Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 11/2
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2022-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2023-2024- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VII - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2022-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 20 544,9 мин сомго, чыгашалар 19 891,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2022-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 20503,9 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 7 929,9 мин сом, теңдештирүү грант 12574,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2022-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Подох. салыгы- 3750 .0 миң сом
Ыктыярдуу патент салыгы- 250.0 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык- 5.0 миң сом
Транспорт салык- 612.0 миң сом
Огород салык- 410.0 миң сом
Айыл чарба жеринен салык- 638.5 миң сом
Айыл чарба эмес багыттагы салык-81,1 миң сом
Роялти- 5.0 миң сом
Лизенция- 180,0 миң сом
Жайыт акысы- 415.6 миң сом
ФПС аренда акысы- 352.7 миң сом
Атайын каражат- 1200,0 миң сом
Жергиликтүү маанидеги
Баары - 7 929,9 миң сом
- теңдештирүүчү грант- 12 574,0 мин сом.
Жалпысы- 20 503,9 мин сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 14 535,7 мин сом.
- агартуу тармагына- 3 657,9 мин сом
- маданият тармагына- 1 894,7 мин сом.
- жайыт 415.6 миң сом
Баары- 20 503,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 22 564,5 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 22564,5 миң сом суммасында, ошондой эле 2024-жылга киреше бөлүгү 22 739,2миң сом жана чыгымдар бөлүгү 22 739,2миң сом суммасында бекитилсин.
4. 2021-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Абдраимова, Ж.Романова, Ж.Дуйшөкулова А.Касмалиеваларга тапшырылсын.
5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековго жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |