Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 24
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Жайыт акы жөнүндө сунушун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап жайыт акы тарифин бекитүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы шарттуу малдын башына жайыт акы 150 сом, ал эми башка айыл өкмөттөн келген малдарына 2 эсе өлчөмдө бекитилсин.
2. Чекене койчулардын айлык акысы ар бир майда мал(кой-эчки) 120 сом, ал эми бодо мал 800 сомдон бекитилсин.
3. Чекене койчулардын майда малынын(кой-эчки) саны Көличи жайытында 1100 дөн, андан тышкары жайыттарда 500 дөн ашпасын.
4. Жайыт билетсиз кеткен малдардын ээлерине тосмо бекетте кармалса шартуу мал башына 300 сом айып пул, башка айыл өкмөтү үчүн 2 эсе айып пул, ал эми малды ташып бараткан айдоочуга 2000 сом айып пул белгиленсин.
5. Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы маселелри боюнча комитетинин төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы | Ж.Шадиманова |