Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 11-ноябры № 4/1
Талаа-Булак айыл аймагындагы бала-бакчалардын жана мектептердин кышка даярдыгы жана жүргүзүлуп жаткан иштери жөнүндө
2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдык кѳрүүдѳ Талаа-Булак айыл аймагындагы бала-бакчалардын жана мектептердин кышка карата даярдыгы жана жүргүзүлуп жаткан иштери жөнүндө мектеп, бала-бакча башчыларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагындагы бала-бакчаларында жана мектептерде 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдык кѳрүү иштеринде алгылыктуу иштер жүргүзүлгѳнү белгиленсин.
2.Электр энергиясын пайдаланууда бѳлүнгѳн лимитти сактоо, имараттарды кѳмүр отунуна ѳткѳрүү аракеттерди кылуу багытында иш алып баруу жагы мектеп, бала-бакча башчыларына тапшырылсын.
3. Мектеп, бала-бакча башчылары отканаларда адам ѳмүрүнүн коопсуздугун сактоо, электр энергиясын, кѳмүрдү үнѳмдүү пайдалануунун чараларын кѳрүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы экономика, бюджет жана салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Н.Шарабидинов |