Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 22
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Жобонун долбоорун угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашыруу максатында тиркелген жобо бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы | Ж.Шадиманова |
| Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясында 2022-жылдын 14-апрели №22 сандуу токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашыруу максатында тиркелген жобо
1. Үйлөнүү той
-Кыздын колун суроодо бата тойго 5 адамдан ашык адам алып барбоо;
-Үйлөнүу тойдо нан тартуу токтотулсун;
-Эки жаштын ата-энесине (же анын ордун басуучу жалпы 4 адамга) гана женил түрдө сарпай кийгизүү (эки тараптын атаэнесинин макулдашуусуна ылайык көйнөк, жоолук, калпак, сырткы кийим) ;
-Келинге, куйөө балага, кудаларга килем салуу токтотулсун;
-Кыз көрдү, күйөө чакырды маарекелерде мал союу токтотулсун;
- 210 кг чейин уй этинин наркында сом менен кыздын калыңы төлөгөндөн кийин нике окулсун, 4 майда жандык, 50кг күрүч, 800 даана нан, 150 кг пахта берилсин;
-Кудаа сыйга эки тараптан келген коноктордун саны 30 дан ашпасын
-Алкоголдук ичимдиктерди коюга тыюу салынсын;
-Күйөө баланы тосуп алууда килем, себет берүү, жүк бузуу токтотулсун;
-Той үлпөтүн өткөрүүдө кафе, ресторандарда өткөрүлбөсүн, үйдө өткөрүлсүн;
-Конок берүү токтотулсун;
Эки жаш достору менен ЗАГСка 1 женил машина 1 бусик гана уюштуруп кафеде чай уюштурулсун, ашыкча адамдарды сыйлоо токтотулсун;
-Сый табак ата-энесине эле тартылсын,;
-Күйөө баланын үйүндө 2 майда мал, 800 нан, 50 кг күрүчкө чейин чектелип 1 күндүк той өткөрүлсүн, кадым пакет токтотулсун;
-Адия акчалай түрдө гана берилсин;
Сүннөт той
-Адия берүүчүлөргө өзүнчө мал союп сыйлоо токтотулсун;
-Суннөт той өткөрүүдө бир бодо мал же эки майда малга чейин союлсун;
-Тайатасы тарабынан бодо мал алып келүүсү токтотулсун;
-Дасторконго нан коюлуп,ар бирине нан тартууну токтотуу;
-Сарпайларды жеңил түрдө кийгизүү(сүннөткө отургузулган балага жана ата-энесине көйнөк,калпак,жоолук гана);
-Той болуп жаткан окуучу баланын классташтарын, мугалимдеринин тойго чакырып сыйлоо токтотулсун.
Бешик той
-Бешик берүүдө жаңы төрөлгөн балага ата-энесине гана жеңил түрдө; кийим (көйнөк,калпак,жоолук) бешик, коляска белекке берүү;
-Бешик берүүчү тараптан 10 дон ашык адам алып барылбасын;
Жентек той
-Жентек той жана бешик берүүдө өткөрүүдө 2 майда малга чейин гана союлсун.
-Бешик берүү жентек экөө бир күндө берилсин.
Маркумду узатуу
-Маркумду узатууда 3 кун аза күтүлгөн жерде мал союу токтотулсун;
-Алыстан келген меймандарды кошуналардын үйүндө,тууган уруктары, кошуналары женил түрдө тамак берип узатсын;
Аза күтүп тургандарга тон жабуу,кыйык байлоо,калпак берүү, аялдарга кездеме берүүнү токтотуу;
-Кырктык, бейшембилик, жылдык өткөрүүдө мал союуга тыюу салынсын;
-Суук маарекелерди өткөрүүдө бир айылда жашаган туугандарды маарекесин чектөө;
-Кудайысына 1мал союу;
-Башка айылдагы кызы пата кылса өзүнүн эсебинен кылсын;
Ажы умра тойлор
-Ажы умра тойлордо ажы аялдарга жана эркектерге тон жабуу көйнөк, калпак, жоолук кийгизүү токтотулсун;
-Ажы умра тойлордо элди чакыруу милдеттү эмес, ажылыкты куттуктап келүүчү конокторду сыйлоо зам зам суу жана курмага ооз тийгизүү, бир майда мал, 50 кг күрүч менен чектелсин;
-Ажы умра тойлордо тасби, топу, жайнамаз ж.б белектерди берүү токтотулсун.
-Ажы отуруш токтотулсун.
Даталуу майрамдар
Мектептердеги бала бакчалардагы акыркы конгуроо даталуу күндөр мугалимдерге жана башка ар кандай негизсиз иш чараларга акча чогултуу токтотулсун
Юбилейлер мектеп окуучулары жана студенттер тарабынан өтүүчү шеринелер токтотулсун.
Той маарекелердин баардык түрүнө материал (чүпүрөк) алып барууга тыюу салынсын.