Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 23
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына Тажибай уулу Бакытты бекитүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына Тажибай уулу Бакыт бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы | Ж.Шадиманова |