Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9/7
Суу жээктеги жайыт жерине балык өстүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылынын тургуну Дүйшеналиев Дамирбек Арсы айылынын “Дренаж” участкасындагы жайыт жериндеги суу жээгине балык өстүрүүгө 0,40 га жер тилке сурап жазган арызынын негизинде айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесиин 1-пунктун жетекчиликке алып, Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылынын “Дренаж” участкасыдагы картографиялык чийме боюнча инвентар № 218, 219-контурларындагы суу жээгинде жайгашкан жайыт жерине балык өстүрүү үчүн Арсы айылынын тургуну Д.Дүйшеналиевге 0,40га жер тилкесин убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар” жөнүндө мыйзамына ылайык жайыт кыртышын бузууга алып келүүчү участоктордо -мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын эсептетип, жер пайдалануучунун эсебинен атайын эсеп счетко котортуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзамдаштыруу жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага: |
Б.Намазбек уулу |