Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 11-ноябры № 4/3
Талаа-Булак айыл аймагында, кооптуу, социалдык жактан муктаж үй бүлөѳлөрдүн абалы жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагында, кооптуу, социалдык жактан муктаж үй бүлөѳлөрдүн абалы жөнүндө айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси А.Таалайбек уулунун маалыматтын угуп жана талкулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагындагы кооптуу, социалдык жактан муктаж үй бүлөѳлөр боюнча иш алып барууда айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси А.Таалайбек уулунун жүргүзгѳн иштери канаатандырарлык экени белгиленсин.
2. Кооптуу, социалдык жактан муктаж үй бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалга ѳтүшүнѳ жол бербөө боюнча алдын алуу иштери айыл аймагында жүргүзүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы, жер, айлана-чѳйрѳнү коргоо, сациалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Шарабидинов |