Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9/2
Чекилдек айылындагы Айсулуу-К бала-бакчасынын айланасын тосуу боюнча Υлүштүк грантка жазылган долбоорго өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы Айсулуу-К бала-бакчасына дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен айланасын тосуу, балдар оюн аянтчасын салуу, навести жабуу жана сырткы ажаткан салуу жана бала-бакчанын сырткы дубалын, шыпты жылуулоо үчүн өздүк салым бөлүп берүү жѳнүндѳгү депутаттардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык- экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын негизинде Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳздүк салым үчүн 17,4 пайыз 516 200 (беш жүз он алты мин эки жүз) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен Чекилдек айылындагы Айсулуу-К бала-бакчасына дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен айланасын тосуу, балдар оюн аянтчасын салуу, навестин чатырын жабуу, сырткы ажаткан салуу, бала-бакчанын дубалын жылуулоо жана шыпты жылуулоо долбооруна 2022-жылдын бюджетине каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Б.Намазбек уулу |