Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 11-ноябры № 4/2
Ветеринардык тейлөө адисинин калк арасында мал чарбасындагы, малдын жугуштуу оорулардын алдын алуу жана жүргүзүлуп жаткан иштери жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн “Мал чарба жана веттеринардык врач” адис Б.Чыналиевдин калк арасында мал чарбасындагы, малдын жугуштуу оорулардын алдын алууда жүргүзүлгѳн иштери жѳнүндѳ маалыматтын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн “Мал чарба жана веттеринардык врач” адисинин айыл аймагындагы малдын жугуштуу оорулардын алдын алуу уюштуруучулук иштери жолго койулганы белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы тѳртүлүк малдын жугуштуу ооруларын алдын алууну жакшыртуу жана бодо малдардын иденфикациялоо боюнча иштерди жүргүзүү аракеттер кѳрүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы, жер, айлана-чѳйрѳнү коргоо, сациалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Шарабидинов |