Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 10/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин, 2022-жылга түзүлгөн иш пландарын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Сыдыковдун 2022-жылга түзүлгөн иш пландары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Түзүлгөн иш пландын негизинде кварталга бөлүп, тиешелүү туруктуу комиссиялар иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп аткаруу жагы Кеңештин жооптуу катчысы Д.Сыдыков өз милдетине алсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |