Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 21-декабры № 5/1
Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылдык китепканасын капиталдык ремонттон өткөрүү , металл тосмо менен тосуу жана кошумча курулуш куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан конкурстук негизде берилүүчү түрткү берүүчү грант менен “Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылдык китепканасын капиталдык ремонттон өткөрүү, металл тосмо менен тосуу жана кошумча курулуш куруу” үчүн Кочкор райондук шаар, курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан бүткөрүлгөн сметасы жөнүндө А.Нурманбетовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 28-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылдык китепканасын капиталдык ремонттон өткөрүү , металл тосмо менен тосуу жана кошумча курулуш куруу үчүн 2970000 (эки миллион тогуз жүз жетимиш миң) сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен өздүк салым үчүн 7% өлчөмүндө накталай 207 900 (эки жүз жети миң тогуз жүз) сом акча каражыты төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жолдошбек уулуна жана башкы бухгалтер М.Исраиловага тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Шарабидинов |