Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9/8
Суу жээктеги жайыт жерине балык өстүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо айылынын тургуну Өмүралиев Талгар, Семиз-Бел айылындагы “Сары-Чат” аймагында жайгашкан суу жээктеги жайыт жеринен балык өстүрүүгө 0,60 га жер тилке сурап жазган арызынын негизинде айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесиин 1-пунктун жетекчиликке алып, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 09.04.2021-жылдагы № 01-13/215-аныктамасында Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу “Сары-Чат” аймагында картографиялык чийме боюнча инвентар № жок суунун жээгинде жайгашкан жайыт жеринен 0,20 га, суу алдындагы жерден 0,40 га, жалпы 0,60 га жер тилкесине балык өстүрүү үчүн Кара-Тоо айылынын тургуну Т.Өмүралиевге убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар” жөнүндө мыйзамына ылайык жайыт кыртышын бузууга алып келүүчү участоктордо -мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын эсептетип, жер пайдалануучунун эсебинен атайын эсеп счетко котортуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзамдаштыруу жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага: |
Б.Намазбек уулу |