү маршруттарды тейлөөгө мүмкүндүк берет. Бир тараптуу жолдордун санын көбөйтүүдө мэриялар өзүнчө тилке бөлүү менен коомдук транспорт үчүн артыкчылык берет.
Калкты кичи автобустар менен тейлеген жеке операторлор үчүн маршруттар кайра бөлүштүрүлгөндөн кийин, андан аркы саясат жеке операторлорго алардын кызыкчылыктарын эске алган, ошол эле учурда кичи автобустар автопаркын жаңылоону караган узак мөөнөттүү контракттарды берүүгө багытталат, бул Евро-5 классындагы отунга өтүү чаралары менен айкалышта зыяндуу заттарды чыгарууну төмөндөтөт.
Коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жакшыртуу айдоочулардын бир бөлүгүнө коомдук транспорттун пайдасына өз автомобилдеринен баш тартууга өбөлгө түзөт, бул жеңил автомобилдердин ашыкча санынан жолдорду жарым-жартылай бошото алат, натыйжада зыяндуу заттарды чыгаруу азаят. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн мэрия жолдордогу тыгындарды реалдуу убакыт режиминде чагылдырган маалыматтык сервисти иштеп чыгат. Маалымат коомдук транспортто жүргөн жерлерин аныктоо датчиктеринен түшүп турат. Күндүн белгилүү бир убактысында жолдордун айрым кесилиштери боюнча коомдук транспорттун кыймылынын орточо ылдамдыгына негизденүү менен сервердеги программалык камсыз кылуу тыгындарды аныктап турат.
Маалыматтарды верификациялоо үчүн бул программалык камсыздоо жолдордун айрым кесилишинде троллейбустардын, автобустардын жана кичи автобустардын ортосундагы бири бирине карата аралыкты эске алып турат. Эгерде бул аралык олуттуу өзгөрбөсө, ал түзүлгөн тыгынды көрсөтөт. Айдоочулар, жүргүнчүлөр жана жөө жүрүүчүлөр да өздөрүнүн телефондорунда түзүлгөн тыгындарды көрсөтүү менен тыгындарды аныктоо процессине катыша алышат. Мында бул сервистин маалыматтарынын негизинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары шаардык пландоодо кыйла оптималдуу чечимдерди кабыл ала алышат;
3) Бишкек жана Ош шаарларында жана Бишкек-Ош, Бишкек- Каракол жолдорунун бойлорунда электр-заряддоо инфратүзүмүн түзүү.
Электромобилдерди кеңири жайылтуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларында электр-заряддоо инфратүзүмүн түзүү өбөлгөлөөчү фактор болуп калат. Электр-заряддоо инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү үчүн шаардык пландоо көз карашынан алганда электр-зарядоочу станциялардын оптималдуу жайгашкан жерлерин аныктоо максатында изилдөө жүргүзүлөт. Изилдөөнүн маалыматтары да коомдук электр- заряддоо станциялары үчүн минималдуу техникалык параметрлерди аныктайт. Бул иштин жыйынтыгы боюнча тиешелүү инвестициялык лоттор даярдалат;
4) Бишкек жана Ош шаарларында электромобилдерге суроо- талаптарды өбөлгөлөө боюнча базалык шарттарды түзүү үчүн административдик жана экономикалык куралдарды иштеп чыгуу жана киргизүү.
Коомдук транспорт жана автомобилдердин ашыкча саны боюнча көйгөйлөрдү жарым-жартылай чечүү айдоочулардын төмөн көмүртектүү отунду жана электромобилдерди пайдаланууга өтүүсүнө өбөлгөлөрдү түзүү боюнча экономикалык жана административдик куралдарды иштеп чыгуу жана киргизүү чаралары менен колдонот.
Атап айтканда, "жашыл" салыктарды киргизүүнүн жардамы менен бюджетте коомдук транспорт секторун өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууга багытталышы мүмкүн болгон акча каражаттары пайда болот. Бул каражаттар жарым-жартылай киргизилген салыктык жеңилдиктердин себебинен бюджетке түшпөй калган акча каражаттарынын ордун толтура алат.
Транспорт секторунан зыяндуу заттарды чыгарууну төмөндөтүү үчүн фискалдык өбөлгөлөө боюнча чаралар "Фискалдык өбөлгөлөө" бөлүгүндө көрсөтүлгөн. Ошондой эле фискалдык өбөлгөлөөнүн алкагында өлкөнүн аймагына электромобилдерди импорттогон жеке жана юридикалык жактар үчүн КНСти жокко чыгаруу жөнүндө маселе изилденет.
Электр кыймылдаткычы менен жүргөн транспорт каражаттарын ташып келүүгө нөлдүк бажы ставкаларын киргизүүдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электр энергиясына коомдук электр заряддоочу станцияларда заряддалуучу электромобилдер үчүн 1 кВт саатына (КНС жок) 1,07 сом өлчөмүндө өбөлгөлөөчү "жашыл" тарифтерди киргизүү жөнүндө маселе изилденет.
Электромобилдерди пайдаланууга өтүү боюнча маанилүү кадамдардын бири мамлекеттик органдардын колдонуудагы автопаркын электромобилдерге акырындап алмаштыруу болуп саналат, бул калк үчүн электромобилдерди пайдаланууну жайылтуу болуп саналат.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- Бишкек жана Ош шаарларында ДМЧА үчүн атайын ыңгайлаштырылган, төмөн көмүртектүү отун жана электр менен жүрүүчү коомдук транспорттун үлүшү 403 бирдикке көбөйтүлдү;
- электромобилдерге суроо-талаптарды жогорулатуу жана коомдук транспорттун пайдасына ИКК менен жүргөн автомобилдерден баш тартуу үчүн өбөлгөлөр түзүлдү;
- Бишкек жана Ош шаарларында атмосфералык абаны булгоочу заттардын жалпы концентрациясы жана СО2 чыгаруу төмөндөдү;
- Бишкек жана Ош шаарларында жол тыгындарына байкоо жүргүзүү боюнча маалыматтык сервис иштелип чыкты жана ишке киргизилди;
- Бишкек жана Ош шаарларында бир кыйла талап кылынган жана узун маршруттар муниципалдык операторлор тарабынан тейленүүдө;
- Бишкек жана Ош шаарларында (30дан кем эмес электр-заряддоочу станциялар) жана Бишкек-Ош, Бишкек-Каракол жолдорунун бойлорунда базалык электр-заряддоочу инфратүзүмдөрдү киргизүү үчүн инвестициялык лоттор даярдалды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен мамлекеттик уюмдардын (министрликтердин жана ведомстволордун) автопаркын электромобилдерге өткөрүү/алмаштыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.
5. Туруктуу туризм
Максаты. Келечектеги муун үчүн экологиялык системаларды жана жаратылыш капиталын сактоо менен жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн туруктуу туризмге өтүүгө өбөлгөлөө боюнча базалык инструменттерди түзүү.
Учурдагы жагдайды талдоо. БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун маалыматына(26) ылайык 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык туристтердин саны 1,3 млрд. адамды, туризмден түшкөн кирешелер - 1,4 трл. АКШ долларын, дүйнөлүк ИДПга туризмден жыйынды салым 10%ды (дүйнөлүк ИДП) түзгөн, дүйнө жүзүндө 270 млн.го жакын адам туризм чөйрөсүндө иштейт, бул дүйнөлүк жумушчу күчтүн 8%ын түзөт (ар бир 10унчу жумуш орду).
2020-жылы белгилүү шаарларга, белгилүү курортторго, тарых жана маданий эстеликтерине 1,8 млрд. адам саякаттай тургандыгы күтүлүүдө, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер болжолдуу түрдө 2 трлн. АКШ долларын түзөт. Бул жаңы жумуш орундарынын түзүлө тургандыгын жана миллиондогон адамдар иш менен камсыз болорун билдирет. Алсак, 1998-жылы дүйнөлүк туристтик индустрияда 115 миллионго жакын адам, 1999-жылы - 270 миллион адам иштеген, 2020-жылы 550 млн. жумуш орду түзүлөт. Бул туризм дүйнө жүзүндө прогресстин локомотиви болуп санала тургандыгын күбөлөндүрөт.
Туристтик тармактын маанилүүлүгү Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын глобалдык милдеттеринде да белгиленген, анда жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү маданиятты өнүктүрүүгө жана жергиликтүү продукцияларды өндүрүүгө мүмкүндүк берген туруктуу туризмди колдоо стратегияларын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну камсыздоо зарылдыгы белгиленген. Туризмди өнүктүрүү эки ТӨМдө көрсөтүлгөн: милдеттүү, баардыгын камтыган жана туруктуу экономикалык өсүүгө, бардыгы үчүн (№ 8 ТӨМ) толук жана өндүрүмдүү жана татыктуу иш менен камсыз болууга көмөктөшүү; керектөөнүн жана өндүрүүнүн сарамжалдуу моделдерин камсыздоо (№ 12 ТӨМ).
Кыргыз Республикасы туристтик секторду ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн жогорку туристтик потенциалга жана бир катар ыңгайлуу шарттарга ээ. Бирок дүйнөлүк туризмдин рекорддук динамикасынын фонунда Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү азырынча орточо деңгээлде турат.
Кыргыз Республикасында туризм мамлекеттик экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Акыркы беш жылда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча ИДПга туризмдин салыштырма салмагы 4,3% - 4,7%ды түзгөн.
Туризм жана саякаттоолор боюнча дүйнөлүк кеңештин баалоосуна ылайык Кыргыз Республикасы ИДПга туризмдин тикелей салымы боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде 102 орунду ээлейт. Эл аралык эксперттердин баалоолору боюнча Кыргыз Республикасы өзүнүн туристтик потенциалын 15%га чейин гана пайдаланат, бул ИДПга туризмдин үлүшүнүн анча көп эмес экендигин түшүндүрөт.
Мындай сандар экономикалык өсүү жана өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет, ошондой эле социалдык көйгөйлөрдү чечүү, кошумча жумуш орундарын түзүү жана калктын жашоо турмушунун абалын жогорулатуу ошол эле учурда чоң көйгөйлөрдү жана жоопкерчиликти жаратат.
Эл аралык коомчулуктун маалыматтары боюнча туризмди өнүктүрүү жана туристтик иштер дүйнөнүн бир катар региондорунда суунун жетишсиздигине, биотүрдүүлүктүн жоголушуна, башка таасирлер менен катар эле жердин деградацияланышына жана булганышына алып келүү менен жаратылыш ресурстарынын азайышын шарттады. Глобалдык жылууга туризмдин салымы көмүр кычкыл газынын жалпы дүйнөлүк эмиссиясында 5%га бааланды.
Тенденцияга жана божомолдорго ылайык узак мөөнөттүү келечекте туризм секторун кеңейтүү жакынкы жылдары терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кадыресе бизнес жүргүзүүдө (зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартпастан) 2050-жылга карата туризмдин өсүшү энергияны керектөөнүн (154%), парник газдарын чыгаруунун (131%), сууну керектөөнүн (152%) жана катуу калдыктарды утилдештирүүнүн (251%) көбөйүшүн болжолдойт.
Туруктуулук принциптери туризмди өнүктүрүүнүн экологиялык, экономикалык жана социалдык-маданий аспектилерине кирет жана узак мөөнөттүү туруктуулукту кепилдөө үчүн бул үч өлчөмдүн ортосунда балансты белгилөө зарыл.
Азыркы учурда туруктуу туризмди прогрессивдүү өнүктүрүүнү кантип колдоо керектиги жөнүндө маселени кароо керек. Бирок азыркы учурдагы мамлекеттик чыгымдардын деңгээлинде туризмди өнүктүрүү кыйыныраак болот.
Уюштурулбаган туризмдин өсүү тенденциясы байкалууда. Алсак, 2016-жылы эс алган туристтердин саны 1273,2 миң адамды түзгөн, анын ичинде туризмдин уюштурулган секторунда - 627,6 миң, уюштурулбаган секторунда - 645,6 миң адам. Мында туристтердин жалпы санында уюштурулган сектордо эс алган туристтердин үлүшү 2012-жылы 59,3%дан 2016-жылы 49,3%га чейин төмөндөп, ушул эле мезгилде уюштурулбаган сектордо эс алгандардын үлүшү тескерисинче 40,7%дан 50,7%га чейин көбөйгөн. Мында өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймактарында келгендердин саны (Ысык-Көл биосфералык аймагынан тышкары) 67,0 миң адамды же уюштурулган туристтердин 10,6%ын түзгөн.
Дүйнөлүк жаратылыш фонду тарабынан аныкталгандай: "Коомчулукка негизделген туризм (КНТ) - бул жергиликтүү коомчулук туризмди өнүктүрүүнү олуттуу контролго жана ага катышууга жана башкарууга ээ боло турган туризмдин формасы. КНТ топторунун көпчүлүгү алыскы тоолуу райондордо жайгашкан. Экотуризм калктын аярлуу топтору, айрыкча айылдардагы аялдар үчүн киреше булактарын түзүү жана диверсификациялоо жолу менен өлкөдө кедейчиликтин масштабын кыскартууга жана инклюзивдик өсүүнү камсыздоого өбөлгө түзүшөт. Мындай мамиле туризмди диверсификациялоо жана ага бардык региондорду тартуу үчүн жакшы ресурс болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасында КНТ топтору аркылуу экотуризмди өнүктүрүүнүн негизи түзүлгөн жана 2003-жылдан тартып коомчулукка (КАТОС) негизделген Кыргыз туризм ассоциациясы иштеп жатат. КАТОС 15 КНТ тобун бириктирет. 2008-жылы КНТ топтору орточо айлык акысы айына 40 АКШ доллары болгон 412 жумуш ордун түзүшкөн, экотуризм менен алектенген Арсланбап курортунун (Жалал-Абад облусу) үй чарбалары жылына 245тен 306 АКШ долларына чейин киреше табышат, бул алардын жылдык кирешесинин 15-25%ын түзөт. КНТ топтору жылына 10000 жакын чет өлкөлүк туристтерди тейлеше тургандыгын изилдөө көрсөткөн. Болжол менен туристтердин наркы күнүнө 20 АКШ доллары болгон 8 күндүк эс алуусу жылына болжолдуу түрдө 1,6 млн. АКШ долларын түзөт. Адам буту баспаган бийик тоолуу, кайталангыс жерлер, байыркы архитектуралык жана тарыхый эстеликтер, көп сандаган жаратылыш коруктары, экологиялык туризмди өнүктүрүү-заманбап туристтик бизнесте жаңы багыттар үчүн бардык шарттарды түзбөйт.
Мындан тышкары, туруктуу туризмди камсыздоо боюнча институционалдык милдеттерди жана тапшырмаларды так белгилөө зарыл.
Милдеттер. Туризм чөйрөсүндө алдыга коюлган максаттар төмөнкү милдеттерди чечүү аркылуу жетишилет: 1) туруктуу туризмге өтүү үчүн укуктук жана институционалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү камсыз кылуу; 2) туруктуу туризмге өтүү инструменттерин, өбөлгөлөө жана колдоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү; 3) региондорду зоналаштыруу, бренддөө, чакан инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу аркылуу региондордо туруктуу туризмди өнүктүрүүнү өбөлгөлөө;
1) Туруктуу туризмге өтүү үчүн укуктук жана институционалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
Аталган милдеттин алкагында туристтик тармактын туруктуулугу бааланат, туристтик кызматтарды көрсөтүүчүлөр үчүн экостандарттардын жана экосертификациялардын талаптарынын укуктук өзгөчөлүктөрү, анын ичинде ыктыярдуу экологиялык сертификациялоону, ошондой эле чакан тазалоочу курулмаларды киргизүү үчүн укуктук өзгөчөлүктөр белгиленет;
2) Туруктуу туризмге өтүү инструменттерин, өбөлгөлөө жана колдоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.
Туруктуу туризмге өтүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу финансылык, жөнгө салуучу жана маалыматтык инструменттер, субсидиялоо жана жеңилдиктерди берүү, инфратүзүмдүк колдоо иштелип чыгат жана колдонулат. Бул үчүн туристтик объекттерди өнүктүрүү жана колдоо үчүн зарыл болгон артыкчылыктуу инфратүзүмдүк долбоорлорду аныктоо сунушталат.
Жаратылыш ресурстарына этияттык менен мамиле жасоо маданиятынын потенциалын жогорулатуу, түзүү жана жайылтуу үчүн туризм чөйрөсүндөгү эмгек рыногуна жана персоналга карата керектөөлөргө талдоо жүргүзүлөт, ошондой эле экотуризм жана "жашыл" технологияларды пайдалануу маселелери боюнча окутуулар өткөрүлөт;
3) Региондорду зоналаштыруу, бренддөө, чакан инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу аркылуу региондордо туруктуу туризмди өнүктүрүүнү өбөлгөлөө.
Туризмден жана айлана-чөйрөнү булгоодон түшкөн кирешелерди бөлүштүрүүдөгү кемчиликтер экотуризмди жана коомчулуктардын негизинде туризмди өнүктүрүү топторун колдоо аркылуу чечилет. КНТ топтору туруктуу практикага ишенишет жана муну менен табигый жана маданий мурастардын сакталышына өбөлгө түзүшөт. Алар туристтерге айыл чарбасын жүргүзүүнүн салттуу методдорун пайдалануу менен даярдалган тамак-аштарды беришет жана ылайыктуу жайгаштырышат (мисалы боз үйлөрдө) салттуу музыканы, искусствону, кол өнөрчүлүктү жана маданий салттарды тартуулай алышат. Милдетти ишке ашыруу калктын кыйла аялуу топтору, айрыкча айылдагы аялдар үчүн киреше булактарын түзүүгө жана диверсификациялоого мүмкүндүк берет. Мындай мамиле туризмди диверсификациялоо жана ага болгон туристтик потенциалды жана анын өзгөчөлүгүн эске алуу менен бардык региондорду тартуу үчүн туризмдин жакшы ресурсу болушу мүмкүн.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- ИДПга туризмдин үлүшүнүн өсүшү 10%га чейин камсыздалды;
- жергиликтүү экономикалык база диверсификацияланды жана региондордо каражаттардын кошумча булактары аныкталды;
- жергиликтүү жашоочулар туристтик индустрияга тартылды, ошондой эле жергиликтүү калктын кирешелеринин өсүшү камсыздалды;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туристтик чөйрөдөн түшкөн кирешелери өстү.
6. Коммуналдык калдыктарды башкаруу
Калдыктардын көп түрдүүлүгүн жана ар кандай калдыктар менен байланышкан көйгөйлөрдү эске алып, алардын келип чыгуусуна, кооптуулук классына, абалына жараша ушул Программаны ишке ашыруунун алкагында коммуналдык калдыктар менен иштөө көйгөйлөрүн чечүү каралган.
Бул 2030-жылга карата түзүлгөн калдыктардын көлөмдөрүн кыскартууга таасирин тийгизүүчү зарыл болгон шарттарды түзүүгө жана өлкөдө калдыктарды кайра иштетүү секторуна зарыл болгон инвестицияларды тартууга жана аны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Максат. Кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды өндүрүүгө тартуу жана калдыктарды кайра иштетүүнүн, утилдештирүүнүн жана зыянсыздандыруунун расмий секторун түзүү жолу менен коммуналдык калдыктардын көлөмдөрүн азайтууга мүмкүндүк берүүчү уюштуруу-укуктук механизмдерин түзүү.
Учурдагы жагдайды талдоо. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, калдыктар менен иштөө жаатында туруктуу өнүктүрүү биринчи кезекте калдыктарды тыкыр бөлүү, бардык пайдалуу калдыктарды кайра пайдалануу, энергия алуу, кайра иштетүүгө же утилдештирүүгө мүмкүн болбогон фракцияларды экологиялык коопсуз көмүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну жөнгө салуучу калдыктар менен иштөө системасына талаптарды карайт.
Калдыктар менен иштөөнүн комплекстүү системасынын туруктуулугу кайра иштелип чыккан калдыктардан кайра пайдаланылуучу чийки заттар рыногун өндүрүү, калдыктарды мыйзамсыз көмүүлөргө бөгөт коюу (контролдоо системасы) жана "булгоочу төлөйт" принцибин колдонуу менен камсыз кылынат.
Туруктуу өнүктүрүү максаттарында калдыктар менен иштөө көйгөйлөрүнө да чоң көңүл бурулган. ТӨМ 8 милдеттеринин биринде "керектөө жана өндүрүү системаларында ресурстарды пайдалануунун глобалдык натыйжалуулугун акырындап жогорулатуу жана экономикалык өсүш айлана-чөйрөнүн абалын начарлатуу менен коштолбосуна умтулуу..." каралган. ТӨМ 12де төмөнкүлөрдүн зарылдыгы белгиленген:
- 2020-жылга карата макулдашылган эл аралык принциптерге ылайык химиялык заттарды жана бардык калдыктарды аларды пайдалануунун бүтүндөй циклинин ичинде экологиялык сарамжалдуу пайдаланууга жетишүү жана алардын адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн абага, сууга жана кыртышка түшүүсүн олуттуу кыскартуу;
- 2030-жылга карата калдыктардын түзүлүшүн болтурбоо, аларды кыскартуу, кайра иштетүү жана кайра пайдалануу боюнча чараларды көрүү аркылуу калдыктардын көлөмүн олуттуу азайтуу.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын таштандылар полигондорунда керектелүүчү калдыктар 16 млн. 409 миң 629 тоннага жакын чогулган. Жыл сайын болжолдуу түрдө 519,87 миң тонна калдык чогулат. Мында калдыктарды уюшкандыкта чыгаруунун жана чогулган калдыктардын санын эсепке алуунун жоктугунан улам чогулган калдыктар боюнча так маалыматтар жок.
Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында(27) 2018-жылга карата республика боюнча 406 таштанды жайлары бар, алардын ичинен болгону 107си санкцияланган жана алар 616,3 гектарга жакын жерди ээлейт, алардын ичинен:
- 506,5 га - айыл чарба багытындагы жерлер (82%);
- 79 га - калктуу конуштардын жерлери (12,8%);
- 7,6 га - мамлекеттик токой фондусунун жерлери (1,2%);
- 23,3 га - өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер (4%).
Таштанды жайларынын участокторунун көбү - 96%гы таштандылар чогулган жакын аймактар, ал тургай санкцияланган жана тиешелүү укукту белгилөөчү документтери бар таштанды жайлар калдыктарды жайгаштыруу үчүн зарыл болгон жерлердин тиешелүү категорияларына трансформацияланган эмес.
Эреже катары, жерлер, таштанды полигондору жайгашкан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой фондусунун жерлерин кошкондо максаттуу багыты боюнча пайдаланылбайт, бул жер участокторун максаттуу багытта эмес пайдаланууга жол бербеген Кыргыз Республикасынын Жер кодексине каршы келет.
Ири шаарлардын көптөгөн таштанды полигондорунун эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрү 15-20 жылга (өткөн жүз жылдыктын 70-жылдарынан тартып) эсептелген, бирок бул мөөнөт дагы 30 жылга узарып кеткен. Таштандылар техникалык, санитардык жана экологиялык коопсуздук ченемдерин сактабастан чогулган жана иштеп жатат, обочолонбогон жана четтери тосулган эмес, бул айлана-чөйрөнү булгоочу жана жакынкы калктуу конуштарда жашаган адамдардын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизүүчү булак болуп саналат.
Жүргүзүлгөн инвентаризациянын алкагында жайгаштырылган калдыктардын болжолдуу морфологиялык курамы аныкталган (визуалдуу метод менен).
Кыргыз Республикасынын ири калктуу конуштарынын таштанды жайларында калдыктардын морфологиялык курамы төмөнкүлөрдү камтыйт: пластик - 21%, айнек - 10%, курулуш калдыктары - 14%, тамак-аш калдыктары - 20%, башка органикалык калдыктар - 12%, күл - 11%, металл - 0,5%, кагаз, картон - 1%, текстиль - 0,5%, электрондук жана электротехникалык ж.б. калдыктар (анын ичинде медициналык) - 10%. Республика боюнча калдыктардын морфологиялык курамы бири- бирине окшош эмес жана калктуу конуштардын жашоочуларынын турмуш деңгээлине жана жыл мезгилдерине жараша өзгөрүп турат.
Айыл жерлеринде таштанды жайларында чогулган калдыктардын морфологиялык курамы негизинен курулуш калдыктарынан, өлгөн малдан, айыл чарба калдыктарынан жана башкалардан турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 599 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибине ылайык кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстардын категориясына кирген өндүрүш жана керектөө калдыктарын жыйноо аларды пайдалануу жана кайра иштетүү багыттарына ылайык калдыктар чогулган объектилерде өз-өзүнчө жүзөгө ашырылууга тийиш.
Ошондой эле улуттук мыйзамдарга ылайык калдыктар көмүлгөн объектилерде кооптуу калдыктарды жана кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар катары пайдаланылышы мүмкүн болгон калдыктарды кабыл алууга тыюу салынат.
Бул талаптарга карабастан иш жүзүндө таштанды жайларында жайгаштырылган калдыктардын 70%ынан ашыгы кайра иштетүүгө жана утилдештирүүгө жарактуу болгон калдыктарды түзөт.
Таштандыларды расмий чогултуучулар калган коммуналдык калдыктар менен бирге эле кооптуу калдыктарды ташып кетишет жана полигондорго жайгаштырышат. Бул адамдардын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн түздөн-түз коопсуздук жаратат.
Ошентип, курамында медициналык, курулуш, электрондук жана электротехникалык калдыктар жана үй чарбасын жана соода жүргүзүүдө пайда болгон башка калдыктар сыяктуу керектөө калдыктарынын кооптуу түрлөрү болгон коммуналдык калдыктардын негизги массасы өз-өзүнчө жыйноо жана кайра иштетүү системасынын жоктугунан таштанды жайларына жана полигондорго түздөн-түз чогултулат.
Иш жүзүндө чирибей турган полиэтилен пакеттери олуттуу көйгөйдү жаратат жана тосмолорго карабастан айлана-чөйрөгө кошумча терс таасирин тийгизүү менен таштанды жайларынын аймактарынын айланасында чачылып жатат.
Медициналык жана биологиялык калдыктар ар түрдүү инфекциялардын булактары болуп саналат жана айлана-чөйрө жана калк үчүн биологиялык коркунучтарды туудурат. Электрондук жана электр жабдууларынын калдыктарынын курамында кадмий, коргошун, сымап сыяктуу кооптуу заттар бар.
Ошондой эле таштанды жайларынын аймактары - бул ар кандай ооруларды таратуучулар болгон чычкандардын, келемиштердин жашаган жери жана калк үчүн олуттуу эпидемиологиялык коркунучтарды жаратат.
Калдыктар бир жагынан, адамдын ден соолугуна жана айлана- чөйрөгө терс таасир этүүнүн булагы болуп саналат, экинчи жагынан, кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар деп аталган шарттуу түрдө "кайра жаралуучу" материалдык-чийки зат жана отун-энергетикалык ресурстардын булагы болуп эсептелет.
Калдыктарды кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар катары пайдалануу негизги чийки затты үнөмдөө, көлмөлөрдүн, кыртыштын жана аба бассейндеринин булганышын болтурбоо, жасалма материалдардан деталдарды жана буюмдарды өндүрүүнү кеңейтүү, эл керектөөчү товарлардын жаңы түрлөрүн чыгаруу сыяктуу бир катар маанилүү чарбалык милдеттери чечет.
Калдыктарды кайра иштетүү боюнча тармакты түзүү жолундагы башкы тоскоолдуктардын бири болуп калдыктарды өз -өзүнчө чогултуунун өтө төмөн деңгээли саналат. Негизинен таштандылардын бардыгы таштанды жайларына жеткирилет. Ири шаарлардын таштанды жайларынын аймактарында калдыктарды мыйзамсыз сорттоочулар иштешет, көп учурда алардын турак жайлары жана документтери жок. Борбордун түштүк региондорундагы таштанды жайларында калдыктарды сорттоо менен негизинен аялдар жана балдар алектенишет. Союлуучу малдарды таштанды жайларынын айланасына жаюу, санитардык зонага үйлөрдү куруу тажрыйбасы жайылтылган, бул санитардык- эпидемиологиялык мыйзамдардын олуттуу бузулушу болуп саналат. Бул көйгөй узакка созулган терс социалдык кесепеттерге ээ.
Коммуналдык калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарды көрсөткөн уюмдардын арасында адистештирилген уюмдардын үлүшү аз. Мындай кызматтарды көрсөтүшкөн адистештирилген уюмдар негизинен Чүй облусунун аймактарында иштешет. Өлкөнүн калган аймактарында коммуналдык калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарды айыл өкмөттөрүнүн түзүмдөрү же калк таштандыларды жакынкы таштанды жайларына өз алдынча ташып чыгарышат.
Өлкөдө калдыктарды кайра иштетүүнүн мыйзамдуу сектору өтө начар өнүккөн. Негизинен кагаз жана желим бөтөлкөлөр түрүндөгү пластика өз-өзүнчө чогултулууга жана кайра иштетилүүгө тийиш. Калдыктар менен иштөөнүн учурдагы абалына жүргүзүлгөн талдоо калдыктарды комплекстүү кайра иштетүү, утилдештирүү жана зыянсыздандыруу объектилери жок экендигин көрсөттү. Экологиялык саясатты жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын түзүүдө аталган көйгөйгө көңүл бурулбайт. Калдыктар менен иштөө жаатындагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө көйгөйлөр бар.
Калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча экономикалык натыйжалуу өндүрүштү уюштуруу, кайра пайдаланылуучу чийки заттардан продукцияларды өндүрүү үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу жана сорттоо боюнча өнүккөн инфратүзүмдүн жоктугу болуп саналат.
Калдыктарды кайра иштетүүнүн расмий секторунун абалына жүргүзүлгөн талдоо алардын көпчүлүгү кайра чарбалык жүгүртүүдөн алып салынгандыгын жана товардык-акча мамилелеринин предмети эместигин күбөлөндүрөт. Алсак, мисалы, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын утилдештирүүгө, сактоого, көмүүгө, жок кылууга лицензиясын болгону 7 уюм гана алган, алар:
- "Азия АКУ Металл" жоопкерчилиги чектелген коому - коргошун аккумуляторлорун утилдештирүү менен алектенет;
- "Кант шиналарды кайра иштетүүчү заводу" жоопкерчилиги чектелген коому - автомобиль покрышкаларын жана пластикти утилдештирүү;
- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коому - уулуу калдыктарды көмүү;
- "Жанар Электроник" жоопкерчилиги чектелген коому - электрондук калдыктарды баштапкы кайра иштетүү (негизинен компьютердик техникаларды);
- "Бишкек Вторчермет" жоопкерчилиги чектелген коому - коргошун аккумуляторлорун кайра иштетүү;
- "Ника КГ" жоопкерчилиги чектелген коому - иштетилген майларды жана аккумуляторлорду кайра иштетүү;
- Якупов жеке ишкер - иштетилген майларды, коргошун аккумуляторлорун жана автошиналарды кайра иштетүү.
Кайра иштелүүчү калдыктардын үлүшүнүн өсүшү калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана өндүрүштүк контролдоонун жетишсиз иштеп жаткан системасы, ошондой эле аларды кайра иштетүү, утилдештирүү жана зыянсыздандыруу процесстерин натыйжалуу уюштуруу үчүн негизги шарт болуп саналган жогорку эксплуатациялык жана финансылык чыгымдар, ошондой эле калдыктардан алынган чийки заттарды колдонуу менен өндүрүлгөн продукцияларга суроо-талаптын төмөн деңгээли жана рыноктун жетишсиз өнүгүшү менен кармалууда.
Кайра иштетүүнүн расмий секторуна караганда калдыктарды мыйзамсыз кайра иштетүү жетиштүү түрдө жайылган, анткени кыйла пайдалуу жумуш болуп саналат, бул эң биринчиден расмий кайра иштетүүчүлөргө салыштырмалуу эксплуатациялоо чыгымдарынын төмөндүгүнө байланыштуу.
Калдыктарды формалдуу эмес жыйноочулар таштанды аянтчаларынын өзүнөн эле бир кыйла баалуу калдыктарды тандап алышат. Таштанды ташуучу машиналар чогулткан калдыктар 28% баалуу фракцияларды камтышат, анын ичинен макулатура - 10%ды; айнек - 8%ды; металл - 1%ды; пластик - 8м%ды; текстиль - 1%ды түзөт. Органикалык калдыктар коммуналдык калдыктардын бардык курамынын 49% түзөт, калган 22%ы башка калдыктар. Калктын кирешелери төмөн катмарынын бул иш чөйрөсү өмүргө жана ден соолукка, өзгөчө иштин бул чөйрөсүнө тартылган аялдардын жана балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат.
Калдыктар менен иштөөнүн колдонуудагы системасынын материалдык-техникалык базасы өтө эскирген жана модернизациялоону жана жаңылоону талап кылат. Транспортту жана контейнер чарбасынын унификациялануу деңгээли төмөн.
Калдыктар менен иштөө жаатында укуктук жөнгө салуунун жетиштүү иштелип чыккан чөйрөсүндө (бул 60тан ашык ченемдик укуктук акты) карабастан, практикада бардык эле ченемдер аткарыла бербейт жана өркүндөтүүнү жана регламенттөөнү талап кылат(28).
Биринчи кезекте, калдыктар менен иштөө жаатындагы түшүнүктүк аппарат система өркүндөтүүгө жана конкреттештирүүгө муктаж, ошондой эле калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү жана зыянсыздандыруу боюнча иштин түрлөрүнө жана объекттерине байланышкан жаңы түшүнүктөрдү киргизүү зарыл. Мыйзамдарда кайра пайдаланылуучу чийки затты чогултууну жана кайра иштетүүнү жөнгө салуучу ченемдер жок, кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды кайра иштетүү секторун өнүктүрүүгө экономикалык өбөлгөлөөнүн механизмдери пайдаланылбайт. Калдыктар менен иштөө жаатындагы колдонуудагы ченемдик укуктук базада калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларга, ошондой эле кайра иштетүүнүн технологияларына карата атайын талаптар белгиленген эмес.
Мыйзам актыларында кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарга кирүүчү калдыктар жөнүндө айтылат, бирок бул терминдин аныктамасы жана мындай калдыктардын бекитилген тизмеги жок. Ошондой эле "кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар" деген терминдин өзүнүн аныктамасы берилген эмес.
Мыйзамдарда калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү жана зыянсыздандыруу жаатындагы ишти жөнгө салуу жана уюштуруу чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү толук өлчөмдө чагылдырылган эмес. Калдыктар менен иштөө жаатындагы ченемдештирүү калдыктардын пайда болушунун жана аларды жайгаштырууга лимиттердин ченемдеринин долбоорлорунун негизинде кооптуу калдыктарды пайда кылууну, жылыштырууну жана жайгаштырууну көрсөтүүгө алып келет. Ресурстарды сактоо, жеткиликтүү эң мыкты технологияларды киргизүү, калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүү, калдыктар менен иштөө жаатындагы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча башкаруучулук таасирдүү чечимдер кабыл алынган жок. Калдыктардын басымдуу бөлүгү аларды жайгаштыруунун бекитилген лимиттерине ылайык көмүү объекттерине жөнөтүлөт.
Калдыктарды жайгаштыруу жаатындагы экономикалык жөнгө салуу калдыктардын көлөмүн, кооптуулук классын жана аларды жайгаштыруу ченемдерин эсепке алуу менен калдыктарды жайгаштыруу үчүн төлөм алуу жолу менен гана ишке ашырылат.
Мында мамлекеттик экономикалык "оң" түрткү берүүнүн механизмдери жок, мисалы, экологиялык таза продукцияга салыктарды төмөндөтүү же мындай товарларды мамлекеттик сатып алууларда экологияга багытталган бизнес үчүн артыкчылыктарды берүү жолу менен. Ошондой эле калдыктар жана кайра иштетилүүчү ресурстар менен иштөөгө багытталган атайын салыктык жеңилдиктер да жок.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2010-2016-жылдары өлкөнүн аймагында калдыктардын пайда болуусу 2 эсеге көбөйгөн (7-таблица). 2016-жылы ишканаларда кайра иштетилген жана жок кылынган калдыктардын үлүшү пайда болгон калдыктардын 67%ын түзгөн, мында кайра иштетилген жана жок кылынган калдыктардын 99%ы (4 044 миң тонна калдык29) кен казуу өнөр жай ишканаларына туура келет, тактап айтканда бул кен казуу секторунун гана көрсөткүчү болуп саналат. Башка калдыктар практика жүзүндө кайра иштетилбейт.
1-таблица. Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары, миң тонна/жыл
| 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 |
Аймактар боюнча өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын болушу (жыл аягына карата) | 84 | 94 | 99 | 108 | 112 | 114 | 120 |
858,9 | 929,6 | 805,2 | 330,8 | 667,5 | 910,5 | 929,6 | |
Аймактар боюнча өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын пайда болушу | 5 | 10152 | 4 | 7957,3 | 10 | 10 | 12 |
806,8 | ,9 | 930,2 |
| 223,0 | 498,9 | 377,5 | |
Ишканаларда пайдаланылганы (кайра иштетилгени, жок кылынганы) | 2,1 | 4,2 | 16,1 | 3070,3 | 4933,3 | 4893,0 | 4072,0 |
Турмуш-тиричилик таштандыларын (катуу калдыктарды) чыгаруу | 1 | 1 | 980,4 | 1 175,6 | 994,9 | 1 | 1 |
114,6 | 173,8 |
|
|
| 113,3 | 230,1 |
Республиканын аймагында өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын пайда болуусу бир адамга эсептегенде өсүп жатат. 2010-жылы бул көрсөткүч бир адамга 1118,2 кг болсо, 2016-жылы пайда болгон калдыктардын саны бир адамга эсептегенде дээрлик эки эсеге көбөйүп, бир адамга 2015,8 кг жеткен.
Коммуналдык калдыктардын категориясына туура келген калк чыгарган калдыктар жана чарбакер субъекттердин калдыктарынын жыйындысын өзүнө камтыган коммуналдык калдыктар боюнча жалпысынан расмий маалыматтар жок. Ушуга байланыштуу коммуналдык калдыктардын пайда болуусунун динамикалык көрсөткүчтөрүнө, ошондой эле кайра иштетилүүгө жумшалган калдыктардын үлүшүн жана алар боюнча маалыматтардын агымын баалоого мүмкүндүк жок.
Колдо бар маалыматтарга ылайык калдыктардын саны туруктуу өсүп жатат, калдыктардын пайда болушун азайтууга багытталган иш-чаралар жетишсиз, калдыктардын негизги массасы көмүүгө жөнөтүлөт.
Учурдагы тенденцияларды сактоо калдыктардын пайда болушун азайтуу жана болтурбоо боюнча туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө мүмкүндүк бербейт жана төмөнкү сыяктуу бир катар терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн:
- жаратылыштын чийки зат жана отун-энергетикалык ресурстарын ургаалдуу пайдалануу, өнөр жай жана айыл чарба продукциясын керектөө үлүшүнүн жогорулашы, иргөө-кайра иштетүү кубаттуулуктарынын өнүгүшүнүн тартыштыгын жана жоктугун эске алуу менен, көмүлүүчү калдыктардын санынын өсүшүнө алып келүүчү таралык-таңгактоочу материалдарды пайдалануунун көбөйүшү менен байланышкан калдыктардын пайда болуу көлөмүнүн өсүшү;
- жайгаштырылуучу жана көмүлүүчү калдыктардын өсүп бара жаткан агымынын айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына тийгизген тескери таасиринин күчөшү менен байланышкан экологиялык жагдайдын начарлашы, калыбына келбөөчү жаратылыш ресурстарынын азайышы, жаратылыш чөйрөсүнүн компоненттерине зыяндын (залалдын) топтолушунун өсүшү;
- өлкөдө калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү абал менен маанилүү көрсөткүчтөрдүн ортосундагы ажырымдын бул тармактагы, анын ичинде энергия жана ресурс үнөмдөө, калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүү үчүн натыйжалуу жабдууларды жана технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу жагында өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу көбөйүшү;
- бул жааттагы инфратүзүмдүн инвестициялык жана технологиялык жактан өзүнө тартпагандыгынан, ошондой эле бул чөйрөдө финансылык ресурстардын жана квалификациялуу кадрлардын тартыштыгынан улам эл аралык биргелешкен долбоорлорго катышуунун чектелгендиги.
Азыркы тенденциялар сакталып турганда 2030-жылга калдыктар менен иштөө жаатын өнүктүрүү басаңдайт, бул болсо өз кезегинде жаратылыш чөйрөсүнүн компоненттеринин начарлашына, кайра оңдолбос кесепеттерге, ага ылайык калк арасында бул факторлордон пайда болуучу оорулардын көбөйүшүнө алып келет.
Милдеттер. Коюлган максатты жана болуп жаткан көйгөйлөрдү көңүлгө алуу менен коммуналдык калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүдөй милдеттерди чечүүгө багытталат: 1) кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү коммуналдык калдыктарды өз-өзүнчө чогултууну пайдалануу жөнүндө ченемдерди ченемдик укуктук базага киргизүү; 2) ченемдик укуктук базага калдыктар менен иштөөнүн заманбап экономикалык механизмдерин киргизүү; 3) калдыктар менен иштөөнүн бардык этаптарында мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү камсыздоо; 4) калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу жана алардын пайда болушун минималдаштыруу жаатында калктын маалымдуулугунун, экологиялык тарбиясынын жана кызыкдарлыгынын деңгээлин жогорулатуу.
1) Кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү коммуналдык калдыктарды өз-өзүнчө чогултууну пайдалануу жөнүндө ченемдерди ченемдик укуктук базага киргизүү.
Бул милдеттерди чечүү үчүн коммуналдык калдыктарды өз-өзүнчө чогултууну так регламенттөөнү камсыздоочу коммуналдык калдыктардын тизмеги менен Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында коммуналдык калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу эрежелери иштелип чыгат, мында калдыктарды иргөөгө жана кайра иштетүүгө тартылуучу кызматкерлер үчүн кооптуулуктарды азайтуу жана социалдык кепилдиктерди камсыздоо эсепке алынат. Ошондой эле кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнү камсыздоочу талаптарды жана жоболорду регламенттөөгө жана актуалдаштырууга тиешеси бар өзгөртүүлөр мыйзамдарга киргизилет. Калдыктар менен иштөө чөйрөсүндө кабыл алынган түшүнүктүк аппаратты шайкеш келтирүү жана тактоо үчүн кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды, кайра пайдаланылуучу чийки затты түшүнүүнү аныктоочу түшүнүктөрдү жана терминдерди бекитүү сунушталат. Кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнү камсыздоо үчүн калдыктарды кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар категориясына киргизүүнүн критерийлери жана тартиби белгиленет, ошондой эле кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар категориясына кирүүчү калдыктардын тизмеги иштелип чыгат;
2) Ченемдик укуктук базага калдыктар менен иштөөнүн заманбап экономикалык механизмдерин киргизүү.
Бул милдет экологияга багытталган бизнеске субсидияларды жана жеңилдиктерди камсыз кылуу аркылуу өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) принцибин жана ишканаларда жаратылышты коргоочу, ресурс үнөмдөөчү жана аз калдыктуу технологияларды киргизүүгө түрткү берүүнү регламенттөөгө багытталган. Милдеттин алкагында мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет, алар төмөндөгүлөрдү өнүктүрүүгө багытталат:
- экологиялык ишкердикке жана жаратылыш коргоочу ишке түрткү берүүчү салыктык жеңилдиктердин жана преференциялардын системасын;
- калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү милдеттерин чечүүгө байланышкан инвестициялык долбоорлордун бизнес-пландарын колдоого багытталган жеңилдетилген кредиттер системасын;
- кайра пайдаланылуучу чийки заттан өндүрүлүүчү продукцияга мамлекеттик/муниципалдык заказды;
3) Калдыктар менен иштөөнүн бардык этаптарында мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү камсыздоо.
Бул милдеттин алкагында калдыктарды зыянсыздандыруу, кайра иштетүү жана утилдештирүү объекттерине жана калдыктарды зыянсыздандыруунун, кайра иштетүүнүн жана утилдештирүүнүн экологиялык коопсуз технологияларын пайдаланууга карата талаптар регламенттелет, ошондой эле калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчилик аныкталат. Ошондой эле калдыктарды жайгаштыруу объекттери турган жерлердин категорияларын регламенттөө үчүн да мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет;
4) Калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу жана алардын пайда болушун минималдаштыруу жаатында калктын маалымдуулугунун, экологиялык тарбиясынын жана кызыкдарлыгынын деңгээлин жогорулатуу.
Бул милдет калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана калдыктарды өз-өзүнчө чогултуунун артыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды жайылтуу жолу менен чечилет.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Ушул Программаны ишке ашыруу мезгилинде төмөнкүдөй 11 ченемдик укуктук актыны (Кыргыз Республикасынын 3 мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8 токтому) иштеп чыгуу жана кабыл алуу:
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорлору:
- Кыргыз Республикасынын аймагында кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүү деңгээлин жогорулатууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- Калдыктар менен иштөөнү башкаруунун экономикалык механизмдерин киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. Киргизиле турган өзгөртүүлөр экологиялык ишкердикке жана жаратылыш коргоочу ишке түрткү берүүчү салыктык жеңилдиктердин жана преференциялардын системасын, калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү милдеттерин чечүүгө байланышкан инвестициялык долбоорлордун бизнес-пландарын колдоого багытталган жеңилдетилген кредиттердин системасын, ошондой эле кайра пайдаланылуучу чийки заттан өндүрүлүүчү продукцияга мамлекеттик/муниципалдык заказды өнүктүрүү мүмкүндүгүн камсыздайт;
- калдыктарды жайгаштыруу объекттери турган жерлердин категорияларын регламенттөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорлору:
- "Калктуу конуштарда коммуналдык калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу эрежелерин жана Коммуналдык калдыктардын тизмегин бекитүү жөнүндө";
- "Калдыктарды кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар категориясына киргизүүнүн критерийлерин жана тартибин, Кайра пайдаланылуучу материалдык ресурстар категориясына киргизилүүчү калдыктардын тизмегин бекитүү жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилигин ишке ашыруу маселелери боюнча 4 токтом:
- "Калдыктарды жыйноону, ташууну, кайра иштетүүнү, утилдештирүүнү жана зыянсыздандырууну уюштурууга акы төлөөнү эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартиби жөнүндө" токтомуна калдыктарды зыянсыздандыруу, кайра иштетүү жана утилдештирүү объекттерине жана калдыктарды зыянсыздандыруунун, кайра иштетүүнүн жана утилдештирүүнүн экологиялык коопсуз технологияларын пайдаланууга карата талаптарды регламенттөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу".
Иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларга ылайык төмөнкүлөр аткарылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын текшерме баракчаларына калдыктар менен иштөө жаатындагы ишкердик субъекттерине карата талаптар киргизилет;
- "Калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчилик жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгат жана макулдашууга жөнөтүлөт;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында калкка маалымат берилет, маалымат берүүдө өлкө калкынын 90%на чейин камтылат;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында калдыктарды өз-өзүнчө чогултуунун артыкчылыктары жөнүндө маалыматтар ар дайым берилип турат.
7. "Жашыл" шаарлар
Максаты. Кыргыз Республикасынын шаар куруусунда "жашыл" шаарлардын туруктуу өнүгүшү үчүн негиз түзүү.
Учурдагы жагдайды талдоо. Кыргыз Республикасынын аймагынын 93%ын тоолор ээлейт, жогорку сейсмикалуулуктан, тоолуу рельефтин геодинамикасынан (кыймылдуулугунан) жана изилденбегенинен улам курулуш чектелген. Өлкө аймагынын 20%ы жайлуу жашоого жарамдуу. Алардын ичинен 7%ында шаарлар жана калктуу конуштар курулган, айдоо аянттары жана бак-дарактар өстүрүлгөн жерлер бар, улам жаңы объекттер курулуп жатат. Республикада 40 район, 31 шаар бар, анын ичинен 2 шаар республикалык, 12 шаар облустук, 14 шаар райондук мааниде, айыл аймактарынын саны - 453. Бишкек, Жалал-Абад жана Өзгөндөн тышкары, дээрлик бардык шаарларда акыркы 20 жылда калктын саны олуттуу өзгөргөн жок. Эң ири шаар болуп борбор шаар эсептелет, мында 1 миллиондон ашуун адам жашайт. Ири шаарларга Ош жана Жалал-Абад кирет, анда тиешелүүлүгүнө жараша 267 миң жана 100,7 миң адам жашайт, калганы 3 миңден 70 миңге чейин калк жашаган чакан жана орто шаарлар.
Чакан шаарлардын өнүгүү темпинин төмөндөшү уланууда жана бул көбүнчө бардык шаарлардагы жана шаарчалардагы негизги шаар түзүүчү факторлор болгон ири өнөр жай объекттерин реструктуризациялоо сыяктуу өзгөрүүлөр менен шартталган, бул жумуш орундарынын кыскарышына жана калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келген.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик стратегиялык документтер кабыл алынган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саясатынын концепциясы, ал эми 2017-жылы - 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы бекитилген. Бирок азыркы убакта шаар куруучулук документтердин толук пакети болбогондуктан, аймактык-мейкиндиктик башкарууну уюштурууда, пландаштырууда, долбоорлоодо, жөнгө салууда көйгөйлөр бар. Бул улуттук деңгээлде региондук пландаштыруунун башкы схемалары жана долбоорлору, шаарлардын жана айылдардын башкы пландары, жер пайдалануу жана курулуш эрежелери жана бир катар мыйзамдар, ченемдик укуктук жана техникалык актылар.
Башкы схемалар жана долбоорлор транзиттик эл аралык коридорлорду өнүктүрүү, жаратылыштык, өндүрүштүк, материалдык-техникалык жана жандуу ресурстарды баалоо боюнча ири стратегиялык, баалоочулук, кадастрдык милдеттерге туура келет. Кыргыз Республикасында улуттук деңгээлде мындай схемалар жетишсиз, бул болсо өлкөнү континенталдык климаттын кескин жана татаал шарттарына, жогорку сейсмикалуу тоолуу ландшафтка өз каранды кылат жана жашоо-турмуш коопсуздугун коркунучка алып келет.
Республиканын бардык калктуу конуштарынын 97,8%ы сейсмикалуулугу 8-9 балл болгон чөлкөмдөрдө жайгашкан. Ушуга байланыштуу бул чөйрөдөгү башкаруунун натыйжалуулугу төмөнкү деңгээлде калууда.
Инфратүзүмдүк ведомстволор ар башка түзүмдөрдө иштешет, бул тез арада чара көрүүгө натыйжасыз болууда. Долбоорлоо институттарынын көпчүлүгүндө илимий кызматкерлердин жана эксперименталдык лабораториялардын жетишсиздиги шаар куруучулук заманбап инфратүзүмдүк саясатты жүргүзүүгө кедерги болуп жатат. Шаар куруучулук саясаттын милдеттери да ар кайсы ведомстволорго бөлүнүп кеткен: региондук өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, архитектура эстеликтери боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, инфратүзүмдүк маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, ресурстар боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, калган маселелер боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги иш жүргүзөт.
Учурда шаарлардын бюджетинин орточо алганда 40-50%ы турак жай-коммуналдык чарбага жумшалат, айыл аймактарынын бюджетинин 80%ына чейинкиси башкаруу аппаратына жумшалат. Шаарлардын дарылоо жана билим берүү мекемелерин, парктарды, гүлбакчаларды, турак жайларды ж.б. камтыган азыркы учурдагы инфратүзүмү жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес. Шаарлардагы мектепке чейинки жана мектеп мекемелери курулуш ченемдерине жана эрежелерине (КЧжЭ) ылайык келбейт жана алардын айрым имараттары авариялык абалда турат. Чакан жана орто шаарларда жаңы дарылоо мекемелери абдан сейрек курулат.
Турак жай - шаарларды аймактык-мейкиндик пландаштырууга жана жөнгө салууга таасир этүүчү башкы факторлордун бири болуп саналат. Өлкөнүн региондорунан кыйла өнүккөн шаарларга жарандардын миграция тенденциясы турак жай маселеси шаарлардын чет жакаларында аймактарды басып алуу жолу менен чечилген кырдаалга алып келди. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекиткен, анын алкагында 8%дык ипотекалык кредиттөө каралган, бирок өлкөнүн эски турак жай фонду капиталдык курулушту пайдалануу мөөнөтүнүн бүтүшүнө (50 жылга) жакындап калды. Өлкөнүн аймагынын сейсмикалык мүнөздөмөлөрүн эске алганда, 1962-жылдагы КЧжЭ боюнча курулган турак жайлар пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин ишенимсиз болуп калды.
Санитардык ыңгайлуулуктарды айыл жеринде жашагандардын 50%ы жана шаар жеринде жашагандардын 82%ы пайдаланат. Шаарлардын 80%дан ашыгында "жашыл" (бак-дарак) фондун инвентарлоо жана кайра отургузуу жүргүзүлгөн эмес. Ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуучу жана алардын социалдашуусуна жолтоо болуучу тоскоолдуктарды алып салуучу инфратүзүм бардык эле жерде дээрлик жокко эсе. Спорттук курулмалар жана объекттер да бүткүл өлкө боюнча начар өнүккөн.
Шаарлардын инженердик-коммуникациялык инфратүзүмү 2001-жылы эле эскирген, анткени магистралдык тармактарды салуунун эң активдүү мезгили өткөн кылымдын 70-жылдарына туура келет, ал эми инженердик тармактардын иштөөсүнүн максималдуу мөөнөтү 30-40 жылды түзөт. Мындай жагдай тармактардын иштөөсүнүн сапатына жана алардагы жоготуулардын деңгээлине таасирин тийгизип жатат, бул деңгээл 60%га чейин жетүүдө.
Ичилүүчү суунун коопсуз булактарынан туруктуу пайдаланган калктын үлүшү азайып, 2016-жылы 89,9%ды түздү, ал эми 2012-жылы бул көрсөткүч 93,2% болгон. Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында - 75%дан 85%га чейин. Бишкек жана Ош шаарларында жылуулук берүү ЖЭБ аркылуу камсыздалат, башка шаарларда от казандар жана меш жагуу пайдаланылат.
Өлкөдө жол кырсыктарынын деңгээли жогору. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында 2010-жылы калктын 100000 кишисине алганда жол-транспорт кырсыктарынан өлгөндөрдүн саны 19,2 кишини түзгөн. Жолдордогу кырсык 5тен 29 жашка чейинки жаш курактык топто адамдардын өлүмүнө эң көп санда себеп болгон. Жол-транспорт кырсыктарынан жыл сайын 1200дөн ашуун киши каза болуп, 10000дей адам жаракат алат.
Шаарлардагы чоң көйгөй болуп абанын жогорку деңгээлде булганышы жана экологиялык кырдаалды начарлатып жаткан коммуналдык калдыктардын көбөйүшү эсептелет. Шаарлардын көпчүлүгүндө шаар чөйрөсүн олуттуу булгаган, ээси жок кооптуу участоктор, токтоп калган ишканалар, объекттер ж.б. бар, алар акырындык менен бузулуп баратат. Мындан тышкары, шаар чөйрөсүн көрктөндүрүүгө, ири парктарды, жаңы коомдук мейкиндиктерди курууга чоң каражаттар жумшалат, бирок мында алардын өзүн-өзү актоосу жана киреше берүүсү эсепке алынбайт, ошондуктан бул объекттерди кармап туруу үчүн жаңы каражаттарды жумшоо зарыл. Кооптуу калдыктар көмүлгөн жерлердин жанында жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар жашоо үчүн кооптуу жерлер бойдон калууда. Өлкөдөгү шаарлардын көпчүлүгү сапаттуу инфратүзүмдү модернизациялоого, калыбына келтирүүгө жана түзүүгө муктаж болуп турат.
Азыркы убакта аймактын ресурстарын аныктоодон, текшерип чыгуудан, шаарлардын потенциалын талдоодон жана аларга баа берүүдөн баштоо керек, мында шаарлардын өнүгүшүнүн стратегиясын талдоону кошуп алганда, өнүгүүнүн социалдык, экономикалык жана экологиялык аспекттери эсепке алынууга тийиш. Ошентип төмөнкүдөй биринчи кезектеги милдеттерди ырааттуу чечүү зарыл:
Милдеттер. Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер чечилет: 1) "жашыл" шаарларды өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук жана институттук негиздерди түзүү; 2) "жашыл" шаарлар принциптерин эсепке алуу менен шаарларды башкаруу системасын түзүү; 3) шаарларда коопсуздукту, экологиялык туруктуулукту жана социалдык-инклюзивдик чөйрөнү камсыз кылуучу инженердик-техникалык жана коммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү; 4) маалымат берүү жана окутуу.
1) "Жашыл" шаарларды өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук жана институттук негиздерди түзүү.
Бул милдеттин алкагында "жашыл" шаарларды өнүктүрүү үчүн колдонуудагы ченемдик укуктук жана ченемдик техникалык актылардагы карама-каршылыктарды, кенемтелерди, тоскоолдуктарды табуу үчүн аларды талдоо жана баалоо пландалууда. Аймактык-мейкиндик жана экономикалык өнүгүүнүн деңгээлине олуттуу таасир этүүчү 12 ченемдик укуктук актыны жана ченемдик техникалык актыны талдоо жана баалоо талап кылынат. Ресурстарды мобилизациялоого жана инвестициялык долбоорлор үчүн жергиликтүү рынокторго кирүү эрежелерин иштеп чыгууга, жөнгө салуу механизминин ролунда чыгууга потенциалы бар жеке бизнестин, инвесторлордун каражаттарын тартуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде шаарларды комплекстүү өнүктүрүүнүн илимий-изилдөө институту менен шаарларды жана алардын инфратүзүмүн өнүктүрүү фондун түзүү зарыл. Кызыкчылыктардын кагылышуусу болсо, шаарларды өнүктүрүү фонду коомдун кызыкчылыгы үчүн жоопкерчиликти ала алат жана долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же бизнеске өткөрүп бере алат.
Ошондой эле шаар куруучулук документтердин толук пакети: улуттук деңгээлдеги башкы схемалар жана долбоорлор, шаарлардын жана айылдардын башкы пландары, деталдуу пландоо долбоорлору, жер пайдалануу жана курулуш эрежелери, мастер-план (Бишкек шаары үчүн) даярдалат жана өлкөдө шаар куруу боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүүгө жооптуу органдын ролун жогорулатуу мүмкүндүгү иштелип чыгат;
2) "Жашыл" шаарлар принциптерин эсепке алуу менен шаарларды башкаруу системасын түзүү.
Шаарлардын потенциалын өнүктүрүү үчүн шаарды жана аймактык-мейкиндиктик жөнгө салууну башкаруунун колдонуудагы жол-жобосун өзгөртүүчү бир катар чаралар көрүлөт. Шаарлардын потенциалын талдоо жана баалоо пландалууда, мында шаарларды өнүктүрүүнүн стратегияларын талдоону кошо алганда, өнүктүрүүнүн социалдык, экономикалык жана экологиялык аспекттери эске алынат. Кыргыз Республикасынын иштелип чыгууга тийиш болгон мейкиндиктик өнүктүрүү стратегиясы улуттук деңгээлдеги стратегиялык пландаштыруунун бөлүгү, ошондой эле шаарларды мейкиндиктик өнүктүрүү стратегиялары багыт ала турган негиз болуп калууга тийиш. Келечекте шаарларды мейкиндиктик өнүктүрүү стратегиялары бардык шаарлар үчүн иштелип чыгышы керек. Бул процесске ар түрдүү социалдык катмарлар тартылат жана аялдар менен эркектердин теңчиликтүү катышуусу камсыздалат.
Мындан тышкары бул милдеттин алкагында жергиликтүү бийликтердин пайдалануусу үчүн инклюзивдик шаардык саясат, аймактык-мейкиндиктик туруктуу пландаштыруу, шаарларды жана калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча чаралардын пакети иштелип чыгат. Атап айтканда жергиликтүү бийликтердин пайдалануусу үчүн шаардык саясат жана башкаруу, аймактык-мейкиндиктик пландаштыруу, калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча колдонмо, сунуштамалар, методикалык көрсөтмөлөр иштелип чыгат;
3) Шаарларда коопсуздукту, экологиялык туруктуулукту жана социалдык-инклюзивдик чөйрөнү инженердик-техникалык жана коммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү (түйүндөр жана жолдор).
"Жашыл" шаарлардын негизги принциби - шаарлардын жашоо- тиричиликти камсыздоо инфратүзүмүнүн системаларындагы контролдоо, сапат жана керектөөлөрдү эсепке алуу, ал үчүн жалпы жоболор же шаарлардын "Акылдуу" концепциялары иштелип чыгат.
Катышуучуларды, бардык шаардыктарды контролдоо, сапат, керектөөлөрдү эсепке алуу боюнча кеңири камтуу экологиялык ой жүгүртүүнүн, ресурстарга этият мамиле кылуунун жаңы образын киргизет. Шаардын коомдук мейкиндигин өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат, анда туруктуу шаардык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүчү "жашыл" технологияларды жана түрткү бере турган чараларды киргизүү мүмкүндүгү каралат. Бул концепцияны калктын, бийликтин, адистердин жетекчилиги астында бизнестин катышуусу менен иштеп чыгууда өзүн- өзү актоо жана бардык инфратүзүмдүк (инженердик-техникалык, коммуникациялык, социалдык) долбоорлорду ишке ашыруудагы милдеттүү компонент катары киреше эсепке алынат. Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду каржылоонун азыркы артыкчылыктарын жана принциптерин кайра кароо, инженердик-техникалык жана коммуникациялык инфратүзүмдө мамлекеттик-жекече өнөктөштүктү киргизүү менен жоопкерчиликти бөлүштүрүү сунуш кылынууда;
4) Маалымат берүү жана окутуу.
Инклюзивдик "жашыл" экономика социалдык багытта болуп саналат, ал эми анын шаар куруучулук саясаты калкты, шаардык коомчулуктарды, бизнес-чөйрөнү, бийликти кеңири тартуу жана камтуу менен ишке ашырылат, мында процесстин бардык катышуучулары экологияга залал келтирбестен, тең укуктуу шаардык чөйрөнү түзүү менен экономиканы өнүктүрүүгө жооптуу болот. Бул процесстерде маалымат берүү, окутуу бардыгына керек болот. Биринчи кезекте муниципалдык бийликтердин жана саясатты жүргүзүүчү адистердин потенциалын жогорулатуу талап кылынат. Көптөгөн өлкөлөрдүн учурдагы тажрыйбасы көрсөткөндөй, кыска формада кайсы болбосун коммуникация каражаты аркылуу, анын ичинде коомдук транспортто жайылтууга мүмкүн болгон маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу керек. Бул милдеттин алкагында калктын, бийликтин, бизнестин, адистердин шаардык социалдык инклюзивдик саясат, аймактык-мейкиндиктик пландоону башкаруу, жөнгө салуу боюнча коомдук макулдукту жаратуу үчүн окутуучу тренингдер жана семинарлар өткөрүлөт.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- шаар куруучулук документтердин төмөнкүдөй толук пакети даярдалды: улуттук деңгээлдеги башкы схемалар жана долбоорлор, шаарлардын жана айылдардын башкы пландары, деталдуу пландоонун долбоорлору, жер пайдалануу жана курулуш эрежелери, мастер-план (Бишкек шаары үчүн);
- "жашыл" шаарларды өнүктүрүү үчүн карама-каршылыктар, кенемтелер, тоскоолдуктар аныкталды жана жоюлууда;
- Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты;
- Кыргыз Республикасынын шаарларын мейкиндиктик өнүктүрүү стратегиялары иштелип чыкты;
- калкты, шаардык коомчулуктарды, бизнес-чөйрөнү жана бийликти кеңири тартуу жана камтуу менен шаарларды башкаруу өркүндөтүлүүдө.
III. Инклюзивдик "жашыл" экономикага өтүү процессин колдоо
1. Туруктуу каржылоо
Максаты. Ички жана эл аралык финансылык потенциалды кийин пайдалануу үчүн эл аралык климаттык фонддордун талаптарына финансылык системаны ылайык келтирүү аркылуу банктык жана микрофинансылык секторго "жашыл" экономика боюнча ишти туруктуу каржылоону киргизүү.
Учурдагы жагдайды талдоо. Дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болгондой, "жашыл" экономикага өтүү туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө байланышкан, башкача айтканда "туруктуу өсүштү колдоо үчүн туруктуу каржылоо принциптерин өнүктүрүү жана каржылоо көлөмдөрүн мобилизациялоо зарыл". "Чоң жыйырмалыктын" алкагында "жашыл" финансы практикасы жана финансы системасын экологиялаштыруу концепциясы глобалдык деңгээлге чыкты.
"Жашыл" экономика боюнча ишти туруктуу каржылоо Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын "Банктык, камсыздандыруу жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы үчүн жеткиликтүүлүгүн улуттук финансы мекемелердин колдоо жана кеңейтүү мүмкүндүгүн бекемдөө" 8.10-милдеттери менен үндөшүп турат.
Бир катар өлкөлөр дүйнө жүзү боюнча туруктуу каржылоо жаатындагы программалардын ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашырууда, мында каржылоонун бул түрү туруктуу өнүктүрүүнүн негиздеринин бири экендиги көңүлгө алынууда.
"Жашыл" каржылоонун рыногу дүйнөлүк финансылык рыноктун тез өсүп жаткан жана келечектүү сегменти болуп саналат. Алсак, 2017-жылы:
- "жашыл" облигациялардын рыногу 150 млрд. АКШ долларынан ашуун сумманы түзгөн(30);
- "климаттык" баалуу кагаздардын бүткүл рыногу(31) - 700 млрд.га жакын АКШ доллары(32);
- банктык "жашыл" кредиттер жана мамлекеттик каржылоо ар кандай эсептөөлөр боюнча 1-1,5 трлн. жакын АКШ долларын түзөт(33);
- 25 трлн. долларды тескеген 400дөн ашык институттук инвесторлор төмөн көмүр тектүү инвестициялар принциптерин карманат(34);
- БУУнун "Жооптуу инвестициялоо принциптери" (UN PRI) демилгесинин 1,5 миң мүчө-катышуучулары 62 трлн. АКШ доллары суммасындагы активдерди башкарышат(35).
Азыркы убакта республиканын банктык жана микрофинансылык секторлорунда "жашыл" каржылоонун продуктулары бар, алар азырынча бөлүнүп чыга элек жана "жашыл" каржылоонун компоненти катары социалдык компоненттерде камтылган.
Эл аралык донор уюмдары тарабынан долбоорлорду Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу каржылоо тажрыйбасы бар. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр туруктуу каржылоого көмөк көрсөтүү менен өлкөнү колдоп жатышат. Бизнес чөйрөнүн "жашыл" экономика боюнча долбоорлорун каржылоону колдоонун негизги үлүшү KyrsSEF программасына таандык. Бул программа Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан иштелип чыккан, анын кредиттик куржунунун өлчөмү 55 млн. АКШ долларын түзөт. KyrSEFF+ республиканын бардык региондорунда жергиликтүү өнөктөш банктардын катышуусу менен жүзөгө ашырылууда. KyrSEFF+ программасынын алкагында банктык продукттарды киргизүү тажрыйбасына 2 жылдын ичинде 60тан ашуун ишканалар ээ болду. Бул программанын алкагында 2013-2017-жылдардын ичинде коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдардын кызматташтыгы энергия үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулугу боюнча долбоорлорду каржылоого 22 млн. АКШ долларын өздөштүрүүгө алып келди.
2017-жылдан тартып программанын экинчи фазасы башталды, мында коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдардын кызматташтыгы менен 35 млн АКШ долларын өздөштүрүү пландалган. Энергия үнөмдөөгө, энергиялык натыйжалуулугуна, ресурс үнөмдөөгө, суу үнөмдөөгө, ошондой эле турак жай имараттарынын, ишканалардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду каржылоо каралууда.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы башка өнүктүрүү банктары менен бирдикте Климаттык инвестициялар программасын иштеп чыгууга жана Климаттык каржылоо боюнча борборду түзүүгө колдоо көрсөтүүдө. Бул Борбор Климаттын өзгөрүшүнө карата туруктуулукту жогорулатуу боюнча пилоттук программанын алкагында, Климаттык инвестициялык фонддун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын айрым микрофинансылык уюмдарына Эл аралык финансы корпорациясы техникалык жардам көрсөтүүдө, анын ичинде үй чарбаларынын энергиялык натыйжалуулугу үчүн кредиттер жөнүндө маселелер боюнча семинарларды өткөрүү жолу менен жардам берип жатат. Монголиянын банкирлер ассоциациясы да туруктуу каржылоо күн тартибин өнүктүрүүгө жардам берүү ниетин билдирүүдө.
Каржылоо Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча Кыргыз Республикасынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн зарыл болгон аракеттерди жүзөгө ашырууда өтө маанилүү түрткү берүүчү инструмент болуп саналат. Учурда Кыргыз Республикасынын банктарынын жана микрофинансылык уюмдарынын иш-аракетинин кеңейиши социалдык, экологиялык жана экономикалык туруктуулуктун жана социалдык интеграциянын кеңири диапазону менен тыгыз байланышкан жагдайга туш болууда. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Банктар бирлиги жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы "жашыл" экономика принциптерине негизделген ишкердикти туруктуу каржылоону алга жылдырууга көмөк көрсөтүүдө. Жалпысынан банктык сектор өлкөнүн экономикасын системалуу камтыгандыгына байланыштуу ал "жашыл" экономика принциптерин туруктуу каржылоону калыптандырууну камсыздоого жөндөмдүү.
Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоо боюнча бир нече демилгелер илгерилүүдө. Кыргыз Республикасынын айрым микрофинансылык уюмдары энергиялык натыйжалуулугуна (айыл жеринде үйлөрдө жылуулукту көбүрөөк сактай турган айнектөө) жана гендердик теңчиликке (аялдар жетектеген ишканаларды каржылоо) байланышкан тажрыйбага ээ болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Центерра Голд Инк." компаниясы жана "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн айлана - чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуу боюнча Жаратылышты өнүктүрүү фонду түзүлдү. Бул Фондду капиталдаштырууну биринчи кезекте "Кумтор Голд Компани" компаниясы камсыздайт жана ал Кумтөр алтын кенине чектеш аймакта, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында айлана - чөйрөнү коргоону өнүктүрүүгө, жаратылыш ресурстарын сактоого жана экологдордун потенциалын чыңдоого инвестицияларды жүзөгө ашырууга арналган.
Кыргыз Республикасынын Банктар бирлиги республиканын банктык секторунда "жашыл" экономика боюнча ишти туруктуу каржылоо принциптерин киргизүү процессин баштады. Туруктуу каржылоону калыптандыруу багытында жалпы банктык күч-аракеттерди бириктирүү үчүн "жашыл" экономика боюнча хартияны түзүү жөнүндө декларацияга 14 коммерциялык банк жана 1 микрофинансылык компания кол койду. Банктык системада жана микрофинансылык уюмдар секторунда "жашыл" экономика принциптеринде туруктуу каржылоону киргизүү боюнча жол карталары иштелип чыкты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Банктар бирлиги Туруктуу банкинг тармагына (SBN) кирди, ал эл аралык практикага ылайык туруктуу каржылоону алга жылдырууну көздөгөн өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн финансылык секторунун жөнгө салуучу агенттиктеринин жана банктык ассоциацияларынын уникалдуу коомчулугу болуп саналат. Тармак мүчөлөрүн жамааттык окутууга мүмкүндүк түзөт жана өз өлкөлөрүндө туруктуу каржылоо үчүн драйверлерди түзүү боюнча саясатты жана аралаш демилгелерди иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.
"Жашыл" каржылоону алга жылдыруу маселелеринде айкын прогресс бар экенине карабастан, финансылык сектордо кредиттөөнүн "жашыл" инструменттерин жана практикаларын киргизүү азырынча баштапкы этапта турат. Ошол эле убакта ушул Программанын артыкчылыктуу багыттарында коюлган максаттарга жетишүү финансылык ресурстарды талап кылат.
Финансылык сектордо кредиттөөнүн "жашыл" инструменттерин жана практикаларын ийгиликтүү киргизүү "жашыл" каржылоонун улуттук системасын түзүү үчүн аянтча болуп калат.
Милдеттер. Глобалдык кызматташтыктын, финансылык жана "жашыл" маселелерди бириктирүүнүн башкы идеясы азыркы дүйнөлүк финансылык рыноктордун инструментарийи менен жана "жашылдандыруу" аркылуу глобалдык жана улуттук жаратылыштык-климаттык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жол-жоболорун байланыштырууда турат. Банктык жана микрофинансылык секторго туруктуу ("жашыл") каржылоонун принциптерин киргизүү боюнча максатка жетишүү төмөнкүдөй милдеттерди чечүү аркылуу жүзөгө ашырылат: 1) банктык сектордун "жашыл" каржылоо принциптерин киргизүү боюнча потенциалдуу суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн айкындоо; 2) банктык жана микрофинансылык секторлорду Даярдык стандартына (PS Standards IFC) ылайык келтирүү; 3) "жашыл" экономика боюнча ишти баалоо, байкоо, контролдоо жана коштоо системасын киргизүү; 4) банктык системанын жана микрофинансылык уюмдардын персоналын жана кардарларын окутуу; 5) банктык жана микрофинансылык секторлорго туруктуу каржылоону практика жүзүндө киргизүү; 6) "жашыл" каржылоонун потенциалдуу механизмдерин иликтөө.
1) Банктык сектордун "жашыл" каржылоо принциптерин киргизүү боюнча потенциалдуу суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн айкындоо.
Бул милдетти чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишкердиктин жана кредиттик продуктулардын "жашыл" экономика принциптерине туура келген түрлөрүн ачыктоого багытталган чаралар көрүлөт. "Жашыл" экономика боюнча колдонуудагы көрсөтүлүп жаткан кызматтарга талдоо жүргүзүлөт жана жаңы продукттарды түзүү боюнча сунуштар даярдалат;
2) Банктык жана микрофинансылык секторлорду Даярдык стандартына (PS Standards IFC) даярдоо.
Банктык жана микрофинансылык секторлордун бириккен күч-аракеттери каржылоонун стратегиялык секторлорун аныктоого, ошондой эле сектордук программаларды иштеп чыгууга багытталат. Коммерциялык банктардын "жашыл" экономикага тиешеси бар продукттар боюнча ички жол-жоболорун иштеп чыгуу жана бекитүү пландалууда. Коммерциялык банктардын түзүмдүк бөлүктөрүнө "жашыл" экономика боюнча ишти каржылоо жана тобокелдиктер менеджменти боюнча функциялар киргизилет;
3) "Жашыл" экономика боюнча баалоо, байкоо, контролдоо жана коштоо системасын киргизүү.
Бул милдетти чечүү үчүн "жашыл" экономика боюнча ишти каржылоону байкоонун, контролдоонун жана баалоонун формаларын иштеп чыгуу сунушталат. Мындан тышкары, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун индикаторлорун коммерциялык банктардын ар бир продуктусу үчүн "жашыл" экономиканын алгылыктуу индикаторлорун тандап алууга ыңгайлаштыруу пландалууда. Ошондой эле "жашыл" экономика боюнча ишти туруктуу каржылоо боюнча ченемдерди киргизүү үчүн тийиштүү талдоо жүргүзүлөт жана ченемдик уктук актылар иштелип чыгат;
4) Банктык системанын жана микрофинансылык уюмдардын персоналын жана кардарларын окутуу.
Бул милдет коммерциялык банктардын каражаттарды "жашыл" экономиканын продукттарына мобилизациялоого даярдыгын, кызматкерлердин "жашыл" экономика боюнча ишти эсепке алууга, баалоого, контролдоого жана байкоого жарамдуулугун баалоо аркылуу чечилет. "Жашыл" каржылоо маселелериндеги сабаттуулугун жогорулатуу боюнча банктык сектордун персоналын окутуу жана кардарлары үчүн тренингдер өткөрүлөт;
5) Туруктуу каржылоону банктык жана микрофинансылык секторлорго практика жүзүндө киргизүү.
Бул милдеттин алкагында "жашыл" экономика принциптерин киргизүү боюнча Жол картасы иштелип чыгат жана "жашыл" каржылоонун сынамык долбоорлорун кредиттөө уюштурулат. Ошондой эле "жашыл" каржылоону киргизүү практикасынын башталышына сереп даярдалат, анда глобалдык климаттык фонддордун, эл аралык уюмдардын, кызыкдар тараптардын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн мониторинг камтылат. Мындан тышкары "жашыл" каржылоонун биргелешкен банктык жана микрофинансылык фондун түзүү пландалууда, анын ийгиликтүү иштеши үчүн биргелешкен каражаттарды чегерүүнүн жана пайдалануунун механизми иштелип чыгат;
6) "Жашыл" каржылоонун потенциалдуу механизмдерин иликтөө.
Бул милдетти чечүү үчүн капитал, квазиакционер, облигациялар жана туруктуу каржылоонун негизинде күрөөсүз каржылоо сыяктуу алгылыктуу финансылык инструменттердин потенциалын иликтөө сунушталат. Ошондой эле "жашыл" облигациялар жана камсыздандыруу, мобилдик жана онлайн микрокаржылоо, экологиялык таза кредит жана "жашыл" маркетинг түрүндөгү жаңы инструменттер иштелип чыгат.
Мындан тышкары мамлекеттик катышуунун мүмкүндүктөрүн изилдөө, ошондой эле инвестициялык фонддорду түзүү үчүн ченемдик укуктук базага талдоо жүргүзүү пландалууда. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү жана продуктулар (мисалы, айыл чарба үчүн индекстердин негизинде камсыздандыруу) изилденет, ошондой эле, "жашыл" экономика боюнча ишти каржылоодо банктык секторду жана микрофинансылык уюмдарды көзөмөлдөө, финансылык рынокту реформалоо саясаты иликтенет.
Күтүлүүчү натыйжалар
- финансылык сектордун "жашыл" экономика принциптерине ылайык келиши;
- "жашыл" экономика боюнча ишти туруктуу каржылоонун жолго коюлган механизми, ал Кыргыз Республикасынын экономикасынын бардык чөйрөлөрүндө мультипликативдик натыйжаны камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары "жашыл" каржылоо боюнча милдеттенмелерди ишке ашырууга Глобалдык климаттык фонддордон "жашыл" инвестицияларды тартууга мүмкүндүк алат.
2. Фискалдык дем берүү
Максаты. "Жашыл" дем берүүлөрдү фискалдык инструменттер аркылуу киргизүү.
Учурдагы жагдайды талдоо. "Жашыл" фискалдык инструменттер фискалдык саясаттын жана экологиялык саясаттын кесилишинде иштейт, алар салык салуу жана баа түзүү инструменттерин бириктирет, экологиялык максаттарга жетишилген шартта кирешелерди көбөйтөт.
Экологиялык максаттарда колдонулуучу фискалдык инструменттер баалык сигналдарга жана рыноктук түрткүлөргө экономикалык жактан натыйжалуу таасир кылат жана керектөөчүлөрдү, өндүрүүчүлөрдү жана инвесторлорду бир кыйла туруктуу варианттарга багыттайт.
Туура тандалган жана ишке ашырылган фискалдык инструменттер социалдык, экологиялык жана финансылык жактан туруктуу натыйжаларга алып келет.
Дүйнөгө кеңири таралган жана натыйжалуу "жашыл" фискалдык инструменттер болуп "жашыл" салыктар (отунга жана көмүртекке салыктар), экологиялык төлөмдөр, "жашыл" өндүрүштөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн салыктык жеңилдиктер жана мамлекеттик субсидиялар эсептелет.
Фискалдык саясат туруктуу өнүгүүнүн айрым максаттарына жетишүүгө тикелей таасирин тийгизет, ал максаттар: 11-максат - "Шаарлардын жана калктуу конуштардын ачыктыгын, коопсуздугун, жашоого бекемдигин жана экологиялык туруктуулугун камсыздоо"; 12-максат - "Керектөөнүн жана өндүрүүнүн сарамжалдуу моделдерине өтүүнү камсыздоо"; 15-максат - "Кургактагы экосистемаларды коргоо жана калыбына келтирүү жана аларды сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшүү, токойду сарамжалдуу пайдалануу, чөлгө айлануу менен күрөшүү, жерлердин бузулуу процессин токтотуу жана артка буруу жана биологиялык түрдүүлүктү жоготуу процессин токтотуу".
"Жашыл" фискалдык саясат бул максаттарга жетишүүгө жемиштүү таасир көрсөтөт, ал эми учурдагы саясат олуттуу түрдө буга тоскоолдук кылууда.
Кыргыз Республикасында "жашыл" өсүштүн индикаторлорун мониторингдөөнүн жана баалоонун улуттук индикаторлору иштелип чыккан, алар Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун сунуштамаларын эске алуу менен төмөнкүдөй маанилүү беш блокко топтоштурулган: көмүртектин жана энергетиканын өндүрүмдүүлүгү, жаратылыштык активдер, жашоонун экологиялык сапаты, экономикалык мүмкүндүктөр жана чара көрүү саясаты, социалдык-экономикалык контекст жана өсүштүн мүнөздөмөсү. Бул көрсөткүчтөр 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган туруктуу өнүктүрүү моделине өтүүнүн концептуалдык идеясына ылайык түзүлгөн.
Жаратылышты пайдалануунун салыктык жана тарифтик механизмдеринин принциптери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясында каралган. Бул идея 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган, анда "жашыл" экономикага салыктык дем берүү боюнча багыттар катары белгиленген. Кыргыз Республикасынын 2015-2020-жылдарга фискалдык саясатынын концепциясында жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында экологиялык технологияларды, жабдууларды жана продукттарды алга жылдыруу жана пайдалануу үчүн стимул түзүү каралган, "жашыл" экономиканын өнүгүшүнө түрткү берүүчү инструменттерди жана механизмдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Азыркы убакта Кыргыз Республикасында "жашыл" фискалдык инструменттердин айрым элементтери бар, алар - электр кыймылдаткычы, гибриддик кыймылдаткычы бар автомобилдерди алып келүүгө жеңилдетилген бажы тарифтери, атмосфералык абаны, сууну, кыртышты булгагандыгы үчүн төлөмдөр жана айып пулдар, алар өздөрүнүн негизги багытын - чарбакер субъекттердин айлана- чөйрөнү булгоосун башкарууну жетиштүү өлчөмдө аткара албай жатат. Мындан тышкары экологиялык төлөмдөрдөн келип түшкөн каражаттар келтирилген зыяндын ордун толтурууга жумшалбайт, алар борбордук бюджетке келип түшөт жана жалпы тартипте чыгымдалат.
Кыргыз Республикасында "күрөң" фискалдык инструменттер пайдаланылат, алар айлана - чөйрө үчүн "зыяндуу", мамлекеттик бюджеттен берилүүчү субсидиялар. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун аныктамасы боюнча субсидиялар - өкмөттүн керектөөчүлөргө же өндүрүүчүлөргө артыкчылыктарды берүүчү, алардын кирешелерин кармап турууга же алардын сарптоолорун азайтууга мүмкүндүк берүүчү аракеттеринин натыйжасы. Эгерде мындай аракеттер айлана - чөйрөгө зыян келтирсе, бул аракеттерге байланышкан субсидиялар "зыяндуу" катары аныкталат.
Кыргыз Республикасында негизги "зыяндуу" субсидиялар төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат:
- инфратүзүмдүк (жолдорду, ирригациялык объекттерди куруу) долбоорлорду каржылоо, анын ичинде өнүктүрүү боюнча расмий өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен;
- экосистемалардын баалуулугун эсепке албастан айыл чарбасын интенсивдүү өнүктүрүүнү каржылоо, анын ичинде өнүктүрүү боюнча расмий өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен;
- тарифтерди (энергетика, турак жай-коммуналдык чарба жана айыл чарбасы) жөнгө салуу;
- агроөнөр жай секторундагы салыктык жеңилдиктер.
"Зыяндуу" субсидиялардын алгачкы эки түрүн жоюу кыйын, анткени алардын коомго берүүчү пайдасы чоң. Аларга карата айлана - чөйрөгө таасир этүүнү баалоо механизмдерин колдонуу жана айлана - чөйрөгө жана экосистемаларга келүүчү зыянды минималдаштырууга жетишүү зарыл.
"Зыяндуу" субсидиялардын акыркы эки түрүн реформалоо зарыл. Мисалы, жылуулук энергиясын берүү секторундагы тарифтик жөнгө салуу республикалык бюджеттен орчундуу субсидияларды берүүгө алып келди - калкка жылуулук энергиясын иштеп чыгууга отун даярдоо үчүн "Кыргызжылуулукэнергия" мамлекеттик ишканасы тикелей каржыланды. Ошентип, атмосфералык абаны булгоочулар колдоого алынып жатат. Экономиканын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына карабастан, энергетикалык ресурстарды натыйжасыз (үнөмдүү эмес) пайдаланууга дем берилүүдө. Ошол эле убакта бул субсидиянын социалдык жүгү анча чоң эмес: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасында кедейликтин деңгээли 25,6%ды түздү, ал эми шаар калкындагы кедейликтин деңгээли эреже катары мындан төмөн. Демек, "Кыргызжылуулукэнергия" мамлекеттик ишканасынын от казандарынын абоненттеринин ашып кетсе төрттөн бири үчүн гана бул субсидия зарыл болуп саналат.
Айлана- чөйрө жана экосистемалар үчүн зыяндуу тарифтик жөнгө салуу электр энергиясына жана айыл чарбадагы ирригациялык сууга карата да колдонулат.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө берилген салыктык жеңилдиктер да көңүл коюп, иликтөөнү талап кылат, анткени колдонулган технологияларга карабастан бардыгына берилет. Ошондуктан бул жеңилдиктер учурдагы түрүндө "жашыл" экономика принциптерине кызмат кыла албайт.
Албетте, "жашыл" экономика принциптерине өтүү калктын ар кандай катмарларынын: бизнестин, шаар тургундарынын, фермерлердин кызыкчылыктарын козгойт. Бирок, "жашыл" фискалдык инструменттерди киргизбей туруп, "жашыл" экономиканын калган багыттары боюнча өнүгүү мүмкүн эмес.
Эгерде азыркы тенденциялар сакталып турса, "жашыл" фискалдык инструменттер болбосо, фискалдык саясатты экологиялаштырбаса, келечекте республика жаратылыш ресурстарын, калдыктарды жана айлана - чөйрөнүн булганышын башкаруу жагында кырдаалды толук өлчөмдө жакшырта албайт.
"Жашыл" технологияларга өтүү жагында жеңилдиктердин жана түрткү берүүлөрдүн болбогондугу республиканын дүйнөлүк экономикадан артта калышына алып келет жана ата мекендик өндүрүштү дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жарамсыз кылат, мында "жашыл" продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алга жылдыруу тенденциясы ачык байкалып турат. Кыргыз Республикасы экологиялык реформалар боюнча өнүккөн өлкөлөрдөн 10-20 жылга артта калууда.
Фискалдык саясатты экологиялаштыруу жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү үчүн пайдубал түптөө; "жашыл" фискалдык саясаттын принциптерин стратегиялык документтерге жана тийиштүү ченемдик укуктук актыларга киргизүү зарыл. Ошондой эле бул инструментти колдонуу үчүн артыкчылыктуу секторлорду аныктоо зарыл. Өлкөдө фискалдык саясатты экологиялаштыруу деңгээлин аныктоо үчүн көрсөткүчтөрдүн минималдык түрдө белгиленишине жетишүү жана фискалдык саясаттын "жашыл" өсүшкө мүмкүндүк берүүчү бир кыйла натыйжалуу инструменттерин бөлүү зарыл.
Мындан тышкары потенциалдуу "жашыл" салыктык реформалардын таасирин талдоо үчүн статистикалык маалыматтар эле жетишсиз, мында айлана - чөйрөнүн абалын (атмосфералык абанын, суу, жер ресурстарынын сапаты) мониторингдөөнүн айкын системасы жана жаратылыш ресурстарын эсепке алуу, чарбалык иштин алардын абалына таасир этүүсүнүн даражасын баалоону камсыздоочу экономикалык көрсөткүчтөр зарыл.
"Жашыл" технологияларга өтүүнүн алгачкы этаптары салыштырмалуу жогору чыгымдарга байланышкандыгын эсепке алганда, тийиштүү ченемдик укуктук база болбой туруп, "жашыл" экономикага өтүү боюнча экономикалык жана фискалдык түрткү берүүлөрдү жана жөнгө салууларды киргизүүгө мүмкүн эмес.
Милдеттер. Кыргыз Республикасы тандай турган фискалдык инструменттер конкреттүү улуттук өзгөчөлүктөргө ыңгайлаштырылышы керек. Алар конкреттүү көйгөйлөрдү, тарыхты, саясий контекстти, экологиялык чакырыктарды жана республикадагы фискалдык чөйрөнү эсепке алуу менен иштелип чыгышы керек. "Жашыл" фискалдык инструменттерди киргизүүнүн алкагында төмөнкүдөй милдеттерди чечүү болжолдонууда: 1) "жашыл" салыктарды киргизүү; 2) экологиялык төлөмдөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу; 3) айлана-чөйрө үчүн зыяндуу субсидияларды реформалоо; 4) мамлекеттик "жашыл" субсидияларды киргизүү.
1) "Жашыл" салыктарды киргизүү.
Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык салыктык түрткү берүүлөр тез натыйжа берет жана жеңил башкарылат. "Жашыл" финансылык механизмдер мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин өсүшү үчүн потенциалга ээ. "Жашыл" салыктык реформа алынган кирешени салыктык жүктү теңдештирүү үчүн, экологиялык жана экономикалык пайда көрүүлөрдү топтоо үчүн пайдаланууну эске алуу менен экономикалык ишке түрткү бере алат. Мында финансылык инструментти иштеп чыгуу жана колдонуу коюлган максатка жараша айырмаланышы мүмкүн.
"Жашыл" салыктар жана жыйымдар экологиялык зыяндуу болуп саналган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык сарптоолорду көбөйтүү жолу менен "жашыл" экономиканы колдоого багытталган. Алар адамдардын экологиялык таза продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тандашына түрткү берет.
Өлкөдөгү экологиялык кырдаалды контролдоо үчүн төмөнкүдөй үч экологиялык салыкты киргизүү сунушталат:
а) биринчи кезекте бензинде жана дизелде иштеген автомобилдерге CO2 бөлүп чыгаргандыгы үчүн салык жана булгоочу заттарды абага чыгаргандыгы үчүн салык. Башка шаарларга салыштырганда Бишкек жана Ош шаарларында транспорт секторундагы жагдай абдан курч бойдон калды. Борбор шаарда жылына 240 миң тонна булгоочу заттар абага бөлүнүп чыгат, анын ичинен 180 миң тоннаны транспорттук каражаттар бөлүп чыгарат.
Бул салыктарды киргизүү электромобиль сатып алууну же болбосо газмотордук отунду пайдалануу үчүн жабдууну орнотууну каалаган автомобиль айдоочуларга субсидия бөлүп берүү үчүн каражаттарды топтоого мүмкүндүк берет. CO2бөлүп чыгарууга салык кыйыр болуп саналат жана куюла турган отундун өлчөмүнө жараша болот, ал эми булгоочу заттарды абага чыгаргандыгы үчүн салыктын өлчөмү автомобилдин чыккан жылына жана анын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болот. Субсидияларды берүүнүн тартиби жана аны алуу кезеги ачык-айкын болот. Мында милдеттүү техникалык кароо кайра киргизилет;
б) полиэтилендин жарым-жартылай бузулуу мезгилин тездетүүчү биокошумчалары болбогон полиэтилен пакеттерге салык. Полиэтилен пакеттерге байланышкан көйгөйдү мындан мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги көтөргөн. Кыргыз Республикасына айына 250 тонна же жылына 3000 тонна пакет импорттолот (негизинен Кытайдан). Чекене соодада пайдаланылуучу бир жолку полиэтилен пакеттерге салыкты өндүрүүчүдөн алууга же болбосо соода жайларын бир жолку пакеттерди пайдаланууну чектөөгө жана/же кардарлардан ар бир пакет үчүн төлөм алууга милдеттендирүүгө болот;
в) экологиялык зыяндуу товарларды өлкөгө алып келүүнү чектөө максатында пластик идиш, устара, айыл чарба химикаттары, пестицид дагы ушул сыяктуу бир жолку пластикалык товарларга салыктын ставкасын жогорулатуу керек;
2) Экологиялык төлөмдөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
Өлкөдө экологиялык залалдын өлчөмүн аныктоого карата ченемдик мамиле жасоо колдонулат, тактап айтканда залал болуп эсептелүүчү белгилүү бир маанини эсептеп чыгаруу үчүн айлана - чөйрөнү калыбына келтирүүгө жумшала турган факт жүзүндөгү сарптоолордун чен бирдиги катары ырасталган баа параметрлери колдонулат, мында залалды эсептөө жөнөкөйлөнөт жана маалыматтарды жана экономикалык баалоолорду жыйноо жана көз карандысыз эксперттердин негиздемелерин алуу каражат сарпталбастан жүзөгө ашырылат. Бирок практика көрсөткөндөй, мындай көрсөткүчтөрдү колдонуу залалды орчундуу азайтып көрсөтүүгө алып келет.
Бул милдетти чечүү үчүн пландалган залалды аныктоонун туруктуу өнүгүүнүн жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн максаттарына мыкты ылайык келген принциптерин жана методикаларын киргизүү мүмкүндүгүн баалоо үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат.
Экологиялык залалды аныктоонун жаңы принциптерин жана методикаларын киргизүүнүн биринчи этабында бизнес бир кыйла көп чыгымдарды тартат. Бирок компенсациянын негизги максаты айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүү болгондуктан, келечекте жеке сектордун чыгымдарын оптималдаштыруу күтүлөт.
Башка зарыл чаралар: айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу; башкарууну өркүндөтүү; төлөмдөрдүн администраторлорунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу; лабораторияларды өнүктүрүү; уруксат берүүчү, контролдоочу органдардын штаттык санын көбөйтүү;
3) Айлана - чөйрө үчүн зыяндуу субсидияларды реформалоо Кыргыз Республикасында айлана-чөйрө жана экосистемалар үчүн потенциалдуу зыяндуу 30га жакын субсидиялар аныкталган. Бул субсидиялар биринчиден, рыноктордо теңдемсиздикти түзөт, экинчиден көптөгөн учурларда мамлекеттик бюджет үчүн жүк болуу менен, өзүнүн негизги функциясын - калктын социалдык аялуу катмарларына жардам берүү милдетин аткарбай калды.
Потенциалдуу өтө зыяндуу субсидиялар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- "Кыргызжылуулук энергия" мамлекеттик ишканасынын от казандарына отун даярдоону (негизинен көмүр жана мазут) жылына 1,2 млрд. сом суммасында тикелей каржылоо жана ушул от казандар берүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди өздүк наркынан бир кыйла төмөн өлчөмдө белгилөө;
- электр энергиясына тарифти өздүк наркынан бир кыйла төмөн белгилөө;
- ирригациялык сууну берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн өздүк наркынан бир кыйла төмөн жана ирригациялык түйүндөрдү өнүктүрүүнү эсепке албастан белгилөө.
Бул милдет зыяндуу субсидияларды каржылоого мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү суммаларды минималдаштыруу үчүн мамлекеттик саясат тарабынан айлана - чөйрөгө тийгизген тескери таасирин кыскартуу менен зыяндуу субсидияларды трансформациялоого багытталган.
Субсидияларды реформалоо үчүн төмөнкүдөй жумуштарды аткаруу зарыл:
- субсидияларды алуучулардын максаттуу тобун аныктоо, бул баарынан мурда кедейчилик чегинен төмөн жашаган, калктын социалдык аярлуу катмарлары;
- тарифтерге байланышкан субсидиялар үчүн - тарифтин өлчөмүн аныктоонун жаңы механизмин киргизүү;
- мындай субсидияларга чындыгында эле муктаж болгон адамдарга жана үй чарбаларына социалдык жардам берүүнүн механизмдерин киргизүү;
- бошотулган каражаттарды тийиштүү секторлордогу технологиялык процесстерди "жашыл" стандарттарга жакындатууга пайдалануу механизмин киргизүү;
- тийиштүү коммуникациялык чөйрөнү түзүү.
Бул милдетти ишке ашыруу үчүн баарынан мурда адам ресурстары зарыл. Биринчиден, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тийиштүү механизмдерди иштеп чыгуу үчүн квалификациялуу адистерди тартуу талап кылынат. Мындай иштер үчүн адистерди тартууда бул адистердин жумушун каржылоо үчүн донор уюмдардын долбоорлорунун жардамы зарыл.
Донорлук жардам коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларга да керектелиши мүмкүн.
Финансылык чечимди ишке ашыруунун натыйжасында мамлекеттик бюджеттен алдын ала эсептөөлөр боюнча 4 миллиард сомго чейинки каражат бошотулат;
4) мамлекеттик "жашыл" субсидияларды киргизүү.
Биотүрдүүлүккө зыяндуу субсидияларды реформалоо каражаттардын орчундуу бөлүгүн бошотот, алардын бир бөлүгүн жаратылышты коргоо жана биотүрдүүлүктү колдоо боюнча иш- чараларды каржылоо үчүн пайдаланууга болот.
Жакын арадагы үч жылда субсидиялар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- отундун бир кыйла экологиялык түрлөрүн пайдалануу жана алардын пайдалуу аракет коэффициентин (ПАК) жогорулатуу үчүн от казандарды кайра жабдууга;
- турак-жайды жылуулоо үчүн гранттарды жана жеңилдетилген кредиттерди берүүгө. Бул механизм да кайра жаралуучу ("револьвердик") болушу мүмкүн;
- органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө, анын ичинде сууга карата үнөмдүү жана кыртышка карата сактоочу сугаруу ыкмаларын өнүктүрүүгө.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- "жашыл" технологияларды өнүктүрүү үчүн "жашыл" дем берүүлөрдүн (фискалдык инструменттердин) киргизилиши;
- жаңыдан киргизилген салыктан келип түшүүлөрдүн өсүшү;
- отунду үнөмдөөнүн жана транспорт жана орун-жайларды жылытуу үчүн отундун бир кыйла таза түрлөрүн пайдалануунун натыйжасында айлана - чөйрөгө зыяндуу таасирдин азайышы;
- атайын фонддорго жана мамлекеттик бюджетке келип түшүүлөрдүн өсүшү;
- максаттардын жана милдеттердин көз карашынан алганда
экологиялык төлөмдөрдү башкаруунун жакшырышы.
3. Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар
Өнүгүүнүн "жашыл" жолуна өтүү боюнча стратегияны ишке ашыруунун башкы жана таасирдүү механизмдеринин бири болуп туруктуу мамлекеттик сатып алуулар саналат. Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болууга жарамдуу. Бул факт эл аралык коомчулукта жалпы кабыл алынган, аны БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын биринде бекемделгендиги ырастайт.
Максаты. Туруктуу мамлекеттик сатып алуулардын үлүшүн 2023-жылга карата 30%га чейин, 2040-жылга карата 50%га чейин жеткирүү.
Учурдагы жагдайды талдоо. Туруктуу өнүгүүнүн 12-максаттарынын 12.7-милдетинде "улуттук саясатка жана артыкчылыктарга ылайык мамлекеттик сатып алуулар практикасына" дем берүүнүн зарылдыгы каралган.
Туруктуу сатып алуулар туруктуу өнүгүүнүн негизги үч принциптеринин: экономиканын, коомдун жана айлана-чөйрөнүн ортосундагы алгылыктуу теңдемге жетүүгө мүмкүндүк берет.
Экономикалык факторлор товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жумшалуучу чыгымдарды камтыйт, мында сатып алуу, колдоо, пайдалануу жана пайдалануу мөөнөтүнүн акырындагы чыгымдар (калдыктарды утилдештирүүнү кошуп алганда) сыяктуу алардын бүткүл колдонуу цикли ак ниеттүү финансылык менеджментке ылайык эсепке алынат.
Социалдык факторлор өзүндө социалдык адилеттүүлүктү жана теңчиликти, коопсуздукту жана коргоону, адам укуктарын жана жалдоо шарттарын камтыйт.
Экологиялык фактор абага, кыртышка жана сууга булгоочу заттарды бөлүп чыгарууларды, климаттын өзгөрүшүн, биотүрдүүлүктү, жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана продукцияны колдонуунун толук циклинин ичинде суу ресурстарын кыскартууну камтыйт.
Туруктуу сатып алуулар жагындагы алдыңкы мамлекеттерде кабыл алынган туруктуу сатып алуулар концепциясынын алкагында активдүү илгерилеп жаткан товарлардын типтеринин ичинен төмөндөгүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот: натыйжалуу компьютердик техниканы, экологиялык материалдардан жасалган кеңсе эмерегин, кайра иштетилүүчү чийки заттан жасалган кагазды, электр кыймылдаткычтуу автомобилдерди, экологиялык жактан жагымдуу коомдук транспортту, ошондой эле кайра жаралуучу булактардан алынган электр энергиясын.
Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат жана иш-чаралар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө колдонулат. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун кеңешинин 2002-жылдагы сунуштамалары өкмөттү мындай максаттар үчүн тийиштүү саясий алкактарды түзүүгө жана колдоону камсыздоого чакырат.
Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар принциптерин киргизүүдө артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болгон төмөнкүдөй "жашыл" товарларды бөлүп көрсөтүүгө болот:
- энергия үнөмдөөчү компьютерлер;
- энергия үнөмдөөчү имараттарды куруу, жаңылоо;
- экологиялык коопсуз транспортту сатып алуу;
- экинчи жолу кайра иштетиле турган кагазды же кайра иштетилген кагазды сатып алуу;
- билим берүү жана дарылоо-саламаттык сактоо уюмдары үчүн табигый, органикалык азыктарды сатып алуу;
- электромобилдерди, электр менен жүрүүчү шаардык транспортту сатып алуу;
- экологиялык коопсуз материалдардан жасалган мебелди сатып алуу;
- электр энергиясын керектөө үчүн кайра жаралуучу электр жабдууларын сатып алуу жана орнотуу;
- заманбап экологиялык стандарттарды канааттандыруучу кондиционерлерди сатып алуу.
Кыргыз Республикасында туруктуу мамлекеттик сатып алууларга өтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним. Биримдик. Жаратмандык" программасында артыкчылыктуу мааниге ээ. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген "Кыргызстан - "жашыл" экономика өлкөсү" концепциясында да "жашыл" сатып алууларга өтүү милдети коюлган.
Ошону менен бирге мамлекеттик сатып алуулар туруктуу мамлекеттик сатып алуулардын экономикалык, социалдык жана экологиялык факторлору сыяктуу негизги принциптерине ылайык келбейт. Мында мамлекет товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эң ири сатып алуучу (ИДП 15-25%) болуп саналат, ошондуктан өзүнүн сатып алуу жөндөмдүүлүгүн пайдалануу менен туруктуу мамлекеттик сатып алууларды жана туруктуу сооданы киргизүү аркылуу туруктуу керектөөнү жана өндүрүштү өбөлгөлөй алат.
Атмосфералык абанын булгануусу сыяктуу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрө көйгөйлөрү, атап айтканда концентрациялардын жол берилген чегинин ашып кетүүсү социалдык көйгөйлөргө, анын ичинде адамдардын ден соолугунун начарлоосу сыяктуу көйгөйлөргө алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык дүйнөнүн саламаттыгы эң чың өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз Республикасы мүмкүн болгон 145 орундун ичинен 101-позицияны ээлейт.
Кыргыз Республикасында 2017-жылы мамлекеттик уюмдар 70 миллиарддан ашык сомго товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча конкурстарды өткөрүшкөн. Катталган товарларды жана кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн жалпы саны 13922 бирдикти, анын ичинде чет өлкөлүк берүүчүлөрдүн саны 1377 бирдикти түзөт. Сатып алуучу уюмдардын саны 3132 бирдикти түзөт. Мында бардык сатып алуулардын 70%га жакыны кеңселик жана башка жабдуулар, эмеректер, дары-дармектер жана башка чет өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга туура келет. Ошону менен бирге мамлекеттик сатып алуулардын иштеп жаткан системасында сатып алууларды туруктуулук көрсөткүчтөрү боюнча эсепке алуу жүзөгө ашырылбайт.
Кыргыз Республикасынын өндүрүшүндө эл аралык экологиялык сертификациялоону колдонгон уюмдар иштейт жана алардын тажрыйбасы айлана - чөйрөнү жана социалдык адилеттүүлүктү сактоого багытталган, атап айтканда төмөнкүдөй стандарттар боюнча сертификациялоону киргизүүнүн пайдалуулугун көрсөтүүдө:
- ISO 14000 экологиялык башкаруу системасы (environmen-talmanagement system) боюнча стандарт;
- ISO 51000 энергия-менеджмент боюнча стандарт;
- Fair Trade адилеттүү соода стандарты;
- FSC токой сертификациясы;
- bio kg органикалык айыл чарба продукциясы стандарты;
- Кыргыз Республикасындагы "адал" ("халал") улуттук стандарты;
- СБТ баалоо системасы жана конок үйлөр сертификациясы;
- "жашыл кеңсе" жана башка ыктыярдуу экологиялык сертификациялоо системасы.
Мамлекеттик сатып алуулардын системасы туруктуу мамлекеттик сатып алууларды киргизүү үчүн олуттуу реформаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Туруктуу сатып алуулардын ченемдик укуктук базасы, тандоо стандарттары жана критерийлери, туруктуу сатып алууларды пландоо жана болжолдоо системасы, өбөлгөлөө механизмдери, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү окутуу программасы жалпысынан туруктуу мамлекеттик сатып алуулардын негизги принциптерине ылайык келбейт.
Мамлекеттик туруктуу сатып алууларга өтүү боюнча реформаларды ишке ашыруудагы артыкчылыктуу багыттар.
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу боюнча "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштеп жатат. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2017-жылдын 11-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамында туруктуу мамлекеттик сатып алуулардын принциптерин киргизүү үчүн ченемдик укуктук база бар. Ошону менен бирге учурда иштеп жаткан ченемдик, ошондой эле келишимдик-укуктук база туруктуу мамлекеттик сатып алуулардын критерийлерин киргизүү боюнча мамлекеттин чыгымдарын толук өлчөмдө жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бербейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында товарларды жана кызматтарды көрсөтүүчүлөрдү баалоо боюнча, анын ичинде алардын туруктуулук критерийлери боюнча сатып алууларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк түзүүчү кыйла пайдалуу сунуштарды эске алуу менен узак мөөнөттүү мезгилге келишимдерди түзүү үчүн критерийлер жок.
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө эл аралык стандарттар боюнча талаптарды белгилөөчү ченемдерди киргизүү зарыл. ВСП+ пайдалануу менен Европа бирлигинин рыногуна кирүүнүн критерийлери боюнча талаптарды аткаруу, ЕАЭБдин алкагында сертификациялоо боюнча милдеттенмелер ата мекендик өндүрүштүн туруктуу принциптерге өтүүсүн өбөлгөлөөгө мүмкүнчүлүк түзүүсү ыктымал.
Кыргыз Республикасынын БСУнун мамлекеттик сатып алуулар боюнча макулдашууга кошулуусу ошондой эле улуттук мыйзамдарды туруктуу сатып алуулардын эл аралык принциптерине жана эрежелерине шайкеш келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн чет өлкөлөрдө мамлекеттик сатып алуулар рыногун ачат.
Экологиялык сертификациялоо Кыргыз Республикасында кеңири таралган процесс болуп саналбайт. ISO 20400, Туруктуу сатып алуулар колдонмосу биринчи эл аралык стандарт болуп саналат жана анын негизги максаты уюмдарга туруктуу сатып алууларды жасоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбаны жана саясатты иштеп чыгууга, киргизүүгө көмөк көрсөтүүдө турат. Стандарт жеткирип берүүчүлөрдүн продукциясынын айлана - чөйрөгө таасир этүү көз карашынан алганда кыйла оптималдуулугун жана пайдалуулугун аныктоодо туруктуу мамлекеттик сатып алуулар үчүн маанилүү инструмент болуп саналат. Стандарттар боюнча критерийлер товарларды сатып алууда жана декларацияланган экологиялык билдирмелердин өзүн текшерүүдө сүйлөшүлгөн шарттарды жана сыпатталган жалпы методологияны баалоо үчүн маанилүү.
Социалдык өңүттөн алганда туруктуу мамлекеттик сатып алууларга өтүү боюнча критерийлерди киргизүү зарыл, алар белгиленген эл аралык эмгек стандарттары боюнча (Эл аралык эмгек уюму, Fair Trade ж.б.) өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү баалоого мүмкүндүк берүүгө тийиш.
Туруктуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөрдү, жеткирип берүүчүлөрдү өбөлгөлөө механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле кайра пайдаланылуучу чийки заттарды колдонуу менен өндүрүлгөн товардын конкурстук документтеринде колдоо жана жеңилдиктер механизмдерин киргизүү зарыл. Экономиканын артыкчылыктуу секторлорунун экологиялык продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн финансылык преференциялар жана кредиттик жеңилдиктер механизмин өнүктүрүү маанилүү.
Учурда мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерди жана жеткирип берүүчүлөрдү окутууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Окуу борбору жүргүзүүдө. Жалпысынан бүткүл өлкө боюнча жеткирип берүүчүлөрдү жана сатып алуучу уюмдарды окутуунун учурдагы системасы туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистештирилген программаларды карабайт. Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча жогорку окуу жайларда окутуу программаларын иштеп чыгуу абдан маанилүү.
Үзгүлтүксүз окутуу программаларын киргизүү, анын ичинде окуу керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн окутуу стратегиясын иштеп чыгуу маанилүүдөй туюлат. Окутуу үчүн акы төлөө туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерди даярдоо үчүн кечеңдетүүчү фактор болуп саналат, ушуга байланыштуу жеңилдетилген шарттарда, анын ичинде кыргыз, орус жана англис тилдеринде онлайн курстарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун курстарын уюштуруу аркылуу окуу механизмдери каралышы керек.
Милдеттер. Туруктуу мамлекеттик сатып алуулардын үлүшүн 2023-жылга карата 30%га жеткирүү боюнча максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер чечилет: 1) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү; 2) экологиялык сертификатташтырууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү; 3) туруктуу мамлекеттик сатып алууларга өтүүдө сатып алуучу уюмдардын жана жеткирип берүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу.
1) Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү.
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, анын ичинде техникалык спецификациялар жана жеткирилүүчү товарларга, аткарылган жумуштарга жана көрсөтүлгөн кызматтарга экологиялык критерийлерди, продукциянын коопсуздугун жана сапатын ырастаган тиешелүү сертификаттар жөнүндө жобону, анын ичинде социалдык аспекттер боюнча талаптарды өркүндөтүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши ЕАЭБ жана БСУ менен көп тараптуу жана региондук кызматташтыктын алкагында туруктуу сатып алуулар жана соода саясатын ишке ашыруу маселелерин илгерилетүүгө багытталат. Туруктуу/"жашыл" товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоо боюнча сатып алуучу уюмдар үчүн баалоо критерийлери боюнча жоболор жана нускамалар иштелип чыгат;
2 ) Экологиялык сертификациялоону өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Экологиялык сертификациялоону өнүктүрүү туруктуу сатып алуулар боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Уюмдарга туруктуу сатып алууларды ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбаны жана саясатты иштеп чыгууга жана киргизүүгө көмөк көрсөтүлөт.
Ошондой эле белгиленген эмгек стандарттары (Эл аралык эмгек уюму, FairTrade ж.б.) боюнча өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү баалоого мүмкүндүк берүүчү критерийлерди киргизүү пландаштырылууда.
Жеткирип берүүчүлөр үчүн туруктуу мамлекеттик сатып алууларды өбөлгөлөө механизмдери, анын ичинде жеңилдетилген финансылоо булактарына жетүүнү камсыздоо менен иштелип чыгат;
3 ) Туруктуу мамлекеттик сатып алууларга өтүү үчүн жеткирип берүүчүлөрдүн жана сатып алуучу уюмдардын потенциалын жогорулатуу.
Жеткирип берүүчүлөрдүн жана сатып алуучу мамлекеттик уюмдардын потенциалын жогорулатуу жогорку окуу жайлары үчүн да, ошондой эле окуу борборлору үчүн дагы окуу программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Туруктуу/"жашыл" мамлекеттик сатып алуулар боюнча жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн адистештирилген курстар туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- 2023-жылга чейин 30%, ал эми 2040-жылга карата 50% туруктуу мамлекеттик сатып алууларга өтүү;
- преференциялардын жалпы схемасы (ПЖС) инструменттерин пайдалануу менен Европа бирлигинин өлкөлөрүнө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону эки эселентүү;
- глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктө Кыргыз Республикасынын рейтингин 50-орунга чейин көтөрүү;
- балдардын эмгегин пайдалануунун көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү;
- ИДП көлөмүндө экспорттун жыл сайын 10-12%дан кем эмес өсүүсү менен 2023-жылы экспорттун көлөмү 30%дан кем эмести түзөт;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун 2 эсеге көбөйтүү, анын ичинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сатып алууларга катышууларынын эсебинен (1544 млн. АКШ долларынан 3000 млн. АКШ долларына чейин);
- банк системасынын кредиттик портфелинен экспортту кредиттөөнү 5 эсеге, 2,9%дан 15%га чейин көбөйтүү, анын ичинде: сүт тармагын кошо алганда айыл чарба продукциясын даярдоону жана кайра иштетүүнү кредиттөөнү 20 эсеге, 271 млн. сомдон 5,4 млрд. сомго чейин; айыл чарбасын 3 эсеге, 24,6 млрд. сомдон 75 млрд. сомго чейин; тигүү жана текстиль тармагын 5 эсеге көбөйтүү;
- инструменттер жана критерийлер иштелип чыккан, анын ичинде туруктуу мамлекеттик сатып алууларды эсепке алуу үчүн;
- туруктуу критерийлер боюнча өнөр жайды кредиттөөнү 10 эсеге көбөйтүү (9 млрд. сомдон 90 млрд. сомго чейин);
- абанын булгануу көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү;
- эмгекчилердин укуктары глобалдык индексинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу;
- дем алуу жолдорунун ооруларын 3 эсеге кыскартуу.
4. Потенциалды жана маалымдуулукту жогорулатуу
Максаты. Калктын жана бизнес жамааттын жогору маалымдуулугунда өнүктүрүү программаларына "жашыл" экономика жана туруктуу өнүктүрүү принциптерин киргизүү үчүн 2023-жылга карата мамлекеттик кызматкерлердин билиминин жана потенциалынын деңгээлин жогорулатуу.
Учурдагы жагдайды талдоо. Адам потенциалын өнүктүрүү жана квалификациялуу кадрлардын болушу Кыргыз Республикасында "жашыл" экономикага өтүү жана туруктуу өнүгүү принциптерин киргизүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат. Калк арасындагы жогорку адамдык потенциал жана маалымдуулук өнүктүрүүнүн бардык тармактык жана улуттук программаларын турмушка ийгиликтүү ашырууга мүмкүндүк түзөт.
2018-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун окуу жана илимий-изилдөө институту (UNITAR) "Жашыл" экономиканын кызыкчылыгындагы иш- аракеттер үчүн өнөктөштүк" (PAGE) демилгесинин алкагында Борбордук Азиядагы Америка университетинин Айлана - чөйрө жана өнүгүү борбору (БААУ КӨБ) менен биргеликте төмөнкүдөй темада изилдөө жүргүзгөн: "Жашыл" экономика боюнча окутууда керектөөлөрдү баалоо: Кыргыз Республикасы" Изилдөөгө негизги министрликтер катышты жана натыйжалар бардык кызыкдар тараптарга берилген.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча стратегиялык улуттук жана тармактык программаларда адамдык потенциалды өнүктүрүү; тандалып алынган секторлордо мамлекеттик кызматчылардын билим деңгээли, ошондой эле "жашыл" экономика жаатындагы жогорку окуу жайлардын потенциалы жөнүндө тыянактар алынган.
Талдоого ылайык өнүктүрүүнүн стратегиялык улуттук документтери "жашыл" экономика принциптерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөтөт, ошондой болсо да, мамлекеттик кызматчылардын жана кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу жөнүндө бөлүмдөр жок. Мында тармактык министрликтер көптөгөн билдирилген иш- чараларды, анын ичинде билимдин жана кадрдык потенциалдын жетишсиздигинен улам киргизишпейт. Талдоо ошондой эле улуттук деңгээлдеги артыкчылыктардын жана тармактык программалардын ортосунда ажырым бар экенин көрсөткөн. Ошондой эле тармактык деңгээлде саясаттын турмушка ашырылбай жаткан фактысы жооптуу мамлекеттик кызматчылардын башка кызыкдар тараптар жана мамлекеттик ведомстволор менен стратегиялык пландаштырууда жана кызматташууда коммуникативдик көндүмдөрдүн жетишсиздигин кабарлап турат. Бул ошондой эле "жашыл" экономика жаатында институттук деңгээлде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизми азырынча жок экендигин билдирет.
Мамлекеттик кызматчыларды окутуу системасын талдоого ылайык министрликтерде жана ведомстволордо "жашыл" экономика жаатында окутууга карата системалуу мамиле жок жана суроо-талаптардын көпчүлүгү башкаруу жана тар багыттуу адистиктер боюнча базалык курстар менен гана чектелет. Министрликтердин кызматкерлери үчүн донордук уюмдар тарабынан өткөрүлүп жаткан окутуу бир кыйла ийкемдүү болуп чыкты жана ал "жашыл" экономика жаатындагы теренингдерди жана курстарды билдирет. Бирок бул окутуу чекиттик мүнөздү алып жүрөт. Сурамжылоолордун, интервьюлардын жана атайын талкуулоолордун жардамы менен жыйналган маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн бөлүмүндө "жашыл" экономиканы жана туруктуу өнүгүүнү окуп-үйрөнүү жана түшүнүү деңгээлдерин абдан төмөн катары баалашат.
Жогорку окуу жайлардын деңгээлинде окутуу системасынын потенциалын баалоо "жашыл" экономика принциптерин тармактык программаларга интеграциялоо боюнча окутуунун зарылдыгын айгинеледи. Жалпысынан университеттер "жашыл" экономика менен байланышкан окутуу үчүн базалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул көптөгөн университеттер азыр эле "жашыл" экономика менен байланышкан темалар боюнча курстарды жана даражаларды сунуш кылып жаткан фактылардан көрүнүп турат. Ошол эле убакта жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу менен байланышкан даражалар боюнча жогорку билим берүү системасындагы гранттык орундардын саны кийинки убактарда суроо-талаптын жоктугунан улам кыскарууда. Бул мамлекеттик башкаруунун керектөөлөрүнүн, университеттик системанын иштешинин жана студенттердин кызыкчылыктарынын ортосундагы дал келбөөчүлүктү көрсөтүп турат. Талдоо ошондой эле жаңы иштеп чыгууларга жана илимий жетишкендиктерге ылайык университеттик программаларды жаңылоонун жана кайра кароонун зарылдыгын көрсөттү.
Жеке менчик секторундагы өндүрүштүн жогорку ресурстук сыйымдуулугунун, ошондой эле республиканын ишканаларынын арасында "жашыл" бизнестин үлүшүнүн төмөндүгүнүн негизги себептеринин бири ушул жааттагы билим деңгээлинин төмөндүгү болуп саналат.
Республикада турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү деңгээлинин төмөндүгү жана калк арасында "жашыл" экономика жөнүндө маалыматтуулуктун начардыгы белгиленет. Бул экосистеманын жогорку деңгээлде булгануусуна жана үй чарбаларынын кирешелерин натыйжасыз пайдаланууга алып келүүдө.
Жалпысынан "жашыл" экономика принциптерин киргизүү көп тармактардагы башкаруунун ар кандай деңгээлиндеги мамлекеттик кызматкерлердин билиминин болуусун жана кайра окутууну, ошондой эле окуу программаларын жана илимий методдорду жаңылоону, ошондой эле калктын жана бизнес-коомчулуктун жалпы маалымдуулугун жогорулатууну талап кылат. Ушуга байланыштуу адамдык потенциалды жакшыртуу боюнча аракеттер ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге, билим берүү уюмдарына (жогорку окуу жайларына жана мектептерге), ошондой эле калкка жана бизнес-коомчулукка багытталат.
Милдеттер. Мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу үчүн өнүктүрүү программаларына туруктуу өнүктүрүү жана "жашыл" экономика принциптерин киргизүү боюнча калктын жана бизнес-коомчулуктун жетиштүү деңгээлдеги маалымдуулугунда төмөнкү милдеттер аныкталды: 1) "жашыл" экономика маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу; 2) "жашыл" экономика жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында заманбап билим берүү үчүн жогорку окуу жайларынын потенциалын жогорулатуу; 3) "жашыл" экономиканын пайдалуулугу жөнүндө бизнес-коомчулуктун, туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүү маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
1) "Жашыл" экономика маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу.
"Жашыл" экономиканын маанилүүлүгү жана өнүктүрүүнүн стратегиялык документтеринде "жашыл" экономиканын узак мөөнөттүү көрө билүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө билимди жогорулатуу үчүн чечим кабыл алган адамдар үчүн шарттарды камсыздоо.
"Жашыл" экономика принциптерин киргизүү үчүн чечим кабыл алган адамдар улуттук өнүгүү программаларына "жашыл" экономика принциптерин киргизүүнүн шексиздигин жана артыкчылыктуулугун түшүнүүлөрү керек. Ушул милдеттин алкагында "жашыл" тематика боюнча эл аралык жана жергиликтүү ар кандай форумдарда чечимдерди кабыл алган адамдардын катышуусу пландалган.
"Жашыл" экономика принциптерин өнүктүрүүнүн тармактык программалары менен байланыштыра алуулары үчүн жогорку звенодогу мамлекеттик кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу.
Ушул милдеттин алкагында "жашыл" экономика максаттарын тармактык программаларга интеграциялоо жөндөмү боюнча билим жана көндүм деңгээлдерин жогорулатуу каралган. Бул милдетти ийгиликтүү аткаруу тармактык максаттарды түзүүгө жана өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына "жашыл" экономика принциптерин киргизүү үчүн тоскоолдуктарды аныктоого мүмкүндүк берет.
"Жашыл" экономика жаатындагы программаларды иштеп чыгуу, киргизүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн орто звенодогу мамлекеттик кызматкерлерди техникалык көндүмдөргө окутуу.
Бул милдет тармактык программаларды иштеп чыгуучу жана киргизүүчү мамлекеттик кызматкерлердин техникалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган;
2) "Жашыл" экономика жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында заманбап билим берүү үчүн жогорку окуу жайларынын потенциалын жогорулатуу.
"Жашыл" экономика жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында заманбап билим берүү үчүн жогорку окуу жайларынын потенциалын жогорулатуу.
Бул милдеттердин алкагында эл аралык стандарттарга ылайык жогорку окуу жайларынын окутуу программаларын жаңылоо, моделдештирүү боюнча окутууну киргизүү, жогорку окуу жайлары менен тармактык министрликтердин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, эл аралык өнөктөрдүн катышуусу менен изилдөөчүлүк потенциалды жогорулатуу пландаштырылууда;
3) "Жашыл" экономиканын пайдалуулугу жөнүндө бизнес-коомчулуктун, туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүү маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы илгерилетүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик сектордун, жеке менчик жана жарандык коомчулуктун жана массалык-медианын маалымдуулугун жогорулатуу жана потенциалын арттыруу.
Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы илгерилетүү жана өнүктүрүү, өлкөдө "жашыл" технологияларды жылдыруу маселелери боюнча ("жашыл" экономика боюнча форум аркылуу ж.б.) мамлекеттик- жеке диалог аркылуу ар жылдык адистештирилген платформалардын жумушун камсыздоо.
Бардык эл аралык (финансылык) уюмдардын, өнөктөрдүн ортосунда Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы илгерилетүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча координациялоону камсыздоо.
Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы илгерилетүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча бардык тартылган мамлекеттик органдардын ортосунда координациялоону камсыздоо.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- "жашыл" экономика жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик кызматкерлердин потенциалы жогорулатылган;
- "жашыл" экономика маселелери боюнча бизнес-коомчулуктун жана жарандык сектордун маалымдуулугу жогорулатылган;
- "жашыл" экономика жана туруктуу өнүктүрүү маселелери жогорку окуу жайларынын окуу программаларына киргизилген;
- Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы илгерилетүү жана өнүктүрүү, өлкөдө "жашыл" технологияларды жылдыруу маселелери боюнча мамлекеттик-жеке диалог боюнча адистештирилген платформа түзүлгөн.
IV. Программаларды ишке ашырууну башкаруу
Мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлиндеги күчтүү жетекчилик жана натыйжалуу башкаруу сунушталып жаткан реформаларды ийгиликтүү илгерилетүүнүн маанилүү шарты болуп саналат. Натыйжалуу башкаруу, аларга жетишүү үчүн келечектеги максаттарды жана стратегиялык жолдорду аныктоодо Программаны ишке ашыруу процессине тартылган бардык тараптардын ишин так координациялоо системасы зарыл. Мамлекеттик башкаруу системасынын деңгээлинде Программаны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш- чараларды жана шарттарды так жана туура түшүнүү керек.
Иштерди координациялоо дегенде Программаны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана жеке менчик сектордун макулдашылган иш-аракеттерине алып келүүчү туруктуу коммуникация, натыйжалуу байланыштар деп түшүнсө болот. Координациялык механизм субъекттердин өз ара мамилелерин координациялоого жана "жашыл" экономиканын принциптерине негизделген, туруктуу өнүгүүгө багытталган жалпы стратегиялык максаттарга жетишүү үчүн аларды комплекстүү башкарууга мүмкүндүк берүүчү иш-аракеттердин жана инструменттердин жыйындысын билдирет.
Каралган милдеттерди орундатууга жетишүү натыйжалуулукту жана туруктуулукту жогорулатууга багытталган координациялоо механизмин киргизүүнүн зарылдыгын шарттайт. Туруктуу аракеттеги аянтчалардын жана жумушчу топтордун алкагында бийликтин, бизнестин жана коомдун ийкемдүү өз ара аракеттенүү механизмин пайдалануу менен башкаруунун ыңгайлуу системасы түзүлөт.
Программаны ишке ашырууну координациялоо үчүн "Жашыл" экономика боюнча координациялык комиссия түзүлдү. Координациялык комиссиянын төрагасы болуп финансы-экономикалык жана инвестициялар блогун тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министри аныкталды. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдардын, бизнестин, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Комиссиянын жыйыны жылына 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Программаны ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр:
- бүткүл өлкөнүн масштабында Программаны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо;
- Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгын баалоо;
- маанилүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча "жол карталарын" бекитүү.
Мамлекеттик башкаруу системасынын бардык деңгээлинде ыкмалардын жана аракеттердин бирдиктүүлүгү боюнча Программанын негизги маселелери комиссиянын кароосуна киргизилет.
Программанын ишке ашырылышын ыкчам башкаруу жана мониторингдөө үчүн ведомстволор аралык координациялоонун деңгээлинде "жашыл" экономика боюнча ведомстволор аралык координациялык топ түзүлөт. Ведомстволор аралык координациялык топтун төрагасы болуп "жашыл" экономика маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары эсептелет. Ведомстволор аралык координациялык топтун курамына Программаны ишке ашырууга түздөн-түз тартылган мамлекеттик органдардын, бизнестин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген. Ведомстволор аралык координациялык топтун жыйындары кварталына 1 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык координациялык топтун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Программаны ишке ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыздоо;
- Программаны ишке ашыруу процессинин үзгүлтүксүздүгүн, ишин улантуучулугун жана бүтүндүгүн камсыздоо;
- Программанын максаттарына жетүүсүнүн натыйжалары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле кайра байланышты камсыз кылуу максатында бардык кызыкдар тараптар менен коммуникацияны камсыздоо.
Ведомстволор аралык координациялык топтун жыйындарында жылына 2 жолудан кем эмес Координациялык комиссиянын деңгээлинде кароо үчүн маселелер даярдалат.
"Жашыл" экономика боюнча координациялык комиссиянын жыйындарында коомчулуктун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн ар жылдык альтернативалык баяндамалары жана комиссиянын аналитикалык баяндамалары Программаны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоонун механизми болот. Ар жылдык баяндамаларды өткөрүүнүн механизмдери жана жол-жоболору Программаны ишке ашыруунун башында иштелип чыгат.
Программаны ишке ашыруунун координациялоо бөлүгүндө Координациялык комиссиянын катчылыгы катары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин функциялары:
- Координациялык комиссиянын жыйындарына берүү үчүн отчетторду үзгүлтүксүз даярдоо жана Программанын ишке ашырылышын мониторингдөө максатында маалыматтарды жыйноо жана талдоо;
- программанын натыйжалуулугун жана таасирин баалоо;
- Комиссиянын чечимдерин ишке ашырууну камсыздоо;
- Программаны ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоо маселелерин координациялоого көмөктөшүү;
- Программаны ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөрдүн иштерин координациялоо.
Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун, таасирин баалоо максатында Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ар квартал сайын Программанын аткарылышы тууралуу маалыматтарды беришет. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Координациялык комиссияга жана Кыргыз Республикасынын Аппаратына Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматтарды берет.
(1) Regulatory Indicators For Sustainable Energy, A Global Scorecard for Policy Makers, 2017 International Bank for Reconstruction and Development/The World Bank, Sudeshna Ghosh Banerjee, Alejandro Moreno, Jonathan Sinton, Tanya Primiani, Joonkyung Seong.
(2) https://data.worldbank.org/indicator/eg.elc.loosszs.
(3) IEA ETSAP - Technology Brief E12 - April 2014, https://iea-etsap.org/E-TechDS/PDF/E12 el-t&d_KV Apr2014_GSOK.pdf.
(4) Т.н.э - мунайзат эквивалентинин тоннасы.
(5) The 2018 International Energy Efficiency Scorecard, Fernando Castro-Alvarez, Shruti Vaidyanathan, Hannah Bastian, and Jen King, June 2018, Report I1801, American Council for an Energy-Efficient Economy.
(6) The 2018 International Energy Efficiency Scorecard, Fernando Castro-Alvarez, Shruti Vaidyanathan, Hannah Bastian, and Jen King, June 2018, Report I1801, American Council for an Energy-Efficient Economy.
(7) "Кыргыз Республикасындагы энергетика тармагындагы реформалар жөнүндө калктын маалымдуулугун изилдөө", M-Вектор, 2017-жыл.
(8) Суу, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугунун өз ара байланышкан улуттук көрсөткүчтөрүнүн системасын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жардам, Галина Самохлеб - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Абдыбай Жайлобаев, О.Мурзагатов, Башкаруу жана редакциялоо: Орозбаева Каныкей - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, 2017-жылдын долбоору.
(9) A Guidance Manual for Green Economy Indicators, UNEP, http://www.un-page.org/files/public/content-page/unep_indicators_ge_for_web.pdf.
(10) Кыргыз Республикасындагы аялдар жана эркектер, статистикалык жыйнак, 2017.
(11) Коомду аңдап кабыл алуудагы гендер. Бишкек, 2016.
(12) Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУ алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү улуттук билдирүүсү - Б.: "Эль Элион" ЖЧК, 2016. - 274-б.
(13) Орто Азиядагы сугат. Аквастат изилдөөсү - 2012. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Рим, 2013.
(14) Экологиялык иштин натыйжалуулугуна обзор. Кыргызстан, БУУ, Нью-Йорк жана Женева, 2009. - http://www.nature.kg/images/files/Kyrgyzstan%20II%20ru.pdf.
(15) Климаттык өзгөрүшү жөнүндө БУУ алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү улуттук билдирүүсү - Б.: "Эль Элион" ЖЧК, 2016. - 274-б.
(16) UNIDO (2011), UNIDO Green Industry, Policies for supporting Green Industry.
(17) https://pub.iges.or.jp/pub/application-sdgs-air-pollution.
(18) Environmental Performance Index (2018), Environmental Performance Index, Yale University Center for International Earth Science Information Network, Columbia University.
(19) UNIDO (2017), Diagnostic for the Programme for Country Partnership (PCP), The Kyrgyz Republic, Building a competitive manufacturing base for strong and inclusive growth. Vienna: UNIDO
(20) Atadjanov Sabir, T. N. (2012). The National Report on the state of the environment of the Kyrgyz Republic for 2006-2011. Bishkek: The Government of the Kyrgyz Republic, the SAEPF, UNDP-UNEP.
(21) Kyrgyzstandart. (n.d). Quality management. Retrieved September 28.2018. from The Center for Standardization and Metrology: http://www.nism.gov.kg/menedzhment-kachestva.html.
(22) ADB. (2018). A Diagnostic Study of Kyrgyz Republic’s Free Economic Zones and Industrial Parks. Manila: Asian Development Bank.
(23) https://www.unece.org/fileadmin/DAM/energy/se/pdfs/gee21/projects/FinalReport_KG.pdf.
(24) "КРда энергияны үнөмдөө" ОЭЖМК презентациясы.
(25) http://www.kyrseff.kg.
(26) БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюму, "Tourism Highlights 2018 edition".
(27) Токой агенттиги менен Экотехинспекциянын 2018-жылдагы биргелешкен иши.
(28) http://www.ecology.gov.kg/public/images/file_library/201805251452046.pdf.
(29) 2016-жылга маалыматтар.
(30) https://www.climatebonds.net/.
(31) Климаттык баалуу кагаздар - бул "жашыл" долбоорлорду эле эмес, климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын жоюу (жумшартуу) боюнча долбоорлорду да каржылоо үчүн чыгарылуучу баалуу кагаздар.
(32) https://www.climatebonds.net/.
(33) G20 Green Finance Study Group G20 Green Finance Synthesis Report, 15.07.2016.
(34) https://www.unpri.org/.
(35) https://www.unpri.org/.
|
| 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасына тиркеме |
Терминдер жана аныктамалар
"Жашыл" экономика | Бул бир эле убакта айлана-чөйрө үчүн кооптуулуктарды олуттуу төмөндөтүү менен жаратылыш капиталын сактоочу жана көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоону өбөлгөлөөчү, адамдардын бакыбаттуулугунун жогорулашына жана социалдык адилеттүүлүктүн чыңдалышына алып келүүчү экономика |
"Жашыл" энергия | Кайра жаралуучу энергия, экологиялык жоопкерчилик менен өндүрүлгөн же пайдаланылуучу энергия |
Кайра жаралуучу энергия | Керектелгенге караганда орду тез толуучу, айлана-чөйрөдө такай болуп жаткан процесстерден алынуучу энергия. Күн, шамал, геотермалдык, гидрологиялык жана биомассалардын айрым түрлөрү энергиянын кайра жаралуучу таралган булактары болуп саналат |
Энергетикалык коопсуздук | Энергетикалык ресурстарга алгылыктуу баада үзгүлтүксүз жетүүнү камсыздоо |
Туруктуу сатып алуулар | Уюм товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө, жумушка жана техникалык каражаттарга болгон өзүнүн керектөөлөрүн пайдалануунун бардык мезгилинде баанын жана сапаттын өз ара катышы уюмдун өзүнө гана эмес, ошол эле убакта айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу менен жалпысынан коомго жана экономикага да пайдалуу болгудай канааттандырган процесс |
Туруктуу/"жашыл" мамлекеттик сатып алуулар | Мамлекет товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сарамжалдуу сатып алган, ал айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин минимумга түшүргөн, ошондой эле экономикалык жана социалдык факторлорду өзүнө камтыган процесс |
Экологиялык сертификация | Адам жана айлана-чөйрө үчүн коопсуздуктун (продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, сапат системаларынын жана ишканалардын) улуттук жана эл аралык стандарттарга, ченемдик техникалык документтерге шайкештигин ырастоо |
Туруктуу өнүктүрүү | Экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр процесси, мында жаратылыш ресурстарын пайдалануу, инвестицияларды багыттоо, илимий-техникалык өнүгүүнүн багытталуусу, инсанды өнүктүрүү жана институттук өзгөрүүлөр бири-бири менен макулдашылат жана адамдын керектөөлөрүн жана умтулууларын канааттандыруу үчүн учурдагы жана келечектеги потенциалды чыңдайт |
Коомчулукка негизделген туризм (КНТ) | Туризмдин формасы, мында жергиликтүү жамаат олуттуу контролдоого ээ болот, аны өнүктүрүүгө жана башкарууга катышат, артыкчылыктардын олуттуу бөлүгү жамаатта калат |
Өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилиги | Продукция келтирген зыян үчүн жоопкерчиликти анын өндүрүүчүсүнө жүктөө менен жана өзгөчө продукция өзүнүн керектелүү касиетин жоготкондон кийин түзүлгөн калдыктар менен иштөөнүн бардык этаптарында, продукциянын бүтүндөй циклинде анын айлана - чөйрөгө тийгизген таасирин төмөндөтүүгө багытталган стратегия |
Продукциянын бүтүндөй цикли | Коомдун белгилүү бир продукцияга керектөөсү аныкталган учурдан тартып бул керектөөлөрдү канааттандырганга чейинки жана бул продукция өзүнүн керектелүү касиеттерин жоготкондон кийинки аткарылуучу процесстердин жыйындысы |
Туруктуу каржылоо | Айлана-чөйрөгө басымды төмөндөтүүдө, калдыктарды минималдаштырууда жана жаратылыш ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда экономикалык өсүштү колдоого багытталган каржылоо. Туруктуу каржылоо ошондой эле маалымдуулуктун жогорулатылган деңгээлин жана финансылык системанын абалына таасир этүүсү мүмкүн болгон кооптуулуктардын ачык- айкындыгын, ошондой эле талаптагыдай башкаруунун жардамы менен финансылык жана корпоративдик субъекттердин кооптуулугун кыскартуунун зарылдыгын камтыйт |
"Жашыл" дем берүүлөр | Бул продуктуларды жабдууларды жана адамдын ишинин экологияга тийгизген терс таасирин минималдаштыруучу жана азайтуучу жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну өбөлгөлөөчү системаларды өндүрүүнү жана керектөөнү жүйөлөштүрүүчү дем берүүлөр |
"Жашыл" фискалдык саясат | Мамлекеттик бюджеттин пайдаларын жана чыгымдарын экономикага "жашыл" экономика принциптерин киргизүү үчүн инструмент катары пайдалануу жагында мамлекеттин экономикага кийлигишүү саясаты |
"Жашыл" фискалдык инструменттер | Субсидия, салыктык жеңилдиктер, экологиялык төлөмдөр ж.б. сыяктуу "жашыл" өсүүгө багытталган фискалдык инструменттер |
"Жашыл" өсүш | "Жашыл" экономикага өтүүдө пайда болуучу өсүштүн потенциалын пайдалануу менен жаратылыш активдеринин санына жана сапатына таасир тийгизбестен, максималдуу экономикалык өсүштү жана өнүгүүнү камсыздоо. "Жашыл" өсүш мында жаратылыш активдери ресурстар жана экологиялык кызмат көрсөтүүлөр бойдон калуусун камсыздоо менен экономикалык өсүштү жана өнүгүүнү өбөлгөлөө каражатын билдирет. Бул үчүн ал инвестициялардын жана инновациялардын катализатору катары кызмат кылышы керек, ал туруктуу өсүүнүн негизине жатат жана жаңы экономикалык мүмкүндүктөрдүн пайда болушуна алып келет |
"Жашыл" субсидиялар | Бул жаратылышты коргоо долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн өндүрүштүк-чарбалык жана ишкердик субъекттери финансылык жардам берүү үчүн пайдаланылуучу инструмент. Өзүнө салыктык жеңилдиктерди, жеңилдетилген зайымдарды, төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууну, карыздарды кечүүнү камтыйт |
"Жашыл" салык | Экологиялык жактан таза эмес товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн керектөөчүлөр тарабынан төлөнүүчү салык. "Жашыл" салыктын максаты мындай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу менен байланышкан терс кесепеттердин ордун толтурууда турат |
"Жашыл" технологиялар | Продуктуларды, жабдууларды жана системаларды өндүрүү жана керектөө, ал адамдын ишинин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин минималдаштырат жана азайтат |
Экологиялаштыруу | Табигый ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү технологиялык, башкаруучулук жана башка чечимдердин системасын кыйшаюусуз жана ырааттуу киргизүү процесси |
Экологиялык төлөмдөр | Айлана-чөйрөнү булгаганы жана калдыктарды жайгаштырганы үчүн төлөмдөр (Айлана - чөйрөгө тийгизген терс таасири үчүн төлөм), бул жаратылышты пайдалануу менен байланышкан кандай гана болбосун иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан, жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардан алынат |
Органикалык айыл чарбасы | Айыл чарба өндүрүш системасы, анда айлана - чөйрөнү коргоого жана чарба жүргүзүүнүн табигый методдорун пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулат |
"Жашыл" өнөр жай | Экологиялык ченемдерди сактоо максатында булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуу жана эмгектин гигиенасын жана коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу, кендерден алынган отундун түрлөрүн кайра жаралуучу энергия менен алмаштыруу, жаңы экологиялык таза технологияларды киргизүү, уулуу заттарды пайдаланууну этабы менен токтотуу, ресурстарды бир кыйла натыйжалуу пайдалануу аркылуу экологияга өнөр жай процесстеринин тийгизген таасирин кыскартуу |