Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 11/3
Кум-Дөбө айл аймагына караштуу “Кум-Дөбө” жана “Шамшы муниципалдыкишканаларынын 2022-жылга карата бюджеттерин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык ишканаларынын жетекчилери 2022-жылга карата бюджеттерин бекитүү жөнүндө “Кум-Дөбө” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун, “Шамшы” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Эсенканотун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Шамшы” Муниципалдык ишканасы 2022-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштанды чыгарууга түзгөн тариф бюджетинин киреше бөлүгү 937000 (тогуз жүз отуз жети миң) сом жана чыгыша бөлүгү 937000 (тогуз жүз отуз жети миң) сом болуп толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
2. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасы 2022-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштанды чыгарууга түзгөн тариф бюджетинин киреше бөлүгү 2726706(эки миллион жети жүз жыйрма алты миң жети жүз алты миң) сом жана чыгаша бөлүгү 2726706(эки миллион жети жүз жыйрма алты миң жети жүз алты миң) сом болуп толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
3. Жогорудагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Шамшы” “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканалардын 2022-жылга түзүлгөн бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, мыйзам чегинде иш жүргүзгөндүгү боюнча көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджеттик жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Чолпонкулов |