Загрузка документа…
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9/1
Cемиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовдун 2021-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2021-жылга карата жүргүзүлгөн иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовдун отчетун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө айыл ѳкмѳт башчысы Б.К.Акишовдун отчету “Канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Айтылган сын-сунуштар боюнча иш чара кабыл алынып, өз убагында аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: |
Б.Намазбек уулу |